Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:49

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнь эки кошуна өлкөнүн мамилелери тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.


Мамилелердин пайдубалы

“Азаттык”: Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык, дипломатиялык азыркы алака-катышына кандай баа бересиз?
Кыргызстан Борбор Азиядагы экономикалык кызматташуудагы бирден бир башкы өнөктөш болуп эсептелет


Ван Кайвэнь: Бизде баардык тармактар боюнча мамлекеттер аралык абдан жакшы мамиле, кызматташуу түзүлүп, өнүгүп жатат деп айта алам. Дипломатиялык мамиле түзгөнүбүзгө жыйырма жыл болду. Ушул жыйырма жылдын ичинде биздин өлкөлөр ортосунда мамиленин пайдубалы абдан жакшы түптөлдү. Экономикалык кызматташуу биздин өлкөлөр ортосундагы мамиленин маанилүү бөлүгү. Бул жаатта Кытайдын да, Кыргызстандын каалоосу күч.

Албетте дүйнөлүк каржы каатчылыгы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү дагы ылдамыраак өнүктүрүүгө жолтоо болду. Бирок Кыргызстан Борбор Азиядагы экономикалык кызматташуудагы бирден бир башкы өнөктөш болуп эсептелет.

Товар жүгүртүү 2008-жылы туу чокусуна жеткен. Биздин статистика боюнча, 9 миллиард дагы бир канча миллион америка долларын түзгөн. Андан кийин кичине ылдыйлаган. Бирок бул Кыргызстан менен Кытайдын эле товар айлантуусу эмес, баардык жерде азайган.

2009-2010-жылдары дүйнөлүк экономика ылдыйлады. Бирок бул коркунучтуу деле эмес. Бул жылдын биринчи жарымында кайра акырындап көтөрүлө баштаганы сезилип жатат. Менде азырынча статистика жок, бирок ишенимдүү жогорулоо байкалып жатат.

“Азаттык”: Бир нече жыл мурун расмий Бишкек Бээжинге бир катар инвестициялык долбоорлорду жөнөткөн экен. Ушулар тууралуу айтып бересизби?

Ван Кайвэнь: Албетте биз бул жаатта кызматташабыз. Мындай долбоорлорду үч категорияга бөлсө болот. Биринчиден, бул кытай өкмөтү бөлүп берген гранттар боюнча долбоорлор. Мисалы биз азыр Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда колдонулуп жаткан автобустарды беребиз. Тракторлорду беребиз. Жакында эле эки партия - 260тан ашуун трактор келди. Бул жерде урологиялык борбор курулуп жатат. Бишкекте жалпы билим берүүчү мектеп да курулуп жатат. Биз азыр Ошто оорукана куруу боюнча долбоорду иштеп жатабыз. Түштүктү калыбына келтирүү бул өтө маанилүү тармак жана Кытай түштүккө жардам ирээтинде грант бөлүп берип жатат.

Мындан сырткары Бишкектеги унаа жолдорун куруу жана оңдоо боюнча долбоор бар. Бул долбоор да ишке ашканы жатат.

Экинчиден, Кытай өкмөтү берген насыялар боюнча долбоорлор бар. Бул жерден эң негизгиси - электр кубаты менен камсыздоо системасын оңдоо боюнча “Датка-Түштүк” долбоорун иштеп жатабыз. Иш башталып жатат.

Анан үчүнчү категория болуп кытайлык жеке ишканалардын инвестициялары эсептелет. Бул эми өкмөттүн программалары эмес. Бирок кытай инвесторлору жана ишкерлери бири-бирине пайдалуу шартта Кыргызстанга инвестиция салууга, кызматташуу үчүн жакшы тармактарды табууга кызыкдар. Бул инфраструктура, тоо кен казуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү, кайра иштетүү тармактарына тиешелүү.

Кылкылдап поюз баратса...

“Азаттык”: Кытайдан Өзбекстанга Кыргызстан аркылуу темир жол куруу боюнча долбоор бар. Бул долбоорду ишке ашыруу создугуп жаткан жокпу?
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча процесс жандана баштады.
Жакында бул долбоорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү аракеттер башталат деп үмүттөнөм. Анкени Кытай да, Кыргызстан да бул темир жолдун курулушуна кызыкдар


Ван Кайвэнь: Биз бул долбоор тууралуу мурдатан бери эле айтып келе жатабыз. Он жылдан ашты. Бирок тараптар бул темир жолду куруу керек деген чечимге келишкен. Азыр техникалык гана маселелер калды.

Биринчиден бул темир жолдун туурасы кандай болот деп стандарттар боюнча тактоо жүрүп жатат. Анткени бизде, Кытайда эл аралык стандарттар боюнча жолдун туурасы куушурак, ал эми силерде, Кыргызстанда советтик стандарт боюнча салынган. Менимче, биз мындай техникалык жактарын чечип алабыз.

Экинчи маселе инвестициялоонун форматында жатат. Анткени бул абдан кымбат долбоор, болжол менен 2 миллиарддай америка долларын түзөт. Биз кантип инвестиция салабыз, бул биргелешкен ишкана болобу, же мамлекеттик насыя колдонулабы, сиз өзүңүз деле билсеңиз керек же ресурстарга айырбашталабы деген маселелерди караштырып жатабыз. Азыр бул маселелерди эксперттер иликтеп жатат.

Соңку жылдары бул процесс активдеше баштады деп айта алам. Жакында бул долбоорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү аракеттер башталат деп үмүттөнөм. Анкени Кытай да, Кыргызстан да бул темир жолдун курулушуна кызыкдар.

Экинчиден, коңшу мамлекеттер да кызыкдар. Айталы, Борбор Азия мамлекеттери, Тажикстан кызыкдар. Андан ары Ооганстан, Иран, Түркия да кызыгып жатат. Анткени биз Улуу Жибек жолун темир жол түрүндө калыбына келтиргени жатабыз да. Бирок мен долбоор качан башталарын конкреттүү айта албайм. Эксперттер иштеп жатат. Бирок темир жол куруу боюнча саясий чечим бар.

Кытай таасири

“Азаттык”:
Ушул өңдүү ири экономикалык долбоорлордон улам айрым аналитиктер Кытай жылма экспанция жүргүзүүдө деп айтышат. Сиз буга кандай комментарий бересиз?

Ван Кайаэнь: Ооба, мындай версиялар бар. Бирок экономикалык глобализациянын шарында байланыштар барган сайын кеңейүүдө. Мен муну жаман деп айтпайт элем. Биз бардык мамлекеттер менен мамилебизди өнүктүрсөк бул албетте жакшы.
Биз кошунабыз. Силердин да, биздин да менталитетибиз окшош. Жакынкы кошуналар алыскы туугандан артык. Ошондуктан мен 100 пайыз ишеним менен айта алам: биз бул жерде бири-бирибизге пайдалуу негизде гана иш алып барабыз


Кыргызстан чыгыштан батышты көздөй кеткен жолдо турат. Кытай Кыргызстан, Борбор Азия аркылуу андан ары Европага барат. Бул Кытай менен Кыргызстан эле эмес, соода-экономикалык, социалдык-экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү каалаган дагы башка мамлекеттерге пайдалуу болсо керек.

Бул жерде экспанциянын өзү эмес жыты да жок. Анткени биз табиятыбыздан андай эл, өлкө эмеспиз. Биз тынчтыкты сүйгөн өлкөбүз. Биз ар дайым башка мамлекет менен болгон мамиле бири-бирин сыйлоо аркылуу курулушу керек деп ойлойбуз. Экинчиден, мамлекеттердин көлөмүнө карабастан тең укуктуулук негизинде мамиле түзүлүшү керек. Үчүнчүдөн, кызматташуу бири-бирине пайдалуу болушу шарт. Бир эле мамлекетке пайдалуу болушу мүмкүн эмес. Балким эки-үч күнгө гана пайдалуу болушу мүмкүн, бирок алыскы келечек үчүн мындай мамиле жарабайт. Биздин менталитебиз да ошондой.

Дагы бир жагдай - бири-биринин ички иштерине кийлигишпөө керек деген принцип бар. Бул өтө маанилүү. Анткени бул же тигил мамлекеттин көлөмүнө карабастан баары бирдей, эгемендүү мамлекет болуп эсептелет. Бизде чет өлкөлөр менен мамиле куруунун принциптери мына ушундай.

Биз кошунабыз. Силердин да, биздин да менталитетибиз окшош. Жакынкы кошуналар алыскы туугандан артык. Ошондуктан мен 100 пайыз ишеним менен айта алам: биз бул жерде бири-бирибизге пайдалуу негизде гана иш алып барабыз.

“Азаттык”: Өзүңүз билгендей, Кыргызстан Бажы Союзуна кирүүнү караштырып жатат. Эгер бул уюмга кирсе Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык алака-катышына кандай таасир этиши мүмкүн?

Ван Кайвэнь: Менимче, бул маселе азыр Кыргызстанда иликтенип жатат. Анткени кириш керекпи же жокпу, же качан кириш керек, деп акыр-аягына чейин аныкташа элек. Артыкчылыктарын, кемчиликтерин эсептеш керек. Менимче муну кыргызстандыктар өздөрү чечиши керек. Ал эми биздин, Кытай менен Кыргызстандын соода-экономикалык мамилесин алып карасак, эки өлкө тең Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болуп эсептелет. Ал жерде да өзүбүздүн “оюнубуздун эрежеси” бар. Бирок биз да бул кырдаалдын өнүгүшүн иликтеп карап турабыз. Кандай болсо да биз Кыргызстан менен соода-экономикалык жааттагы жакшы мамилебизди үзбөйбүз.

Албетте, биз Кыргызстан реэкспорттоочу мамлекет экенин билебиз. Бул жакта өндүрүш аз. Акыркы жылдары көптөгөн кыргызстандыктар Кытайдан товар сатып алып башка жакка сатуу менен каражат таап жатат. Эгер Кыргызстан Бажы Союзуна кирсе реэкспорт кандай болоорун азырынча айтуу кыйын. Анткени жаңылбасам Бажы Союзунун мүчөсү өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоого укугу бар. Чамасы союзга кирери менен эле товар ташуу токтоп калбаса керек, балким убакыт беришер. Эмнеси болсо да биз окуянын өнүгүшүнө байкоо салып турабыз. Кандай болсо да биз Кыргызстандын өнүгүп кетишин, жашоо-турмушунун жакшырышын каалайбыз. Бул жерде экономика жакшы өнүгүп кетсе биз кубанычта болобу.

Кытай-Батыш мамилеси

“Азаттык”: Кытай бийлигин адам укугун бузат деп көп сындашат. Буга кандай комментарий бересиз?
Кытайда болуп жаткан өнүгүүлөр кимдир бирөөлөргө жакпайт. Биз жакыр жашаган кезде эч ким көңүл бурчу деле эмес. Азыр биз тез жана жакшы өнүгүп жатабыз. Биз жакшы жашай баштаганда, сындагандар да көп боло баштады.


Ван Кайвэнь: Батышта кытай өкмөтүн көп сындашат. Менимче мындай нерселерди объективдүү кароо керек. Батышта Кытайдын соңку 60 жылдагы жетишкендиктерин көрүүнү каалашпайт. Эгерде алар кааласа Кытай Эл Республикасында болуп жаткан өтө чоң прогрессти көрүшмөк эле. Мына, азыр дүйнөнүн баардык жеринде “кытай керемети” тууралуу айтып жатышат. Кытай эли эртеңки келечегинен кам санабайт, ишенет, ошон үчүн иштешет. Бактылуу жашоону куруу үчүн иштешет.

Менимче, адам укугу маселеси бардык эле жерде бар. Кытай өкмөтү өлкөдө адам укугу жаатындагы абалды жакшыртууга ар дайым көңүл бурат. Жашырганда эмне, мындай проблема бардык жерде эле. Бирок эң башкысы бул жерде маселелерди чечүүдө кандай мамиле жасалып жатканы маанилүү.

Батышта бул тематиканы көпчүлүк учурда Кытайды басуу үчүн, биздин ушинтип ылдам өнүкпөшүбүз үчүн колдонушат. Кытайда болуп жаткан өнүгүүлөр кимдир бирөөлөргө жакпайт. Биз жакыр жашаган кезде эч ким көңүл бурчу деле эмес. Азыр биз тез жана жакшы өнүгүп жатабыз. Биз жакшы жашай баштаганда, сындагандар да көп боло баштады. Бул жаман, тиги да жаман дешет. Биз буга жедеп көнүп деле бүттүк. Кытай өкмөтү, эли өзү тандаган жол менен кетип жатат жана кете берет.

Ни хао!

“Азаттык”: Кыргызстанда кытай маданиятына, тилине кызыгуу күчөп жатат. Мындай кызыгуунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Ван Кайвэнь: Биринчиден, биз кошунабыз. Экинчиден, чынында эле Кытай өнүгүп жатат, мында да байланыш бар. Кытай тилин, маданиятын көбүрөөк билгиси келгендер Кытай чынында эле кандай деп кызыккандар болсо керек.
Кылымдар бою канатташ жашаганбыз, дагы да ушинтип жашай беребиз. Албетте биз, бул жакта иштеп жаткан кытайлар да кыргыз тилин билиши керек.


Бул жерде экономикалык да жагдай бар. Эгер сен кытай тилин, англис тилин билсең сага кыйла эле жеңил болот. Анткени бизде азыр ишканалар, ишкерлер арасында байланыш бекемделип жатат. Кытай тилин билгендерге артыкчылыктар бар.

Биз кошунабыз. Кылымдар бою канатташ жашаганбыз, дагы да ушинтип жашай беребиз. Албетте биз, бул жакта иштеп жаткан кытайлар да кыргыз тилин билиши керек. Бирок биз азыр орус менен англис тилин гана билебиз. Менимче, биздин мамилелерибиз дагы өнүгүп отурса мындай байланыштар дагы жакшырат деп ишенем.

Кытай тилин окугандардын жамырап көбөйүшү Кыргызстанда эле эмес, башка мамлекеттерде да жүрүп жатат. Ушундай агым бар. Мисалы Америка Кошмо Штаттарын алалы. Америкалыктар да кытай тилин окуп башташты. Баса, Батышта көптөгөн адамдар кытай тилинде укмуш сүйлөшөт. Алар Бээжин көчөлөрүндө жашап, кытай балдар менен чогуу ойноп, чогуу чоңоюшкан. Бул коркунучтуу эмес, байланыш ар дайым пайдалуу.

“Азаттык”: Маданият, билим берүү тармагында кандай долбоорлор ишке ашырылганы жатат?

Ван Кайвэнь: Бул жакта биз эки Конфуций институтун ачтык. Бирөө Улуттук университетте, экинчиси Бишкек гумантардык университетинде ачылды. Биз жыл сайын кыргызстандык студенттерге Кытайда билим алып, билимин өркүндөтүшү үчүн квота берип турабыз. Мындар ары көбүрөк мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн квоталарды көбөйтөбүз.

Мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче Конфуций класстарын ачабыз. Азыр студенттер эле эмес, мектеп окуучулары да кытай тилин үйрөнүүгө дилгирленип жатышат. Жогорудагы институттар мына ушундай аракеттерди ишке ашыруу үчүн иштеп жатат. Бул жакка тилди үйрөтүү үчүн ыктыярчылар келип турат. Бул өтө маанилүү нерсе.

Маданиятка келсек, биз учурда кытайлык артисттер бул жакка көбүрөк келип, таланттарын тартуулап чеберчилигин көрсөтүп турсун деп иштеп жатабыз. Эгерде кыргызстандык артисттер да биз жакка барып оюн коюп турса кубанычта болобуз. Баса, сентябрь айында Үрүмчү жарманкесинде Кыргызстан маданиятынын күндөрү өтөт. Сентябрь айынын аягында бул жакка Кытайдан артисттер келип, Бишкек менен Ысык-Көлдө концерт коюшат. Жылдын аягына чейин эки сүрөт көргөзмө уюштурулат.

“Азаттык”: Сиз жакында эле Нарынга барып келдиңиз. Бул иш сапарыңыздын максаты тууралуу айтып бересизби? Кыргызстандын дагы башка аймактарын кыдыруу пландарыңыз барбы?

Ван Кайвэнь: Мен Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында болдум. Нарынга мурдатан бери эле барууга камданып жаткам. Мурдагы жылы кайсы бир окуялар болуп кетти, былтыр кырдаал туруктуу эмес болду. Быйыл убакыт таап Нарынга барып келдик. Нарын Кытайга жакын облус. Кытай үчүн чоң кызыгууну жаратып турат.

Губернатор менен абдан жакшы жолугушуу өттү. Социалдык, маданий жана экономикалык өнүгүү жаатта кызматташууну андан ары өнүктүрүү тууралуу сүйлөштүк. Нарын – маанилүү аймак. Ал жакта Торугарт бар. Мен бул жакта маалымат каражаттарында Кытайдан келаткан чоң жүк ташыган унааларга, кенди иштетүүгө байланыштуу Нарында жергиликтүү эл нааразы деп жазып калышарын билем. Менимче, бул жерде түшүнбөстүк болуп жатат го. Балким кандайдыр бир күчтөр мындай жерде ызы-чуу салууну каалап жаткандыр. Биз Кыргызстан, анын ичинде Нарын менен кызматташууну уланта беребиз.

Мен Кыргызстандын башка да аймактарында, Жалал-Абадда, Ошто болдум. Ысык-Көл эми турган иш да. Мен Баткен менен Таласка гана бара элекмин. Менимче, мен бул аймактарга быйыл сөзсүз барам.

“Азаттык”: Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG