Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Кытай лидери Кыргызстанда


Кытай лидери Кыргызстанга 10-сентябрда келди, 11-сентябрь, 2013-жыл
Кытай лидери Кыргызстанга 10-сентябрда келди, 11-сентябрь, 2013-жыл

Бишкекте кыргыз-кытай сүйлөшүүсү болду. Кытайдын жаңы лидери Си Цзинпин Кыргызстанга алгачкы мамлекеттик сапар менен кечээ кечинде келген. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Си Цзинпин менен Алмазбек Атамбаев кеңири форматта, эки тараптын расмий делегацияларынын катышуусунда сүйлөштү.

Жолугушууда Алмазбек Атамбаев Кытай мамлекети Кыргызстан үчүн өтө ишенимдүү коңшу экенин айтты. Кыргызстан Кытайдын колдоосун ар дайым сезээрин, кытай тарап кыргыз экономикасын өнүктүрүүгө жардам берип жатканын кошумчалады.

Си Цзинпин эки өлкө ортосундагы мамилени мындан ары да бекемдей турганын билдирди. Кыргызстан менен Кытайдын тоосу-суусу бир экенин, дүйнөлүк жана аймактык саясатта талаша турган маселеси жок экенин белгиледи.

Жабык өткөн сүйлөшүү соңунда Алмазбек Атамбаев “Улуу Жибек жолу” аттуу экономикалык зона түзүү тууралуу сөз болгонун билдирди.

Ал арада Бишкекте кол коюлган эки тараптуу документтерди ишке ашыруу үчүн Кытай өкмөтү Кыргызстанга жалпысынан үч миллиард доллар бөлө турганын "Азаттыкка" экономика министри Темир Сариев билдирди.

Маалыматтарга караганда, сүйлөшүү маалында лидерлер Алмазбек Атамбаев жана Си Цзинпиндин катышуусунда тогуз документке кол коюлду. Алар: өкмөт аралык техника-экономикалык кызматташуу макулдашуусу, Кытайдан унаа алуу боюнча акт, Кыргызстан-Кытай газ куурун куруу боюнча макулдашуу, саламаттыкты сактоо жаатта кызматташуу боюнча өз ара түшүнүү меморандуму, Бишкектеги ТЭЦти оңдоо жана түндүк-түштүк унаа жолун куруу үчүн насыя алуу макулдашуусу, Кыргызстандын РСК- банкы менен Кытайдын Өнүктүрүү банкынын ортосунда 10 миллион доллар насыя алуу боюнча макулдашуу. Соңунда стратегиялык өнөктөш мамилесинин түзүлүшү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлду.

Кытай президенти Си Цзинпин баштаган делегациянын курамында 21 киши бар. Ал эми ШКУ саммитине Кытайдан 100 чакты өкүл келери кабарланууда.

Кытайдын президенти Си Цзинпин ШКУ саммитин утурлай Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырды. Ал буга чейин Түркмөнстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда болду. Си Цзинпин 2013-жылы 14-марттан тарта мамлекетти жетектей баштаган.

XS
SM
MD
LG