Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Президент Атамбаев Европарламенттин өкүлдөрүн кабыл алды


Кабыл алуу учуру.
Кабыл алуу учуру.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 21-февралда Европарламенттин Ивета Григуле башында турган Борбор Азия өлкөлөрү жана Монголия менен кызматташуу боюнча өкүлчүлүгүн кабыл алды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Евробиримдиктин мындан аркы кызматташтыгы тууралуу сөз болду. Эл аралык жана аймактагы олуттуу маселелер боюнча пикирлер айтылды, саясий жана экономикалык реформалар, ошондой эле кийинки жылдары Кыргызстанда ишке ашырылган демократиялык өзгөрүүлөр, анын ичинде өзгөртүлгөн Конституция талкууланды.

Мындан тышкары президент Алмазбек Атамбаевдин Евробиримдикке жасаган сапарынын жыйынтыктары жөнүндө да сөз болуп, Атамбаев европалык лидерлердин толук түшүнүүсүн жана колдоосун тапкандыгын белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда быйыл боло турган президенттик шайлоо тууралуу да айтылды. Мамлекет башчы Кыргызстанда шайлоо таза жана ачык өтүп жатканын, алардын жыйынтыктары жарандардын шектенүүсүн туудурбасын баса белгиледи.

Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Европа парламентинин беш депутаты үч күндүк сапар менен 20-февралда Бишкекке келишкен. Алар эки тараптуу кызматташтыкка арналган парламенттер аралык жыйынга катышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG