Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жол курулушун баштоодо эки маселе чечилбеген бойдон калууда. Анын бири - долбоорду каржылоо жагы.

Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнь билдирди. Ал эми 2-майда аталган темир жолдун курулушун сүйлөшүү боюнча кыргыз делегациясы Кытайга жөнөп жатат.

Чечилбеген эки маселе

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун баштоодо эки маселе чечилбеген бойдон калууда. Анын бири - темир жолдун техникалык стандартын аныктоо, экинчиси - каржылоо жагы. Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэнь жолдун стандарты боюнча бир пикирге келүү мүмкүн экенин, бирок жолду каржылоо жагында татаалдыктар бардыгын айтууда.

Элчинин белгилешинче, бул долбоорду Кытай мамлекетинин насыя берүүсү аркылуу каржылоонун бир канча варианттары каралууда. Бирок Ван Кайвэнь Кыргызстан тарап ал каржылоого кепилдик бере албай жатканын белгилөөдө.

Анткен менен элчи “Азаттыкка" маегинде Кыргызстан менен транспорт жана курулуш жаатындагы иштерди ийгиликтүү деп атады:

- Менин оюмча, биз инфраструктура тармагында жакшы кызматташып жатабыз. Бул жолдорду курууда, энергетика тармагында да биздин компаниялар иштеп жатат. Мисалы, Датка-Кемин долбоорун айтсак болот. Айыл чарба тармагында да иштешүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Кыргыз делегациясы 2-майда Кытайга барып, аталган жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү күтүлүүдө. Буга чейин темир жолдун курулушу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлгөнү маалым. Ал эми Кыргызстандын транспорт министрлиги менен Кытайдын жолдорду жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясы темир жол долбоору боюнча меморандумга да кол коюшкан болчу. Аталган министрликтен Кытайга бара жаткан делегациянын сунуштары азыр аныкталып жатканын, кең-кесири маалыматтар кайтып келгенден кийин болорун белгилешти.

Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ван Кайвэндин белгилешинче, Кыргызстан тарап темир жолду куруунун эки вариантын сунуштаган. Анын бири концессия, экинчиси биргелешкен ишкана түзүү. Буга чейин коомчулукта темир жол үчүн Кытай кен байлыктарды сурап жаткандыгы боюнча сөз болгон эле. Бирок кыргыз бийлиги кен байлыктарды жолдун курулушуна алмаштырбай турганын билдирип келатат.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Нарынбек Молдобаев мындай дейт.

- Кендерди бергенге биринчиден, эл каршы болуп жатат. Экинчиден, жалпы элди нааразы кылып албаш керек экендигин кытайлыктар өздөрү деле түшүнүп турат. Бул темир жол бизге да керек, ошол эле кезде кытайлардын өзүнө да керек. Кытайлар бул жол аркылуу Европага чыга алат.

Жолдун пайда-зыяны канчалык?

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун чыгымы 2 млрд. доллар деп бааланып, узундугу 268 чакырымды түзмөкчү.

Экс-президент Роза Отунбаева Кытай менен жакындан кызматташуу Кыргызстан үчүн пайдалуу экенин айтат:

- Биздин Кытай менен миң чакырым чек арабыз бар. Кытай дүйнөдөгү экинчи күчтүү экономикасы бар өлкө. Биз ушундай географиялык жайгашуубуздан пайда табабыз десек, анда биз Кытайды жакшы билишибиз керек. Биз башкаларга Кытай боюнча гид болушубуз керек.

Анткен менен темир жолдун курулушу менен Кыргызстанга Кытай тараптан мыйзамсыз миграция күчөйт деп чочулагандар да жок эмес. Укук коргоочу Качкын Булатов болсо, бул долбоордун Кыргызстан үчүн пайдасы болбойт деп эсептейт. Ал Кытай мамлекети бул жолду куруу менен экономикалык эмес, империялык саясатты көздөөрүн айтууда:

- Кытай менен аяр мамиле кылбасак, чоң мамлекеттин жанында кумга сиңгендей эле жок болуп кетишибиз мүмкүн. Биздин калктын саны алардын бир районундай да болбойт. Ал эми темир жолдун бизге эч кандай деле пайдасы болбойт. Эгер Кытай Европага чыккысы келсе, темир жол менен Казакстан, же Ыраакы Чыгыш аркылуу деле чыга алат.

Бирок Кыргызстан бул жолду курууга кызыкдар экенин, анын өлкө экономикасы үчүн салымы чоң болорун билдирип келатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG