Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:11

Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан-Кытай темир жолунун маршруту мурдагыдан 50 пайызга өзгөрдү.

Эксперттер муну менен тоннел, көпүрөлөрдүн саны азайып, чыгым кыйла кыскарат деп үмүт кылууда. Учурда Кыргызстан сунуштаган жаңы вариантты кытай эксперттери карап жатат. Бул маселе боюнча кийинки сүйлөшүү апрель айына белгиленди.

Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султанов баштаган делегация Бээжинге жасаган сапары учурунда Кытай-Кыргызстан темир жолунун долбоору, багытын аныктоо жана каржы маселеси тууралуу сүйлөштү.

Кыргыз тарап темир жол куруунун жаңы, каражат азыраак сарпталчу вариантын сунуштады. Ага ылайык, учурда талкууланып жаткан темир жолдун узундугу мурдагыдай 430 чакырым эмес, 472 чакырым болот.

Министрдин жардамчысы Тилек Эсенбековдун белгилешинче, долбоордун баасын арзандатуу үчүн маршрутту өзгөртүүгө туура келген. Ошондой эле Кыргызстан тарап концессия механизми аркылуу долбоорду каржылоо моделин сунуштоодо. Буга ылайык, Кыргызстан жол куруу үчүн жер бөлүп берет, Кытай тарап каржы жагын моюнуна алат. Мындан сырткары Кыргызстан-Кытай биргелешкен ишканасын куруу сунушу да бар.

Кыргызстандын акыркы жылдары Кытайдан алган карызы көбөйдү

Кыргызстандын акыркы жылдары Кытайдан алган карызы көбөйдү

- Эки жыл ичинде мурдагы варианты кайрадан каралып чыгып, маршрут 50 пайызга өзгөрдү. Биринчи варианттагы эсеп боюнча 100 чакырым тоннел, 60 чакырым көпүрө курулушу керек болчу. Бул экөө тең абдан кымбат курулуш болуп эсептелет. Мисалы, 1 чакырым тоннел куруу үчүн орто эсеп менен 35-40 млн. доллар кетет. Жаңы долбоор боюнча тоннелдердин узундугу 30 чакырымга кыскарды. Бирок жалпы темир жолдун узундугу 40 чакырымга узарган. Торугарт - Ак-Бейит - Ат-Башы - Үгүт- Кош-Дөбө – Макмал - Таран-Базар - Жалал-Абад маршруту деп белгиленген. Бул багытта таш жол бар, башкача айтканда, кошумча техникалык жол ачуунун кереги жок. Ошондой эле бул маршрут боюнча жогорку кубаттагы электр линиясы тартылып жатат. Кытайга болгон визит учурунда Кыргызстан Кытайга концессия механизми аркылуу долбоорду каржылоо моделин сунуштадык. Кытай тарап аны позитивдүү кабыл алды. Эми кытайлык эксперттер муну карап чыгышат.

Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган темир жол куруу демилгеси көтөрүлгөнүнө он жылдан ашты. Бирок каржы маселеси боюнча орток пикир табылбай келүүдө. Жыл башында өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Аргынбек Малабаевди кабыл алган учурда Кыргызстан-Кытай багытындагы темир жолдун курулушу боюнча бардык варианттарды иштеп чыгууну жана аны Кытай тарап менен дагы талкуулоону тапшырган эле.

Аргынбек Малабаевдин белгилешинче, азырынча кайсы вариантта салынары чечиле элек. Бул жолу техникалык-экономикалык негиздеме жана аны ким жасайт деген маселе сүйлөшүлгөнүн кошумчалады.

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев менен

Алмазбек Атамбаев «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Аргынбек Малабаев менен

- Техникалык-экономикалык негиздемени ким жасайт, канча сумма болот ошол маселе чечилгенден кийин ары карай сөз болот. ТЭО күн жылыса эле башталат. Апрель айында сүйлөшүүнүн экинчи айлампасы өтөт, же кытайлар келет, же биз барабыз. Бирок үчүнчү кварталга бүтүрөбүз деп айтышты.

Айрым маалыматтар боюнча Кытай тарап Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга кирүүчү темир жол долбоорун сунуштап, бирок ал Эркеч-Там аркылуу кирип, Өзбекстандын Анжиян облусуна өтүүчү вариантын жактаган. Кыргызстан болсо Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Торугарт чек ара түйүнү аркылуу кирип, Жалал-Абаддан Өзбекстандын Наманган облусуна өтүүчү вариантын жактырган болчу.

Анткен менен темир жолдун курулушун сынга алгандар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү Нарынбек Молдобаев жол Кыргызстанга караганда Кытайга пайдалуу деп эсептейт. Ал мунун артынан Кара-Кече - Бишкек темир жолун куруп алууну да сунуштоодо.

- Кыргызстанга ал темир жолдун кереги деле жок болчу. Кытайдан чыккан темир жол Кыргызстан аркылуу Ак-Сайдан Иранга чыгып кеткени жатат. Демек алар өз товарын Ирандын базарына ташуу үчүн салууда. Бул үчүн биздин канчалаган жайыт жерлерибиз кетет, канчасын кууратканы жатабыз. Поезддер жүргөнү үчүн жылына 100 млн. доллар түшө турган болсо, курса болот эле. Анан насыя алып, карыз болуп курууга каршымын. Эгер анын артынан Кара-Кече менен Бишкекке салынып кетсе абдан жакшы болмок. Анда Бишкек ТЭЦке Казакстандан эмес Кара-Кече көмүрү ташылып калмак.

2012-жылдагы вариант боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга 6-6,5 млрд. доллар кетет деп айтылган. Азыркы долбоордун баасы канча болору сентябрь айына барып белгилүү болуп калат. Алдын ала божомолдорго караганда, темир жол аркылуу жылына 15 млн. тонна жүк, 250 миңдей жүргүнчү ташылат деп айтылууда. Жол куруу учурунда 20 миң киши ишке тартылып, колдонууга берилген соң үч миңдей жаран жумуш менен камсыз болору айтылууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG