Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Борбор Азиядагы коңшу мамлекеттердин Кыргызстанга карата азыркы мамилелерин эске алганда, Кытайды стратегиялык өнөктөш катары кароо тарыхтын талабы. Мындай пикирин “Азаттыкка” курган маегинде социолог Кусейин Исаев билдирди.

- Кытай-Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүк боюнча декларацияга кол койду. Эки өлкө ортосунда он чакты документке кол коюлуп, ири долбоорлор башталаары айтылды. Мунун өзү келечекте Кыргызстанга Орусия өңдүү эле Кытайдын да таасири күч болот дегенди түшүндүрөбү?

- Кыргыз-кытай мамилесинин узак тарыхы бар. Албетте мындай кызматташуунун стратегиялык мааниси чоң. Бир жагынан 150 жыл Орусия менен чогуу жашагандыктан алардын да таасири күчтүү. Экинчи жагынан кытайлыктар менен байыртадан берки кыргыздардын эң назик, жылуу дипломатиясынын тарыхы бар.

Үчүнчүдөн, каалайбызбы, каалабайбызбы, өзүбүз эгемендик алгандан кийин коңшуларыбыз Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан да кыргызга башкача карап турат. Мындай шартта Кытайды стратегиялык өнөктөш катары карап, кызматташканыбыз тарыхтын талабына жооп берет деп эсептейм.

- Кытай экспансиясы, кытайлар деген маселе Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азия мамлекеттеринде, атүгүл Орусияда да көтөрүлөт. Кытай менен кызматташууларды чыңдоонун артында чындыгында эле ушундай коркунуч болушу мүмкүнбү? Эмнеге Кытай Борбор Азияны кооптондурат?

- Менимче бул нерсе жасалма түрдө болгон нерсе го. Ааламдашуу заманы деп жатабыз. Азыр АКШнын кызыкчылыгы аябай күчтүү. Орусия менен Кытайдын көп маселелер боюнча, айталы Сирия, Египет боюнча дипломатиялык мамилеси бирдиктүү болуп жатат. Ушул жагынан алганда ушундай татаал шартта татаал мамиле болгонуна карабастан, келечегибизге ачык көз менен карап, Кытайды өнөктөш тутуу туура эле кадам десек болот.

- Айрым талдоочулар экспансия проблемасы миграция маселеси көзөмөлдөнүп, кытай жарандарынын өлкөдөгү эсебин тактаса эле чечилерин белгилешип, кооптонууга негиз жок дешет. Бирок Кыргызстанда канча кытай жараны бар экендиги тууралуу так расмий маалымат жок. Демек көзөмөл жок болсо коркунуч бар да?

- Коркунучка себеп бар. Себеби кыргыздар кытайлыктар менен дайыма жылуу мамиледе болгону менен, аларды Кыргызстан эч убакта аймагына киргизген эмес, акыркы беш-алты кылымда. Бул жерде чоң саясат жатат. Кытайлыктар кайда барбасын, алтын кен казуу тармагында өзгөчө көп болуп кетти.

Темир жол салабыз деп жатышат, курулушта жалаң кытайлар иштешет. Ысык-Көл менен Бишкектин ортосундагы жолду кытайлыктар оңдоп жатат. Ошентип алар акырындап арабызга кире бериши толук ыктымал. Ошондуктан биз бул жерден сак болушубуз керек.

Биз кытайлыктар салат, бирок иштеген кыргыздар болушу керек деген талаптарды коюшубуз керек. Кытайлар кумурскадай иштейт, кыргыздар алардан кандай иштегенди үйрөнүшү керек.

- Билим берүү тармагында кытай тилин, маданиятын үйрөнүүгө кеңири шарттар түзүлө баштады. Орусия, Батыш маданиятына ыктаган кыргыз коомчулугунда эмне үчүн кытай маданиятына умтулуу артууда?

- Себеби бүгүнкү күнү Кытай эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн өнүгүшү боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

Экинчиден, жаңы товар, продукцияны өндүрүү жана жаңы технологиянын жаңылыктарын пайдалануу боюнча кытайлыктар Жапония, Индиядан өтүп кеткени көрүнүп жатат. Мисалы, азыр бир жаңы техника жөнүндө китеп англис тилинде чыкса, экинчи күнү ал Бээжинде кытай тилинде пайда болот.

Кытай дүйнөдөгү бардык жаңылыктарды илип алып, ошону өндүрүшүнө жайылтып, жашоонун негизине айлантып жатат. Бул жагынан биз да үйрөнүшүбүз керек.

- Азыр экономикалык муктаждыгы күч бүгүнкү шартта Кыргызстан стратегиялык өнөктөш атаган Кытай менен теңата карым-катышта болуп, ошол эле учурда улуттук кызыкчылыгын сактап калуу үчүн кандай аракеттерди жасашы керек?

- Биринчиден, тээ байыртадан келаткан кыргыздын улуу салтын колдошубуз керек. Кытай менен жумшак, сый мамиледе болуп, бирок аларды жаран катары аймагыбызга таратпашыбыз керек. Чогуу иштейли, бирок иш бүткөн соң алар мекенине кайтканы оң. Азыр биздин жетекчилер ушул стратегиялык маселени жакшы түшүнүп, чыры жок, маданияттуу, дипломатиялык жол менен аракет кылышы абзел.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG