Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:12

Кыргыз ишкер Кытайда мусапыр болуп калды


Кытайдын Үрүмчү шаарында документи жоголуп, барар жери жок калган Кылычбек Мергенбаев мекенине кайтуу үчүн 38 миң сом айып төлөөгө мажбур.

Бирок Мергенбаевдин мындай каражатты төлөгөнгө шарты жок. Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчүдөгү өкүлчүлүгү бул жаранды жакын арада Кыргызстанга кайтарыша турганын маалымдады.

Үрүмчүдө паспортсуз калган кыргыз

Ысык-Көл облусуна караштуу Кажы-Сай айылынын 50 жаштагы тургуну Кылычбек Мергенбаев ишкерчилик менен мындан үч жыл мурун Кытайдын Үрүмчү шаарына барып, документин жоготуп койгонун, анын айынан мекенине кайта албай жүргөнүн декабрдын акырында кабарлаган элек. Бирок ал ушул тапта Кытайдан Кыргызстанга келүү үчүн 5 миң юань төлөөгө мажбур болууда.

Кытай мамлекетинин мыйзамы боюнча визасыз жүргөнү үчүн чет элдик жарандар 5 миң юань, же кыргыз акчасына которгондо 38 миң сом айып пул төлөшү зарыл.

Кылычбек Мергенбаевге көмөк көрсөтүп келаткан Майрамбек Бакасов Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгү көмөк көрсөтүп жатканын, бирок айып пул төлөөгө Мергенбаевдин шарты жоктугун билдирди:

- Өкүлчүлүк "шаршемби күнү документтериңерди алып келип беребиз, бирок дагы 5 миң юань бересиңер, ошондо калган документтерди бүтүрүп беребиз" деп жатат. Бул кишиде 5 миң эмес, 5 юань жок. 5 миң юань 38-39 миң сом болот. Ал түгүл тамак ичкенге акчасы жок. Тамагын бул жакта балдар бир ашканага акчасын төлөп, сүйлөшүп коюшкан.

Майрамбек Бакасов Кытайдын түндүк-чыгышындагы Шинжаң уйгур автоном районундагы Тышкы иштер министрлигинин өкүлчүлүгү Кылычбек Мергенбаевдин тагдырына кош көңүл мамиле кылып жатат деп эсептейт.
Бул кишиде 5 миң эмес, 5 юань жок. 5 миң юань 38-39 миң сом болот. Ал түгүл тамак ичкенге акчасы жок.

Мекенине 2008-жылдан бери келе албай жаткан Кылычбек Мергенбаев менен байланышканыбызда, ал жүүнү бош буларды айтты:

- Мен документимди жасап, анан кетем. Бүгүн ага барыш керек. Жардам беребиз деп жатат, бир адамдар бар, Кулжадан, Кытай кыргыздары. Тамак аш жакшы. 5 миң юань айып төлөш керек. Аны кантип төлөрүмдү билбейм, ойлонуп жатам. Кулжалык, алматылык адамдар бар, жардам беребиз деген.

Мергенбаев Кыргызстанга жөнөтүлөт

Анткен менен Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчүдөгү виза бөлүмү айтылган дооматтарды четке кагып, “Мергенбаевге кайрылган күндөн тарта жардам берип жатабыз” деп билдирди. Өкүлчүлүктүн башчысы Азат Эркебаев буларга токтолду:

- 28-декабрда бул киши кайрылган кезде аны кабыл алгам. Мындай абалда эмне кылыш керектигин жана Кыргызстанга кетүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин түшүндүргөм. Ошондой эле документтерин топтоп, Бээжиндеги элчиликке жөнөткөнбүз. Ошонун негизинде Кылычбек Мергенбаевди Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилерине аз гана калды.

Ошентсе да Үрүмчүдө эмгектенген кыргыз жарандары Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчүдөгү өкүлчүлүгүнүн, анын жетекчилигинин ишине нааразы болуп, жарандардын көйгөйлөрүн чечпейт деп сынга алышууда. Азат Эркебаев бардык кыргызстандыктарга өз учурунда жардам көрсөтүп жатканын айтып, жарандарды да чет өлкөгө чыкканда жоопкерчиликтүү болууга чакырды:

- Казакстан, Орусия, Кытай, Түркия жана Англияда биздин жарандар көбөйүп калды. Кайсы жерде көп болсо, ошого жараша көйгөйлөр да арбын болот экен. Паспортун жоготуп, же уурдатып койгон кезде ошол замат кайрылыш керек. Анан кайрылбай, "өзүм чечип алам" деп жүрүп, 2-3 жылдан кийин кайрылса, адамдар өздөрүнүн да жоопкерчилигин жана күнөөсүн сезиши керек деп ойлойм.

Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөдөгү айрым өкүлчүлүктөрүнүн ишмердүүлүгүнө да буга чейин дооматтар айтылган. Бирок анын көбүн аталган министрлик четке кагып келүүдө.

XS
SM
MD
LG