Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:30

Кыргызстанда кытай жарандарынын саны арбып баратканы, алардын көбү мыйзамсыз жүргөнү Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутаттар Кытайдын жылма экспансиясы күчөгөнүн айтып, анын арты Кыргызстанды бул өлкөгө көз каранды кылат деп коңгуроо кагышууда.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Республика” фракциясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров кытай жарандары мыйзамсыз жолдор менен Кыргызстанда көбөйүп жатканын бейшемби күнү парламент жыйынында айтып чыкты. Депутат айрым такталбаган маалыматтарда алардын саны 100 миңден ашат деп билдирди.

- Канча бир акчаны беришсе, алар тоскоолдуксуз эле келишет экен. Бизде чет өлкөлүк жарандарга иштөөгө квота берилет. Ал квотадан тышкары да келгенге мүмкүнчүлүк бар экен. Мунун баарын мен далили жок айткым келбейт. Бирок мен маалымат катары айтып койоюн, ошол нерселерди эске алып, текшертип койсоңуздар. Азыр билинбесе да, беш-он жылдан кийин мунун таасири тийип калышы мүмкүн.

Кытайлык кен казуучу Кайди ишканасы. Чоң-Алай, Ош облусу, 17-август

Кытайлык кен казуучу Кайди ишканасы. Чоң-Алай, Ош облусу, 17-август

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Алла Измалкованын айтышынча, кыргыз-кытай биргелешкен ишканаларда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой, жумушчулардын өзөгүн кытай жарандары түзүп жатат. Ал Бишкек-Торугарт жолундагы жана Кара-Балта шаарындагы мунай иштетүүчү заводдогу жумушчуларды жүйө кармап, “Кара-Балтада кытайлар ушунчалык көп болгондуктан, кээде өзүңдү Үрүмчүдө жүргөндөй сезесиң” деп сыпаттады.

- Мени Кыргызстан Кытайдын көзүн караган мамлекетке айланабы деген суроо тынчсыздандырат. Биздин кошуна келечекте дүйнөдө кандай орунду ээлегиси келип жатканын баарыбыз билебиз. Эгер баары ушундай жол менен кете берсе, баарыбыз кытай тилин үйрөнгөнгө мажбур болобуз...

Кытайлар курулушта да арбыды

Кытай жарандары мурда "Дордой", "Кара-Суу" сыяктуу ири базарларда жана бир канча соода борборлорунда эмгектенишчү. Бирок акыркы жылдары Кытай компаниялары Кыргызстандагы бир катар ири долбоорлорду ишке ашырып жаткандыктан, алардын саны курулушта да өзгөчө көбөйгөн.

Мисалы, Бишкек-Торугарт жолунун, Кара-Балта мунай иштетүүчү заводдун курулушун, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы электр зымын тартууну кытай ишканалары жүргүзүп жатат. Мындан тышкары, тоо-кен тармагында да кытайлык ишкерлер арбыды.

Аларга жергиликтүү тургундар тарабынан нааразычылыктар да жок эмес.

Кыргыз-кытай биргелешкен алтын компаниясына каршы жергиликтүү элдин нааразылык митинги. Күрпүлдөк айылы, Чүй облусу

Кыргыз-кытай биргелешкен алтын компаниясына каршы жергиликтүү элдин нааразылык митинги. Күрпүлдөк айылы, Чүй облусу

​Кыргызстандын мыйзамдарында өлкөгө иштейм делген келген чет жерлик жаран жумушка уруксат кагазын алышы кажет. 2011-жылы Кыргызстан чет элдик жарандарга деп, 10 500 квота бөлсө, жогорудагы ири долбоолордон улам алардын санын быйыл дагы 2 миң адамга жогорулаткан.

Тышкы иштер министрлигинин Тышкы миграция департаментинин жетекчиси Куштар Айтматов жумушка уруксат алган чет элдик жарандарды санап берди.

- 2012-жылы жети айдын ичинде 5850 чет элдик жаранга Кыргызстанда иштөөгө уруксат берилген. Ошонун ичинен 4500 орун Кытай жарандарына туура келет. Түркия менен да мамилебиз жакшы. Ошондуктан экинчи орунда Түркия, алардын саны - 389 адам. Андан кийин Түштүк Кореянын жарандары- 1 35 адам. Андан соң Орусия турат.

Айтматов жумушка уруксат кагазы жок чет өлкөнүн жарандарын тартип коргоо органдары аныктап, миграциялык мыйзамдарды бузганына жараша чара көрүшү керек дейт.

- Буга тиешелүү органдар бар - милиция, УКМКнын кызматкерлери. Кайсы гана чет өлкөлүк жаран болбосун, Кыргызстанга келгенден кийин өзүнүн укуктары жана милдеттери бар. Эгер ошол милдеттерин аткарбай, жумушка уруксат алган документтери жок болсо, аларды миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн Кыргызстандан чыгарып жибергенге мүмкүнчүлүк бар.

Ал эми Кыргызстанда канча кытай жараны бар жана алар канчалык мыйзамдуу иштеп жүрүшөт деген сурообузга Кытай элчилигинен жооп ала алган жокпуз. Алар кайра бизге бул маселе боюнча Кыргызстандын тиешелүү органдарына кайрылууну сунушташты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG