Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Алмазбек Атамбаев Гагаузиянын лидери Ирина Влах менен жолугушту


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда Гагаузия автономдуу-аймактык бирикмесинин башчысы Ирина Влах менен жолугушту.

Алар эки элдин ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды эске алуу менен маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Атамбаев II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келгени үчүн Ирина Влахка ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Ирина Влах меймандостук үчүн рахмат айтып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө элдеринин каада-салттарынын жана маданиятынын кайра жаралуусунда өзгөчө роль ойноп жатканын билдирди.

Гагаузия Молдованын түштүгүндөгү автономдуу аймактык бирикме болуп саналат.

XS
SM
MD
LG