Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айыл өкмөтүнүн тургундары кытайлык компанияга жер берилишине каршы болууда. Алар өкмөт жер берүү боюнча токтомун жокко чыгарбаса, кескин чараларга барарын эскертүүдө.

Былтыр мартта премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кара-Балта шаарынын тушунан 217 гектар жерди “Жунда” мунай заводуна берүү тууралуу токтомго кол койгон. Бул жерде мындан 2,5 миң жыл илгерки Сак дооруна таандык тарыхый коргондор жайгашкан.

"Тарыхый жайларды тепсетпейбиз"

Кытайлык “Чайна петрол компани” ишканасына таандык “Жунда” мунай заводуна жерди бербөө боюнча Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылында атайын демилгелүү топ түзүлгөн экен. Тарыхчы, аталган айылдын тургуну Искендер Бейшенбаев бул топтун башында турат:

- Биз ал жерди ыйык жер деп эсептейбиз. Кандайдыр бир нерселерди салганга болбойт. Буга чейин да салынып кетип, далай ата-бабабыздын коргондору талкаланып, бульдозер менен тегизделип кетти. Калганын аман-эсен сактап калалы деген ойдо жерди бербейбиз деп чыктык. Сак доорундагы падышалардын күмбөздөрү, биздин заманга чейинки VI-I кылымга таандык чоң-чоң мүрзөлөр бар. Мунун баарын убагында биздин жана орустун окумуштуулары жазып, картага түшүрүп кеткен.

Кыргыз өкмөтү “Жунда” заводунун артындагы 217 гектар жерди аталган заводго “өндүрүштү кеңейтүү максатында” деген жүйө менен 49 жылга ижарага берген. Токтомго 2014-жылы 31-мартта ошол кезде өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгон.

Ак-Башат айылынын тургуну Искендер Бейшенбаевдин маалымдашынча, “Жунда” заводу менен жер тууралуу келишимге жергиликтүүлөр каршы болгонуна карабай, айыл өкмөт башчы былтыр күзүндө кол койгон жана анда бир катар маанилүү жагдайлар көз жаздымда калган:

Искендер Бейшенбаев.

Искендер Бейшенбаев.

- 2014-жылы 29-августта төрт айылдын миңдей тургуну чогулуп, жыйын болгон. Анда кытайларга бир гектар жер берилбесин деген чечим кабыл алынган. Айыл өкмөткө, “сен бул келишимге кол койбогун, бул өтө опурталдуу иш” деп айтылган. Бирок ал балабызды өкмөттөн ким келип коркутканын билбейбиз, 19-ноябрда кытайлар менен келишимге кол коюптур. Ал келишимде чындыгында кыргыз элин казанга эле салып бериптир. Анткени кытайлар ошол жерге бир нерсе салып жатса текшергенге да, барып караганга да акыбыз жок экен. Ал жерге Кытайдын жарымын көчүрүп келип алса да эч нерсе дей албайбыз. Ошол жерде Кара-Балта шаарын суу менен камсыз кылып жаткан эки суу станция бар. Ошол станциялар да кытайларга берилген жердин ичинде калып жатат. Булардын баарын эске алышкан жок.

Айыл депутаттары да жерди берүүгө каршы

Ак-Башат айылдык кеңеши жер боюнча өкмөттүн токтому чыкканда эле айыл депутаттары чукул жыйынга чогулган. Анда келишим түзүүнү токтотуу, Жогорку Кеңеш менен премьер-министрге кайрылуу жолдоо тууралуу чечим кабыл алынган. Айылдык кеңештин депутаты Мейдан Шавкетов талаптарынан кайтпай турганын айтууда:

Мейдан Шавкетов

Мейдан Шавкетов

- Өзүбүздүн жергиликтүү балдарга үй салганга жер бере албай жатабыз. Ушул жерде туулуп-өскөн балдарыбызга жер жок. Аларга жер бергенге мыйзам жок дейт. Анан кытайларга жер бергенде мыйзам бар экен да. Чоңдордун баары эле ошолордун сөзүн сүйлөп калды. Андай эле кирешеге марыта турган завод болсо, кытайлар өздөрүнө эле барып салып албайбы. Ошол бизге түшөт деген кирешени кытайлар өздөрү эле алсын. Кол менен санаса болчудай эле элбиз, Кыргызстанды өзүбүз эле багабыз, жерди бербейбиз деп чечкенбиз. Бирок кытайлар бизди киши ордуна көрбөй жатат. Аким баш болуп чогулуп барсак да, бирөө да чыкпайт. Анча-мынча кошоматчы чоңдор болсо биздин чатакты пайдаланып жатат. Биз жерди бербейбиз. Ал биздин муундарга кала турган жер. Жерди сатканга болбойт, бул оюнчук эмес.

Кытайлык компания айылдык кеңештин жер берүүнү токтотуу тууралуу чечими боюнча сотко кайрылган. Искендер Бейшенбаевдин айтымында, сот “Жунданын” пайдасына чечим чыгарган:

- Кытайлар айылдык кеңештин депутаттарынын чечими туура эмес деп райондор аралык сотко берип, сот алардын пайдасына чечим чыгарып берди. Биз болсо депутаттардын чечиминин тууралыгын далилдөө үчүн окумуштууларды алып, ошол жердеги тарыхый коргондор сакталышы керек деген маалымдамаларды алып барып, тарыхый-маданий мурастарды сактоо тууралуу өкмөттүн токтомун алып барсак да, сот биздин кагаздарыбызды карабай койду. Биз аябай жаман абалда калдык. Азыр ушул убакка чейин 217 гектар боюнча соттошуп жатабыз.

“Азаттык” жер тууралуу келишимдин айланасындагы дооматтар боюнча Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Нурил Алымбаевге кайрылды. Ал өкмөттүн буйругун аткарганын гана айтуу менен чектелип, кеңири түшүндүрмө берүүдөн баш тартты:

- Эми мен өкмөттүн чечимине комментарий бере албайм. Мен аткаруучумун. Мен аткардым. Өкмөттүн токтомун аткардым.

Бул маселе боюнча Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевдин комментарий сурадык. Аким жер маселелери боюнча комиссия түзүлгөнүн маалымдады. Бирок ошол эле учурда өкмөттүн токтому аткарыла турганын кошумчалады.

- Биз азыр кошумча комиссия түзүп, ошонун баарын текшертип жатабыз. Археологдор менен жолугуп, кошумча маалыматтарды алып жатабыз. Өкмөт эми токтом кабыл алды. Аны биз аткарууга милдеттүүбүз. Комиссия түзүп, ошонун баарын караштырып жатабыз. Бул эми райондук деңгээлдеги эле комиссия. Жалгыз эле “Жундага” берилген жер эмес, башка айыл өкмөттөрүндөгү жерлерди да текшерттирип жатам.

Өкмөт өзүнүкүн туура дейт

“Жундага” берилген 217 гектар жер боюнча өкмөттүн маалымат кызматынын өкүлү Мелис Эржигитов “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Өкмөт өкүлү заводдун пайдасын санап жатып, жер берүүгө каршы чыккандар маселени саясатташтырып жатат деп айыптады:

Кытайлык компанияга жер берүү боюнча өкмөттүн токтому

Кытайлык компанияга жер берүү боюнча өкмөттүн токтому

- Заводдун жылдан жылга өндүрүмдүүлүгүн көбөйтөбүз деген пландары бар. Завод жергиликтүү жарандарды Кытайдагы эң мыкты окуу жайлардын биринде бир жылдан бери окутуп жатат. Ал жакта жүз адамды окутуп келип, ал балдарды башкаруучулук деңгээлдеги кызматтарга коет. Жер берүү планы эң туура болду. Заводдун айланасындагы маселелерди саясатташтырган, өз кызыкчылыгын көздөп жаткан топтор бар. Ошолор ар нерсени ойлоп таап жатышат. Завод курулуп, Кыргызстандын экономикасына, Кара-Балта шаарына, Жайыл районунун экономикалык-социалдык абалын жакшыртууга эбегейсиз чоң салым кошуу алдында турат. Жергиликтүү бюджетке жылына буюрса эки миллиард сом акча түшөт. Бул Жайыл району миң уктаса да түшүнө кирбей турган акча.

Өкмөттүн чечимин Жайыл районунда туулуп өскөн Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков да колдоп жатат:

- Ал жерди эч ким пайдаланган эмес. Пайдаланбагандан кийин ижарага берип, бюджетти толтуруп социалдык иштерди аткарыш керек. Ижара акысын туура коюш керек. Жерди пайдаланууда эч кандай деле зыян болбойт. Жакында биз да барып, жергиликтүү эл менен сүйлөшөбүз. Ошондо туурабы же туура эмеспи өздөрү да көрүшөт. Ал өкмөттүн жери, үлүш жер эмес, өкмөттүкү болгондон кийин өкмөт өзү берет.

“Жунда” заводуна жердин берилишине каршы демилгелүү топтун өкүлү Искендер Бейшенбаев президентке караштуу “Мурас” фондуна кайрылган. Анда аталган фонд кыргыз өкмөтүнүн чечимин мыйзамсыз деп тапкан жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо максатында бул жер берилбеши керек деген бүтүм чыгарган. Бул чечимди кыргыз-түрк “Манас” университетинин профессору, археолог Кубатбек Табалдиев да колдогон:

Сак дооруна таандык коргондор. Жалпысынан каз катар болуп эки кылкада тизилген 25 коргон бар.

Сак дооруна таандык коргондор. Жалпысынан каз катар болуп эки кылкада тизилген 25 коргон бар.

- Ал жерде коргоого алынган мамлекеттик тизмеге кирген эстеликтер жайгашкан. Мамлекеттик тизме Жогорку Кеңештин чечими менен бекитилген документ болуп саналат. Андай эстеликтерди бузганга, эстеликтер турган жерге бир нерселерди курганга тыюу салынат. Бул жерде биздин доорго чейинки III-V кылымдарга таандык эстеликтер жайгашкан. Заводду куруп жатканда да бул жагдай эске алынбаптыр. Заводдун дубалы ошол эстеликтердин так түбүнө салыныптыр. Бул эстеликтер илим үчүн абдан баалуу. Түбөлүккө кала турган эстелик. Сак дооруна таандык көрүстөндөр тизилип турат. Ошолордун баары бузулуу коркунучунда. Бул Чүйдөгү эң баалуу эстеликтер. Жерди өндүрүш ишканасын куруу үчүн берүү абдан туура эмес чечим болгон. Жерди берүү тууралуу чечимден мурун археологдор эстелик жок деген бүтүм чыгарып бериши керек болчу. Менимче ошондой документ жасалма болгон, же болбосо акча берип туруп ошондой документти түздүрүп алышкан.

“Ак-Башат” айылынын кытайлык компанияга жердин берилишине каршы тургундары өкмөттүн токтомун жокко чыгарууну талап кылып жатат. Болбосо кескин чараларга барарын эскертишүүдө.

Кытайлык “Чайна петрол компани” ишканасынын Кара-Балтадагы мунай заводуна байланыштуу буга чейин да чуу чыгып келген. Завод былтыр жыл башында ишке кирген эле, бирок көп узабай ишин убактылуу токтоткон. Анткени жергиликтүүлөр жана экологдор тынбай нааразылык акцияларды өткөрө баштаган. Мындан улам экологиялык зыян-кесепетти тактоо үчүн атайын экспертиза да дайындалган.

Негизи завод 2009-жылдан тарта курула баштаган. Жалпысынан 300 миллион доллардай инвестиция салынганы, жылына 800 миң тонна мунай иштете алары маалымдалган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG