Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:39

Орус өз агам, Кытай кыйбасым болобу?


Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен. Шанхай, 18-май, 2014.

Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен. Шанхай, 18-май, 2014.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Кытайга сапарынын алкагында эки өлкө лидерлери биргелешкен декларацияга кол коюшту. Анда тараптар бири-биринин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө доо кетире турган блокторго, бирикмелерге кошулбай турганы белгиленген. Бул милдеттенмелер Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишими уюмундагы мүчөлүгүнө жана Бажы биримдигине киришине карама-каршы келбейби?

Кытай азыркы кезде Кыргызстандын негизги инвесторуна айланып бараткан кез. Бээжин Бишкек кайсы долбоор сунуштабасын тез арада каражат бөлүп, аны ишке ашырууда. Маселен, Датка көмөкчү чордону, Датка-Кемин, Датка-Түштүк электр зымдарын тартуу, Бишкек - Ош альтернативалык жолунун курулушу жана башка долбоорлорго жүз миллиондогон доллар насыяларды дароо бөлдү.
Жалал-Абаддагы Датка подстанциясы, 28-октябрь, 2012

Жалал-Абаддагы Датка подстанциясы, 28-октябрь, 2012

Мына ошондуктан Кыргызстан бийлиги Кытай менен мамилени стратегиялык деңгээлге көтөрүлдү деп аны андан ары тереңдетүүнү көздөп жатканы эки өлкөнүн президенттери кол койгон декларацияда белгиленген.

Декларацияда эки өлкө бири-биринин эгемендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана аймактык бүтүндүгүнө доо кетире турган блокторго, бирикмелерге кирбей тургандыктары айтылган. Ошондой эле Кытай сүрөп жаткан Улуу жибек жолу экономикалык долбоорун эки тарап колдоого алары белгиленген. Коопсуздук жагында болсо Кыргызстан менен Кытай региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоодо Шанхай кызматташуу уюму маанилүү уюмга айланганы айтылган.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Жамааттык келишими уюмунда турган Кыргызстан үчүн бул маселелер суроолорду жаратышы мүмкүн дейт:

- Кытай менен миң чакырымдан ашуун чек арабыз бар. Кытай менен мамилени коопсуздук, саясий, экономикалык жагынан чыңдоо туура багыттай көрүнөт, бирок башка союздарга барбайбыз дегени эки ача ой жаратат. Анткени биз ЖККУнун мүчөсүбүз. Экинчиден, мына жакында эле Орусияга барып, Бажы биримдигине киребиз, жол картасына 29-майда кол коёбуз, келечекте Евразия экономикалык биримдигине киребиз деп айтылган. Ошон үчүн декларацияда айтылгандар мен үчүн түшүнүксүз.

Курулушу жаңы башталган түндүк-түштүк альтернативалуу жолу да Кытайдын акчасына салынат.

Курулушу жаңы башталган түндүк-түштүк альтернативалуу жолу да Кытайдын акчасына салынат.

Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, мурунку бийлик АКШ менен Орусиянын ортосунда ойнойбуз деп оор абалга кириптер болгон. Эми Орусия менен Кытайдын ортосундагы мамилеге аралашып, декларацияда ушундай сөздөрдүн айтылышы, тышкы саясат эки ача болгондой элес калтырат.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев Кыргызстандын ЖККУга мүчөлүгү, Бажы биримдигине баратышы менен декларацияда айтылгандардын ортосунда карама-каршылык бар деп эсептейт. Бирок Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Шанхай кыхматташуу уюмуна мүчө. Ошондуктан бул жерде параллелдер болуш мүмкүн дейт:

- ЖККУнун мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Шанхай кызматташуу уюмунун мүчөсү. Көпчүлүгү эки бирикмеде отурушат. Мына ошон үчүн кандайдыр бир параллель жагы бар деп ойлоймун. Анан декларациянын эл аралык бөлүгүнө көңүл деле бурулбайт деп ойлоймун. Президенттин эң башкы максаты - биздеги электр зымдары, ГЭСтер, жолдор, башка өндүрүш долбоорлору жүрүп кетсе деген ой.

Кыргызстан Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов Жамааттык коопсуздук келишими уюму Кытайга эч кандай коркунуч туудурбайт, муну Кытай билет, декларацияда экономикалык коопсуздук эмес, таза коопсуздук жөнүндө сөз болуп жатат деген пикирде:

​- Буерде таза коопсуздук жөнүндө сөз жүрүп жатат. Ошон үчүн декларация туура кабыл алынды. ЖККУ, КМШ бул бир эле мамлекеттердин уюму. Бул жерде тескери же карама-каршы жоболор жок.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү менен Кытай менен сооданын кайсы бир деңгээлде чектелиши күтүлөт. Бул Бээжиндин экономикалык коопсуздугуна болбосо да, кызыкчылыгына доо кетириши мүмкүн.

Кытай менен Орусия Шанхай кызматташуу уюмунда атаандашып келатканы маалым. Бул атаандашуу Украина кризисинен Орусиянын АКШ баш болгон Батыш менен мамилесинин бузулушуна байланыштуу жоюлуп, Москва менен Бээжиндин жакындашуусунун күчөшүнө, анын натыйжасында Кыргызстан менен Кытайдын мамилесинин андан ары өнүгүүсүнө салым кошобу? Аны эми мезгил көрсөтөт.

Кыргыз-кытай президенттеринин жолугушуусу, Шанхай, 18-май.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG