Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Үрүмчүдө карайлаган кыргыздар


Кыргыз жараны Кылычбек Мергенбаев 2009-жылдын июлунда Үрүмчүдөгү кытай-уйгур тополоңу учурунда паспортун жоготуп алып, ошондон бери Кыргызстанга кайта албай жүрөт.
Кыргыз жараны Кылычбек Мергенбаев 2009-жылдын июлунда Үрүмчүдөгү кытай-уйгур тополоңу учурунда паспортун жоготуп алып, ошондон бери Кыргызстанга кайта албай жүрөт.

Кытайдын Үрүмчү калаасында үч-төрт жылдан бери мекенине кайта албай, көрүнгөн эшикти каккылап жүргөн кыргызстандык жарандар бар.

Алардын көптөрүнүн жашаган жерлери жок, айрымдары селсаяк абалында.


Үрүмчүдөн үн каткан кыргыздар

Азыр Кылычбекти Кыргызстан консулдугуна өткөрүп бергенден башка айла жок болуп калды. Бул жактагы кишилер аны карабай калды, күн болсо суук, эшикте калса тоңуп өлүп калат...
Майрамбек Бакасов

Ысык-Көл облусуна караштуу Кажы-Сай айылынын 50 жаштагы тургуну Кылычбек Мергенбаев үч жылдан ашуун убактан бери Үрүмчүдөн Кыргызстанга келе албай жүрөт. Өзүнүн “Азаттыкка” айтканына караганда, ал Үрүмчүгө 2008-жылы жазында барган. Товар ташып, ишкерлик менен алектенчү экен. Кытай-уйгур тополоңу маалында документтерин жоготуп алып, ошондон бери мекенине кайта албай калыптыр.

- Мен 2008-жылы жазында келгемин. Паспортум жоголуп кеткен.

Кылычбек Мергенбаевдин Кыргызстанга келе албай жүргөнүн “Азаттыкка” Майрамбек Бакасов аттуу адам кабарлады. Анын айтымында, кытайлык кыргыз балдар Мергенбаевди үч-төрт айдан бери багып атышат. Айрым керек деген документтерин Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчүдөгү бөлүмүнө топтоп беришкен. Ошентсе да бул маселе үч айдан бери эле чечилбей келатыптыр.

- Туристтерди үйүндө бакканга Кытайдын мыйзамы уруксат бербейт экен. Азыр Кылычбекти Кыргызстан консулдугуна өткөрүп бергенден башка айла жок болуп калды. Бул жактагы кишилер аны карабай калды, күн болсо суук, эшикте калса тоңуп өлүп калат. Суук түшкөнү арактан башы чыкпай калгандыктан үйгө алып келип карап жатабыз. Бул жакта кыргыз балдардыкында жашап жаткан. Азыр алар дагы мындан артык карай албайбыз деп коркуп жатышат.

Бакасовдун айтымында, Кытайдын Үрүмчү калаасында ар кандай себептерден улам мекенине кайта албай жаткан кыргызстандыктардын саны өсүүдө. Алардын саны бери дегенде эле 20-30дан ашат.


ТИМ тим эле отурабы?


Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаевдин айтымында, Үрүмчүдөгү виза бөлүмү консулдук жумушту аткара албайт. Бирок Мергенбаевге жардам берүүнү колго алышарын Исаев “Азаттыкка” билдирди.

- Үрүмчүдөгү виза бөлүмү түздөн түз консулдук жумушту аткара албайт. Кытай тараптан андай укук берилген эмес. Ал эми Бээжиндеги элчилик консулдук жумушту аткарат. Бирок ошого карабастан Үрүмчүдөгү виза бөлүмү Кыргызстан жарандарына жалпы жардам бере алат. Жок дегенде эмне кылыш керек экенин айтып, маалымат бере алат. Ошондуктан кыргызстандык жаран азыр барсын, балдар күтүп атат, колдон келген жардамды беришет. Бээжиндеги элчилик менен байланышып, ошол жактан жардам беришет. Азыр ошондой тапшырма берилди.

Мындан соң Майрамбек Бакасов министрликтин Үрүмчүдөгү бөлүмү Мергенбаевге тикелей жардам бере албай турганын айтып, сыртка чыгарып салганын кабарлады.

- Кыргызстандын өкүлчүлүгүнө алып келип табыштасам, алар албайбыз деп жатышат. Менде да башка жол жок. "Жетекчилик жок, мен ала албайм, эч нерсени чече албайм", - дейт бул жерде иштеген бир өкүлү. Бул жакта ушундай адамдарга жардам берип, кабыл алуу үчүн өздөрүнүн мейманканалары бар. Ага чоң коноктор келсе кабыл алышат дагы, көчөдө калгандарды киргизбейт. Бир жолун таап, жардам берүү бул бөлүмдүн колунан келмек. Документтери болсо бир айдай убакытта келет экен. Ага чейин тоңуп өлүп калса эмне болот?

Мергенбаев зарыл документтерин ТИМдин Үрүмчүдөгү бөлүмүнө тапшырганын “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, аталган бөлүмдүн өкүлдөрү жаңы жыл майрамдарынан кийин мекенине кайтаруу боюнча кагазды даярдап берүүгө убада кылышкан. Бирок ага чейин Мергенбаев кайда жана кантип жашары белгисиз.

Демек ал дагы эле баягы кытайлык кыргыздардын эшигин каккылайт, же кыштын кыраан күндөрүндө көчөдө калат...

XS
SM
MD
LG