Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору саясий кайым айтышка айланды.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков 14-июлда “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин бул долбоор боюнча айткандарын сындап билдирүү таратты. Анын алдында Текебаев Жалал-Абадда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда темир жолдун Жалал-Абадды аралап өткөн варианты “атамекенчилердин” тынымсыз аракети менен сакталып калды деп билдирген эле.

Чыныбай Турсунбеков "Өмүрбек Текебаев эки башка темир жолду чаташтырып жатат" деп билдирди. КСДП фракциясынын катчылыгынын башчысы Нурбек Беделбаевдин айтымында, сөз Иран жана Кытай каржылай турган эки башка темир жол тууралуу болуп жатат:

- Үч океанга чыккан темир жолдун курулушун Иран каржылайт жана ал Кашкар-Эркеч-Там-Сары-Таш-Камык-Дүйшөмбү-Иран аркылуу үч океанга чыгат. Өмүрбек Текебаев болсо Кытай каржылай турган темир жолду айтып жатат. Бизге Кытайдын Кашкарынын Кыргызстандын тоолору аркылуу Өзбекстанга өтүп кетүүнү сунуштап жатат. Кыргыз тарап болсо темир жолду Ат-Башы ГЭСи аркылуу, Ак-Талаанын Үгүт, Кош-Дөбө айылдарын аралап, Макмал, Атай аркылуу Жалал-Абадга алып өтүүнү, андан кийин Кочкор менен Балыкчыны кошууну караштырууда.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев темир жол тууралуу социал-демократтарды чычалаткан сөздү Жалал-Абадда жергиликтүү тургундар менен жолугушкан учурда айткан эле:

- Кытайдан Кыргызстан аркылуу Жакынкы Чыгышка, андан ары Европага чыккан темир жол өтүшү керек. Бул жол өтсө, Кыргызстан географиялык, коммуникациялык жана саясий туңгуюктан чыгат. Көз каранды болбой калабыз. Ушул жолдун курулушу үч жылдан бери кармалып, Эркеч-Тамдан кирип эле Тажикстанга өтүп кете турган коркунуч пайда болгон. Бирок биздин партия каршылык көрсөтүп отуруп, мурунку министр Калык Султанов Кытайга барып келишимге кол коюп келди. Ал кайрадан Нарын аркылуу Жалал-Абадга келип, түндүк менен түштүктү бириктиргенге жол ачат экен.

Варианттар көп, маселе талкууда

Бирок бул темир жолдун варианты азырынча так аныктала элек. Транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси күзүндө даяр болорун, каражат маселеси андан кийин чечилерин “Азаттыкка” билдирди:

- Азыр Кытай техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатат. Үчүнчү кварталда, сентябрда бүтүрүп беришет. Азырынча кайсы вариант экенин айта албайбыз, үч-төрт вариант бар. Ошолордун бирөөнө токтолобуз.

Темир жолдорду куруу жана долбоорлоо боюнча дирекциянын жетекчиси Канат Абдыкеримовдун ырасташынча,кыргыз тарап темир жол калк жашаган аймактарды мүмкүн болушунча көбүрөөк аралап өтсүн деп сунуштап жатат. Ошол эле кезде жол канчалык кыска болсо ошончолук башка темир жолдорго атаандаш боло алат дейт Абдыкеримов:

- Торугарттан кирип Жалал-Абадга өткөндөгү альтернативдүү жолдордун баарын тактап, иликтеп жатабыз. Өзүбүзгө, Кыргызстанга пайдалуу, биздин кызыкчылыкка жооп берген вариантты караштырып жатабыз. Мүмкүн болушунча эл жашаган аймакты көбүрөөк аралап өтсүн деген позицияда турабыз. Биздин өлкө аркылуу өткөн транзиттик жол канчалык кыска болсо атаандаштыкка туруштук бере алат. Мисалы, Казакстанда бир эмес эки темир жол курулган. Ошол жолдорго салыштырмалуу кыскараак болушу керек. Ушул жактарын да караштыруу керек.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу 20 жылга жакын убакыттан бери эле сөз болуп келет.

2002-жылы Кытай жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген жана анда 95 көпүрө, жалпы узундугу 50дөй чакырымга чамалаган 48 туннел салынышы керек болчу.

2012-жылы Кыргызстан темир жол боюнча өзүнүн долбоорун даярдаган. Ага ылайык, жол Торугарттан Ат-Башыга түшүп, андан Ак-Талааны аралап өтүп, Тогуз-Тородон Сузакка жетип, анан Өзбекстанга өтмөк. Кыргыз тараптын варианты боюнча жол узарып, 380 чакырым болмок. Бирок тоолорду тешүү, көпүрө куруу кыйла азайгандыктан курулуш баасы арзан болот деп ишендиришкен.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG