Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

Бишкекте эксперттер Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселесин талкуулап, андан Кыргызстанга пайдасы аз болгондуктан Кытай тарап темир жолду өз каражатына салыш керек деп айтышты.

Адистердин баамында, Кыргызстан түндүк менен түштүктү байланыштырган Казакстан менен Орусиянын долбоорлоруна көңүл буруш керек. Бирок Транспорт министрлиги өлкөдө темир жолду куруу боюнча Кытайдан гана сунуш бар экенин билдирип, бул долбоордон Кыргызстан утат деген жүйөнү карманып келет.

КМШ өлкөлөр институтунун Борбор Азия боюнча адиси Григорий Михайловдун айтымында, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси акыркы он беш жылдан бери күн тартибинде турса да, суроолор өтө көп:

- Темир жол аркылуу жүк ташылып, жыл сайын 200 миллион доллардай киреше болот деп жатышат. Бул сандар кайдан алынды? Белгисиз. Кээ бир чиновниктер киреше 200-300 миллион болот деп жатышат, башкалары, мисалы, Өмүрбек Бабанов былтыр 8 миллион болот деген сөзү бар. Андан сырткары, Кыргызстан бул темир жол аркылуу же Кытайга, же Өзбекстанга өз жүктөрүн экспорттой алат экен. Биздин өнөр жайыбыз болбосо, эмнени ташыйбыз? Анан дагы мени кооптондурган маселе, бул - эмиграция. Темир жол курулгандан кийин Кытайдан бул жерге анын көптөгөн жарандары отурукташып калышы мүмкүн. Көп миллиондуу калкы бар Казакстан менен Өзбекстан үчүн маселе жок, ал эми бизде кытайлардын саны бирден онду түзсө, маселе жаралат.

Айрым эксперттердин пикиринде, Кытайга бул темир жол биринчи иретте транзит үчүн эмес, Кыргызстандын тоо кен тармагын алыш үчүн керек. Анткени Кытай Европага Казакстан менен Орусиянын темир жолдору жана суу аркылуу, Жакынкы Чыгышка Пакистан аркылуу жүк ташып атат. Бул пикирге Smart business solutions Central Asia уюмунун өкүлү Марат Мүсүралиев да кошулат.

Ал эми Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеев Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жол Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн байланыштырбагандыктан, экинчиден, элдик конуштардан алыс курулуп аткандан кийин анын пайдасы аз деп эсептейт.

Казакстан жана Орусия менен Тараз – Талас – Токтогул – Жалал-Абад же Луговой – Бишкек – Балыкчы – Нарын – Казарман – Ош темир жолдорун куруу боюнча долбоорлорду талкуулаш керек дейт Жумакадыр Акенеев.

- Бул иштелип чыккан долбоор Орусия жактан сунушталып жатат. Ошого Орусия каражат маселесин да чечебиз деп Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан темир жолун курайын деп сунуштап атат. Себеби Кыргызстан Бажы биримдигине кирейин деп атат, анын артынан Тажикстан да кошулганы турат. Ал эми ага чейин алдын ала инфраструктура жаралып атат.
Кыргызстан бул темир жол аркылуу же Кытайга, же Өзбекстанга өз жүктөрүн экспорттой алат экен. Биздин өнөр жайыбыз болбосо, эмнени ташыйбыз?

Бирок Транспорт министрлигине караштуу Темир жана унаа жолдорунун башкармалыгынын башчысы Адылбек Акматов Орусия менен Казакстандан андай сунуштар түшпөгөнүн айтып, ал эми Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу боюнча маселеде да түндүк менен түштүктү байланыштыруу жолдору каралганын, тоо кендер боюнча маселе жок экендигин айтты.

- Бул темир жол курулуп калса, биз транзиттик мамлекет болуп калабыз. Анан бул жол салынып калса, биз түндүк менен түштүктү байласак болок. Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолу Нарын облусу аркылуу курулуп, Жалал-Абадга кетип атпайбы. Биз болсо үстү Балыкчыдан Кара-Кече аркылуу кошуп алсак болот да. Эгер Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу боюнча маселе чечилсе, түндүк-түштүктү темир жол аркылуу байланыштыруу реалдуу, чечилбей калса, ал жолду куралбайбыз.

Транспорт министрлигинин өкүлү Адылбек Акматов Кытайдан бул долбоордун техникалык жана экономикалык негиздемеси жакында эле келип, адистер таанышып жатканын жана анын баасы, узундугу жана башка маалыматтарды азырынча бере албай турганын айтты.

Кытайдын Кашкар шаарынан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга темир жолду куруп, жүктөрдү андан ары Европага ташый турган долбоорду Кытай Кыргызстанга 1997-жылы сунуштаган. Бирок анын курулушуна Орусия, Казакстан ачык болбосо да каршы болуп келатат, анткени Кытайдан аталган эки өлкө аркылуу өткөн темир жол бар.

Кыргызстан темир жол калктуу конуштар аркылуу өтүп, узундугу 250 чакырым болсун деп сунуштаса, Кытай тоо аркылуу 150 чакырым болсун деп келатат. Кыргыз өкмөтү темир жолдун курулушу жакындан тарта башталаарын билдирген.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG