Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Айтматовдун кол жазмасы табылды


Чыңгыз Айтматов жазган "Сүйүү тууралуу эки ооз сөз" эссесинен фрагмент.

Чыңгыз Айтматов жазган "Сүйүү тууралуу эки ооз сөз" эссесинен фрагмент.

Чыңгыз Айтматовдун али орусча же кыргызча басыла элек кол жазмасы табылды. "Азаттыктын" карамагындагы кол жазма «Сүйүү тууралуу бир нече сөз» деп аталат жана анын этегине жазуучу 9-ноябрь, 1961-жыл, Прага деп жазып, кол койгон. Орус тилинде жазылып, мындан 40 жылдан ашык мурда чех тилинде жарык көргөн үч барак эссени жазуучу Зденек Слабый Айтматовдон өзү суранып жаздырып алган.

1961-жылдын кеч күзү эле. Ал кезде Зденек Слабый Чехословакиянын "Златый Май" деп аталган балдар жана жаштар үчүн көркөм өнөр журналынын башкы редактору болуп турган. Чыңгыз менен курдаш Зденек жылдызы эми жанып, бүт дүйнөгө аты дүңгүрөп чыга баштаган Айтматовду ага чейин сыртынан гана билген.

"Златый май" журналынын Айтматовдун макаласы чыккан саны

"Златый май" журналынын Айтматовдун макаласы чыккан саны

- Андан бир нече ай мурда Москвада болуп, Сергей Баруздин менен таанышып калган элем. Баруздин СССРдин Жазуучулар союзунун баш катчысы болчу. Мен "Златый Май" журналына жергиликтүү гана эмес, чет элдик жазуучуларды да чыгарчумун. СССРден орустардан башка жазуучулардын чыгармаларын дагы жарыялоого аракет кылчубуз. Баруздин менен балдар жана жаштар үчүн советтик, негизинен орус жазуучуларынын чыгармаларын жарыялап туралы деп сүйлөшкөм. Ошону менен Баруздин бир күнү Прагага келген экен, биздин редакцияга баш бакты. Жанында Чыңгыз Айтматов бар экен. Айтматовдун өзү менен мурда кездешкен эмес элем. Ошентип таанышып калдык.


Ошондо Зденек Слабый алыскы кыргыз жергесинен келген атактуу жазуучудан "Златый Май" үчүн аңгеме жазып берүүнү сурайт:

Ал кезде Баруздин бизге кызыктуу көп макалаларды жазып баштаган. Мен эми «Бизге бир нерсе жазып бергиңиз келбейби?» деп Айтматовдон өтүндүм. Ал «Мен балдар үчүн жазбайм да» деди. Мен «Билем, бирок сиз сүйүү тууралуу китеп жазгансыз. Ал эми жаш муунду бул маселе кызыктырат. Ушул тууралуу бизге жазыңыз» дедим.

Ч.Айтматов СССР Жазуучулар Союзунун баш катчысы С.Баруздин жана чехиялык жазуучу Дагмар Лхотова менен, Прага, 1961-жыл

Ч.Айтматов СССР Жазуучулар Союзунун баш катчысы С.Баруздин жана чехиялык жазуучу Дагмар Лхотова менен, Прага, 1961-жыл

Айтматов анын сунушуна макул болот. Чачын ак бубак баскан Зденек Слабый аксакалдын Прагадагы тыкан, китепке толгон жарык батиринде отурдук.

Жашы 83кө таяп калган Слабый Айтматов менен таанышканда 31 жашта экен.

Өзүнөн болгону эки жаш улуу Айтматов кесиптешинин сөзүн эки кылбай, эртеси кээ бир жерлери оңдолгон үч бет кол жазма менен келет.

"Златый Майдын" редакциясы аны которуп, 1962-жылдын февралдагы санына басат.

Видео (орус тилинде):


Зденек Слабый Айтматовдун сүйүү тууралуу макаласы бүгүн да өз маанисин жоготкон жок деп эсептейт:

- Айтматов менен таанышуу бардыгыбызга чоң таасир калтырды. Ал дүйнөгө таанымал жазуучу болуп калган. Ал тууралуу Луи Арагон жазган. Анын «Жамийласы» дүйнөлүк бестселлерге айланган. Ал өзү өтө жөнөкөй, жайдары киши экен. Дос, жолдош катары сүйлөшүп кеттик. Анын сүйүү жөнүндө жазган сөздөрү сакталып калды. Менимче бул макала бүгүн да кызыктуу. Анткени ал сүйүү маанилүү экендигин, ал тууралуу ойлонушубуз керектигин, көркөм адабият бизге сулуулукту, бардык асылдыкты сүйүүгө жардам берээрин айткан.


Зденек Слабый Прагадагы батиринде

Зденек Слабый Прагадагы батиринде

Зденек Слабый андан жети жылдан кийинки советтик оккупацияга каршы башка социалисттик өлкөлөрдөгү жаштар жана балдар журналдарынын редакторлору менен бирге нааразылык катына кол койгон. Ошондон кийин ал редакторлук кызматтан кетүүгө мажбур болгон.

Балдар үчүн «Вавринец мышыктын чоң китеби», "Сары мышыктын сырлары" деген өңдүү таанымал чыгармалары орус, жапон тилдерине которулган. «Бөлөкчө музыканын дүйнөсү» (Svet jine hudby) деген альтернативалык музыка боюнча ири энциклопедиянын автору.

Азыр басылмага даярдалып жаткан «Жолугушуулар» (Podkovani, Setkavani) aттуу эки томдугуна Чыңгыз Айтматов менен Прагадагы кездешкени жөнүндө да эскерүүсү кирет.

Төмөндө Чыңгыз Айтматовдун Прагада табылган ошол кол жазмасын толугу менен сунуштайбыз. Аны "Азаттык" кыргызчалады.

СҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ БИР-ЭКИ ООЗ СӨЗ

Адамдардын материалдык өндүрүштөгү, илим менен маданияттагы тажрыйбасы муундан муунга мурас катары өтүп келет. Мен муундардын тажрыйба алмашуусун адамдардын руханий жандүйнөсүндө да дайыма жашай берчү ыйык нерсе катары ойлой берем. Менимче, балага эркек менен аялдын ортосундагы чыныгы сүйүү деген эмне экенин жаштайынан түшүндүрүү, жашоонун эң эле керемет кездерин туура кабылдоого, андан эстетикалык ыракат алууга үйрөтүү өзгөчө маанилүү. Бул үчүн, албетте, негизги роль көркөм адабиятка таандык. Андыктан көп нерсе китепке байланыштуу. Адамзат адам болгондугу үчүн буу машинеси менен электрди биринчи ойлоп тапкандарга караганда Ромео менен Жульеттанын, Толстойдун Анна Каренинасы менен шолоховдук Аксинья өңдүү адабияттын өлбөс-өчпөс образдарына көбүрөөк милдеткер. Адабият адамды адам кылууга, анын сезимдеринин көкөлөп учуусуна, сүйүүгө кыялкеч мамиле жасоого, ошондой эле ага текеберлик менен шек келтирүүгө да калыптандырат. Бардыгы автордун социалдык ой жүгүртүүсүнө, анын гумандуулугуна, адамдагы керемет касиеттерди таба билүүсүнө байланыштуу болот.

Мен адабиятчы катары сүйүүнүн татаалдата сүрөттөлүшүнө жана сүйүү сезимдеринин чиеленишкен сыйкырдуу кагылышуусуна, азыркы, айрыкча батыштык жазуучуларга таандык психологиялык чеберчилик менен маани-маңызын жерине жеткире ачып бергенге каршы эмесмин, эң башкысы окурман ушунун баарынан жан дүйнөсү жайнай ала тургандай азык алса, сарсанаага батып, сагынычын таратса болгону, ушундан кийин гана адам дагы бир тепкичке бийиктеп, бардык тарабынан сонун боло түшөт эмеспи. Бирок мага бир нерсе - автордун бирөөнүн туңгуюк жашоосун казгылап, чукугулап, адамдын жагымсыз жактарын, пастыгын издеп, аны кандай жол менен болсо да таап чыгууга аракет кылганы, бир кызыгы, коомчулуктун дал ушундай жагымсыз жактарга көңүлүн көбүрөөк бурганы, адамдын Кудай жараткан “кемтик” жактарын келекелеп тургандарды жактырганы жакпайт.

Мага окурман катары да, адам катары да, бала чагымда эчак эле хрестоматиялык архаизмге айланып кеткен “Капитан кызы” эстен кеткис таасир калтырган. Чынында эле жаш окурман үчүн сүйүү тууралуу мындан мыкты, мындан сонун чыгарма али жазыла элек деп ойлойм. Башкаларды билбейм, мага ошондой сезилет. Азыркы жазуучулар эмнегедир тагдырдан таалайын таппаган, жан дүйнөсү жайраган жагдайга тушуккан каармандарды көбүрөөк издешет. Мен Селинджердин “Айдоо четиндеги жардын кырында” (“Над пропастью во ржи”) деген романын аябай кызыгып окуп чыккам. Андан кийин “Эсмеге арналат” деген аңгемесин окуп, Селинджердин ушундай нерсени жазганына катуу өкүнгөм. Он үч жаштагы секелек кыз менен отуз жаштагы жоокердин ортосундагы мандемдүү баянды, акылга сыйгыс окуяны, же достукка, же сүйүүгө окшобогон бир нерсени жазыптыр. Аңгемени окуган соң ички дүйнөңдө сасык тумандуу, суук, ээн көчөдө жанган чырактыкына окшогон үрүл-бүрүл жарыктан бөлөк эчтеке калбай калат экен. Жаш окурманды мындай кой, чоң кишинин да ичикилик сазайын бергенден кийинкидей башы ооруп чыгат.

Мага, биздин социалисттик адабият гана сүйүүнү башкача жазгандай жана жаза бере тургандай сезилет. Коммунизмдин гүлдөгөн кезиндеги адамды жана анын сүйүүгө толгон жүрөгүн таңдагы таза жана жарык мейкиндикке чачылган шоола түстөрү сыяктуу сыпаттап жазгым келет.

Адамды жаштайынан эле искусствонун жана жашоонун кереметин туя билгенге тарбиялашат. Аларга музыканы, живописти, бийлегенди жана ырдаганды үйрөтүшөт. Менимче, адамга таандык касиеттин эң сонун керемети – сүйүүнү дагы жакшылап түшүнүүгө үйрөнүшү керек. Алар муну көркөм адабияттан үйрөнүшөт, адабий чыгармачылыкка тиешеси барлардын баарын ошого милдеттендирет.
Чыңгыз Айтматов
Прага 9/XI- 61

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG