Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:32

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Мэн Цзяньчжу баштаган делегация Бишкекте иш сапары менен жүрөт.

Аны утурлай буга чейин Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп иштеп келген, Бишкектеги Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институтунун өкүлү Эрлан Абдылдаев кыргыз-кытай мамилелери тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”:
Өткөн жылы Кыргызстанда бийлик алмашкандан берки кыргыз-кытай мамилесине кандай баа бересиз?

Эрлан Абдылдаев: Мамилелер абдан эле өзгөрүп кетти деп айта албайм. Кыргызстан менен Кытайдын эки тараптуу позициялары мурдагы эле деңгээлде турат. Болгону эки тарап тең ишке ашырууну каалаган долбоорлор, бир аз артка калтырылды. Бирок менимче Кытай менен Кыргызстандын мамилеси мурдагыдай эле. Ошентсе да Кыргызстанда экинчи жолку бийликтин дароо алмашып кетиши, Кытай тараптын кабатырлануусун жаратпай койгон жок.

Ошол эле учурда эки өлкө тарабынан даярдалып жаткан долбоорлор эки өлкөнүн пландарында турат. Эки тараптын адистери билдиргендей, Кыргызстандагы абалдын турукташуусу менен бул долбоорлор ишке аша баштайт.

“Азаттык”: Апрель айынын башында биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанова Кытайга иш сапары менен барып келди. Мына Кытайдын Мамлекеттик кенешинин мүчөсү келип жатат. Бул сапарларды Кыргызстан - Кытай ортосундагы кызматташтыктын жаңы баскычы катары баалоого болобу?

Эрлан Абдылдаев: Дароо эле айтуу керек. Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин бул жогорку деңгээлдеги биринчи байланыш болду. Маалымат каражаттарынан жыйынтык чыгарууга болот, чындап эле Бабановдун сапарында эки тараптуу байланыштын маселелери, тактап айтканда эки тараптуу долбоорлор талкууга алынды. Бул соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкка байланыштуу болду. Эки тарап тең инфраструктуралык долбоорлор үстүндө иштей турганы бекитилди. Эки тараптан тең энергетика тармагында жана тоо-кен жаатында кызматташууга кызыгуулар айтылды. Кыргызстанда болуп жаткан окуялардын фонунда бул Кытай тараптан тийиштүү кадам болуп саналат. Алар бул тармактарда кызматташууга даяр.

Бирок маалымат каражаттарында так айтылды. Бул пландардын ишке ашуусу үчүн Кыргызстандагы туруктуу абал маанилүү. Абал туруктуу болсо, көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууга даяр.

“Азаттык”: Кытай Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү катары саналып келет. Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кирүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул кадам Кыргыз-Кытай мамилесине кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

Эрлан Абдылдаев: Албетте Бажы биримдигинин түзүлүшү жана Кыргызстандын болжолду түрдө ага мүчө болушу Кытай менен Кыргызстанды соода байланышына таасирин тийгизбей койбойт. Бул учурга чейин Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы чоң өлчөмдөгү товар айлантуу, Кытай товарларынын Кыргызстандын аймагы аркылуу ошол эле Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө өткөн реэкспортко туура келчү.

Бажы биримдигинин түзүлүшү менен жана бажы багытындагы процедуралардын кириши менен кайсы бир мөөнөт ичинде Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануунун азайышын күтүүгө болот. Албетте, мүмкүн Кыргызстандагы ички абалга да терс таасир тийгизиши мүмкүн. Бирок бир катар адистердин, анын ичинде кыргызстандык талдоочулардын баамында, биз келечекте сооданын эл аралык стандарттарына өтүүгө туура келет. Ошондуктан товарлардын реэкспорту албетте азаят.

Балким алдыда Кыргызстан дагы активдүү катыша алган кызматташтыктын жаңы түрү пайда болушу мүмкүн. Азыркы тапта каралып жаткандай, Кытайдын аймагында, чек арадагы эки райондо, Кытай тарап эки экономикалык аймакты түзүүнү пландап жатат. Биринчиси Казакстандын аймагына багытталган Хоргосто, экинчиси Кыргызстан аркылуу кеткен Кашкар районунда болмокчу. Бул Кыргызстандын Кытай жана КМШ өлкөлөрү менен соода кызматташтыгынын бир ыкмасы болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстанды бириктирген темир жол куруу долбоору ишке ашпай келет. Буга эмне себеп? Бул жолдун кандай пайдасы болот?

Эрлан Абдылдаев: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору 1996-жылдан бери күн тартибинде турат. Азыркы тапта көптөгөн адистердин жолугушуусу болуп өттү. Буга чейин вице-премьер-министрдин визитинде эки тарап тең бул долбоор боюнча сүйлөшүүлөрдү күчтөндүрөөрү айтылган. Бул Кытайдын долбоордун ишке ашырылышына даярдыгынын белгиси.

Жакын арада Ислам Каримовдун Кытайга жасаган сапарында да бул суроо талкууга алынган. Бул жерде негизги суроо каржы маселесинде. Тараптар каржыны кайдан табышаары маанилүү. Өзгөчө Кыргызстандан өтө турган темир жол 2 миллиард доллардан кем эмес деп бааланууда. Тараптар ылайыктуу кызматташуунун түрүн табуу үчүн кошумча сүйлөшүү өткөрүшү керек. Кыргыз тарап өз кызыкчылыгына жооп берген демилгелерди көтөрүп чыгыш керек.

“Азаттык”: Маегиңиз үчүн рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG