Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Кыргызстанга келип иштеген сырт мигранттардын 67 пайызын кытайлыктар түзөт. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына караганда, андан кийинки орунда Түркия, Орусия жана Түштүк Кореядан келген жарандар турат.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, өкмөт жыл сайын өлкөгө сырттан келген мигранттардын санын аныктаган токтом чыгарат. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тараткан маалыматка караганда, быйыл 12 990 чет элдик жаранга өлкө аймагында иштөөгө уруксат берилген. Аталган министрликтин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Доскул Бекмурзаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, алардын 67 пайыздан ашыгын кытайлыктар түзөт:

- Жыл сайын өкмөт бизге сырттан келе турган жумушчу күчтөрдүн санын бекиткен токтом чыгарат. Ал токтомго ылайык, биздин министрлик жумушчу орундарды бөлүштүрөбүз. Мисалы, 2010-жылы 12 990 квоталык орун бөлүштүрүлгөн. Анын 67,8 пайызы Кытайдын жарандары. Андан соң Түркия, Орусия жана Түштүк Кореядан келген жарандар турат.

Кытайлык мигранттардын көпчүлүгү өлкөдөгү “Дордой”, “Кара-Суу” сыяктуу ири базарларда эмгектенет. Ошондой эле эки өлкө биргелишип ишке ашырып жаткан Бишкек-Торугарт-Нарын жолун оңдоо, Кара-Балтадагы мунайды кайра иштетчү заводдун курулушу сыяктуу долбоорлордо эмгектенгендер да көпчүлүктү түзөт.

Өзгөндө иштеген кытайлык мигранттар, 9-январь, 2013-жыл

Өзгөндө иштеген кытайлык мигранттар, 9-январь, 2013-жыл

Мындай маалымат "жумушсуздук маселеси курч турган Кыргызстанда сырттан мигранттардын ордуна өз жарандарын жумуш менен камсыз кылууга болбойбу?" деген суроого жем таштады. Мындай маселени көтөргөндөрдүн бири, Нарындын Кочкор районундагы жергиликтүү активист Урматбек Шергазиев буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоого жергиликтүү жарандар жумушка алынбай жатат деген суроону көтөрүп келген. Анын айтымында, жолду оңдоп жаткан жумушчулардын дээрлик 80 пайыздан ашыгы кытайлык жарандар:

- Бизде бул жолдо иштейм деген жарандар абдан эле көп. Бирок иш бергендер аларды ишке орноштурбай жатпайбы. Биздин жарандар Орусияга барып, кор болуп жумуш издегенче ушул жерден эле жумуш издесе жакшы болбойт беле. Мен бул маселени көтөрүп, тиешелүү органдарга кайрылгам. Бирок эч бир жыйынтык чыкпай койду.

Кыргыз жарандары жеңилге качырабы?

Анткен менен чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстанда иш квотаны берүү боюнча Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин өз түшүндүрмөсү бар. Министрликтин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Доскул Бекмурзаевдин айтымында, Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоо сыяктуу долбоорлорго Кыргызстандын жарандарын тартууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок көпчүлүк учурда мындай жумушту оор деп жергиликтүүлөр өздөрү баш тартат:

- Андай жумуштарга биздин жарандардын иштешине деле мүмкүнчүлүк бар. Бирок биздин жарандар андай жумушка барып иштебейт. Көпчүлүгүбүз эле жайында Ысык-Көлгө бара жатып кытайлыктар таң эртеден туруп алып иштеп жүргөнүн көрсөк керек. Биздин жарандар бул жумушка караганда Орусияга кетип акча тапканды каалашат.

Нарын-Торугарт жолун оңдогондор

Нарын-Торугарт жолун оңдогондор

Дал ушундай эле жүйөнү Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун курулушун көзөмөлдөгөн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин эл аралык инвестициялык долбоорлор боюнча бөлүмүнүн башчысы Султан Сарбагышов да келтирип жатат. Анын айтымында, жергиликтүү тургундардын жол курулушунда аз болушунун өз себеби бар:

- Негизи, бул жолдун курулушунда атайын билимди талап кылган, квалификациялуу жумушчулардын 70 пайызын Кытайдан, 30 пайызын жергиликтүү тургундардан алуу каралган. Себеби компания өз техникаларын алып келген, аны башкарганды билиш керек. Жолдогу инженердик жумуштарды көзөмөлдөөсү керек. Ал эми атайын билимди талап кылбаган иштерге 70 пайызын жергиликтүү тургундар, 30 пайызын Кытайдын жарандары деп сүйлөшүлгөн. Бирок биздин тургундар жазында жумушка орношуп, жайында жумушум бар эле, жумушу оор экен деп кетип калып жатат. Ошондуктан компания жергиликтүүлөрдү жумушка алууга анча кызыкдар болбой жатат. Учурда бул жолдун курулушуна 60 пайызга жакын жергиликтүү тургундар иштеп жатат.

Айгүл Рыскулова

Айгүл Рыскулова

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча өлкөгө 20 миңге жакын кытайлык бар. Бирок байкоочулар иш жүзүндө алда канча көп деген маалымат айтылып келет. Мындан улам мурдагы миграция министри Айгүл Рыскулова кытайлык мигранттардын өлкөгө киргизүү тартибин өзгөртүү керек деген пикирде:

- Кытайлыктардын көпчүлүгү соода-сатыкта иштеп жатат. Негизи эл аралык эрежелерге ылайык, соода-сатыкта иштегендер мигрант деп саналбайт. Бирок бизде мигранттар катары квота берилип калган. Биз мурда бул тармакта жергиликтүү тургундар иштеши керек деген эки-үч жолу аракет кылып, токтом чыгарганбыз. Бирок ал токтом ошол кездеги өкмөт башчылар тарабынан эки айга жетпей кайра четке кагылган. Ошондуктан бүгүн деле өкмөттөгү тиешелүү органдардын башын кошуп, муну көзөмөлгө алуу керек.

Кыргызстан жумушсуздук маселеси оор турган мамлекеттердин катарында турат. Расмий маалыматтар боюнча 2012-жылы Кыргызстанда экономикалык активдүү жарандардын 10 пайызы же 212 миң адам жумушсуз деп катталган. Бул тармакта адистешкен эксперттердин пикиринде, бул сан кыйла төмөндөтүлгөн.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG