Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Жакупова шаардык сотко кайрылды


Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

Октябрь райондук соту “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, мурдагы депутат Чолпон Жакуповага өлкөдөн чыгууга тыюу салды.

Баш прокурор Индира Жолдубаева президент Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркын, ар-намысын коргоп “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси, мурдагы депутат Чолпон Жакупованы жана Zanoza.kg сайтын сотко бергени 28-апрелде белгилүү болгон. Ага Жакупованын ушул жылдын 30-мартында Бишкекте өткөн тегерек үстөлдөгү сөзү жана анын Zanoza.kg сайтына жарыяланышы себеп болгон. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна сайттын журналисти Нарын Айып билдирди:

- 30-мартта биздин сайтта акыйкатчы өткөргөн жыйын тууралуу жаңылык чыккан. Ал жаңылыкта Чолпон Жакупова "бул адамды кимдир бирөө токтотушу керек го" деп айткан. Жаңылык азыр да сайтта турат. Жоопкерлер төртөө: сайтыбызды негиздеген "Промедиа" фонду, аны түптөгөн мен жана Дина Маслова анан Чолпон Жакупова. Ар бир жоопкерден 3 млн сомдон талап кылынып жатат. Баары биригип 12 млн сом. Доонун суммасы чоң болгондуктан, аны камсыз кылуу үчүн судья Кымбат Архарова үчөөбүзгө тең "Кыргызстандын аймагынан чыкпашы керек", ал эми Жакупованын "мүлкүн камаш керек" деген аныктама чыгарыптыр.

Бул маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат кызматы ырастап, доо арыз 20-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлгөнүн билдирди.

Сөз эркиндиги боюнча 30-мартта өткөн жыйын.
Сөз эркиндиги боюнча 30-мартта өткөн жыйын.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, укук коргоочу Чолпон Жакупова Башкы прокуратура өзүн сотко бергени тууралуу 28-апрелде журналисттерден укканын, колуна эч кандай маалымдама албаганын “Азаттыкка” билдирди:

- Мен доо арыздын көчүрмөсүн 28-апрелде түштөн кийин гана колума алдым. Анда жазылгандарды көрүп жылмайгандан башка аргам болгон жок. Мен анда катуу сүйлөгөнүмдү жашырбайм. Бирок мен өлкөдөгү болуп аткан окуяга, бийликтин аракеттерине, ошонун ичинде Атамбаевге байланыштуу өзүмдүн оюмду айткам. Анда түз фамилиялар, кемсинткен сөздөр айтылган эмес. Мыйзам боюнча кайсы бир маселе боюнча көз карашты билдирген кылмыш болбогондой эле, сарказм дагы, ирония дагы кылмыш эмес, эгер бул түз кемсинтүү же маалыматты бурмалоо болбосо.

Октябрь райондук сотунун укук коргоочунун чет өлкөгө чыгышына чектөө киргизгенин мыйзамсыз деп эсептеген Жакупова Бишкек шаардык сотко кайрылды:

- Сот мени бул өлкөдөн качып кетет деп коркуп ушундай чечим чыгарыптыр. Мындай чечим чыгаруу үчүн алгач мени иштин материалдары менен тааныштырышы керек болчу. Сот Жарандык проссесуалдык кодекстин 150-беренесине өткөндөн мурда 149-беренесин сакташы керек эле. Ал эми мага карата мындай тыюу салганы нонсенс. Ошондуктан мен өз укугумду коргойм.

Кыргызстандагы “Сөз эркиндигин коргоо” комитети Баш прокурордун акыркы аракетине байланыштуу тараткан кайрылуусунда Жакупова майдын башында шайлоо мыйзамдары жана сөз эркиндиги боюнча АКШда өтө турган жыйынга катышып, сөз сүйлөрү белгиленген.

Комитет кайрылуусун эл аралык уюмдарга, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө, президент Алмазбек Атамбаевге жолдоп, аларды сөз эркиндигин басмырлоого, демократиялык принциптерден чегинүүгө, адамдардын эркин жүрүү жана менчик мүлкүнө ээ болуу боюнча конституциялык укуктарын бузууга жол бербөөгө чакырган.

Айнура Арзыматова
Айнура Арзыматова

Бирок Башкы прокуратуранын мындай кадамын колдогондор да жок эмес. Алардын бири тарых илимдеринин доктору, профессор Айнура Арзыматова Жакупова саясий ишмердүүлүктө эмоциясын чыгарбай, карманышы керек деген пикирде.

- Баары бир саясий жараяндарда, саясий ишмердүүлүктө эмоционалдык жактан бир аз сабырдуу болуш керек. Жакупова өзүнүн өтө эле эмоционалдуу, ашынган позициясы менен белгилүү. Албетте, бул Жакупова айтып жаткан кишилердин беделине кайсы бир деңгээлде залалын тийгизет. Ошол эле Атамбаев жөнүндө айткандары. Биз президент же премьер-министр тууралуу сүйлөп жатканда саясий талкуунун рамкасы болушу керек. Мисалы, Чолпон Жакупованын ар кайсы жыйындарда ачык сүйлөп, ачык маек берип жатканы Кыргызстанда сөз эркиндигинин бар экенин көрсөтөт. Бирок жалган маалыматтардын эркиндиги жок.

Жакупова менен кошо Zanoza.kg сайтына коюлуп жаткан кезектеги доо арыз төртүнчү ирет берилгенин юрист Акмат Алагушев мындайча белгиледи:

- Чындыгында эле бул куугунтукка жатып калат. "Занозага" байланыштуу бешинчи доо арыз түштү. Алардын мындай доо арыз бергенге укугу бар, бирок бул президенттин ар-намысына шек келтирген маалыматпы же жокпу, чындыкка дал келген маалыматпы, аны сот териштириши керек.

Zanoza.kg сайтына байланышкан бул жаңы иш боюнча соттун биринчи отуруму 2-майга белгиленгени айтылууда. Март айында Башкы прокуратура президенттин кадыр-баркы менен ар-намысын коргоп Zanoza.kg сайтына карата үч арыз, апрелдин башында дагы бир арыз жазган болчу.

"Азаттыктын" архиви: Сөз эркиндиги боюнча өткөн талкуу. 30-март, 2017-жыл
Сөз эркиндиги: тегерек үстөл максатына жетпеди
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:26 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG