Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

Андан бери үч жылдын жүзү болду. Жердешибиз Чолпон катуу ооруп жыгылды деп уккан элек. Колдон келген жардамыбызды берип, операциясы ийгиликтүү аяктаса экен, бутуна туруп кетсе экен деген тилек кылганбыз. А бирок...

"Эптеп коляскага отурганга жарасам болду, Кыргызстанга кетем" деген жакшы тилек орундалбай, мекендешибиз Чолпон Кыдырмышова дале төшөк тартып, илдет туткунунда. Кырсык бир келсе кабаттап басат тура, өткөн жылдан тартып көзү да көрбөй калды. Жердешибиздин абалын билүүгө үйүнө бардык.

Чолпон азыр керебетинин башын жогору көтөрүп, кайра түшүргөнгө гана жарайт. Биз барганда бир аз отуруп, андан кийин кыйналып кеттиби, кайра түшүрүп алды. Келгениме сүйүндү көрүнөт негедир маанайы ачыла түштү. Жоолугун башына салып, түйүлгөн моюн орогучту ийнине жапканга шашылып, “коё турчу, сүрөткө тартсаң эл эмне дейт. Кичине оңдонуп алайын” деп шашып калды. Өткөн-кеткенди айтып, бирде кубанып, бирде көз жашын төшөгүнө куюлтуп ыйлап, көпкө отурдук. "Терезе жакты карап жатканым менен күндүн чыкканы деле, батканы деле билинбейт. Кызым жумушка кеткен убакта гана таңдын атканын сезем"-дейт.

- Кырк беш жашымда баспай калбадымбы, азыр кырк сегиздемин. Баягыда интернетте жазылыптыр, мындай оору менен жыйырма жыл деле жашай берет деп. Жок дегенде коляскага отурсам жакшы болмок. Мурда көзүм көргөндө китеп окуп, англисче үйрөнүп аттым эле. Эми минтип телевизордун үнүн угуп гана күн өтүп калды.

Чолпон үй-бүлөдө сегиз бир тууган. Жети-Өгүз районундагы Макаренко орто мектебин аяктаган соң, Алматыдагы мединститутта беш жыл окуп, фармацевт кесибине ээ болгон. Алгач айылдагы дарыканада иштечү. Анан тагдырдын албуут дарыясы миңдеген мекендештерибиз сыяктуу эле аны Чехияга агызып келди.

- 2005-жылы 12-июнда келдим. Эки айча жумуш болбоду. Анан шаар четиндеги бир заводдо иштедим. Көп өтпөй Прагага келип, кийим тигүүчү цехке жумушка орноштум. Төшөк тикчүмүн. Завод менен үйдүн ортосу аябай алыс болчу. Жолго эле бир жарым саат кетет, сегиз саат иштеп, кайра үйгө кайтасың. Кийин борбордогу бир бала бакчада, ал жабылгандан кийин мейманканада иштедим. 2006-жылдын күз айлары болчу. Кышка дейре ошол жерде иштеп, жаңы жылда Кыргызстанга баргам. Ошол убакта апам ооруп калды. Менде болсо убакыт жок, визамды узартышым керек. 2007-жылы февралдын аягында бул жакка келдим. Бирок марттын башында апам кайтыш болуп кетти. Ошондо катуу кейидим.

Эки-үч ай өткөндөн кийин басалбай калат. Көп жылдык оор жумуштанбы же кошул-ташыл кайгыданбы - ким билсин. Дарыгерлер булчуңдар жабыр тарткан деген диагноз коюшат. Оорукана аттуунун баарын түрө кыдырып, абалы оорлоп баратканда Кыргызстанга кетүүгө аргасыз болот. Ошондо Бишкектин дарыгерлери бат эле бутуна тургузуп койгон. Эми мындан ары оңолуп кетермин деген курган үмүт жетелеп, жарым жылдан соң кайра Прагага келип жатпайбы.

Прагада жердештер менен Жаңы Жылды тосуу, 2008-жылдын декабры

Прагада жердештер менен Жаңы Жылды тосуу, 2008-жылдын декабры

- 2010-жылдын февраль айынан тарта бутум баспай калды. Залалдуу шишик бар деп айтышты. Операция жасалды, ага төлөнчү акча 120 миң кронду (6 миң АКШ доллары) түздү. Прагадагы кыргыздар чогултуп, жыйырма миңин араң төлөдүк. Калган карызым ошол бойдон моюнумда. Эми аны төлөй аламбы же жокпу билбейм. Бирок операция ийгиликтүү болгон жок. Илдет баскан жерди кесип салууга мүмкүнчүлүк жок экен. Чех медицинасынын күчү жетпейт дешти.

Европада медициналык камсыздоо системасы бар. Расмий иштеп, ай сайын төлөп турса, андагы чогулган акчанын кайсы бир учурда жардамы тиймек. Бирок Чолпондун иштеген убактысы аз болгондуктан медициналык камсыздоого чогулган каражаты операцияга жеткен эмес. Бул учур өтө эле оор болду. Асел, Нуриса деген кыздар түрдүү жардамын берип, чуркап жүрүштү. Кандай болгон күндө да бул өлкөдө расмий калуу максатында чех мамлекетинен гуманитардык баш калка алуу арызын даярдашат.

- Бир учурда кичине басып калгам. Анан эле бир күнү эсимди жоготуп жыгылдым. Көзүмдү ачкандан кийин мени Прагадан сыртка алып барышты. “Ческибро” деп аталган бул ооруканага ичээр суусу түгөнүп бараткандар гана жатат экен. Мени дагы бүгүн-эртең көз жумат деп ойлошсо керек. Айрым дарыдан аллергия болгонума карбай мага укол сайып атышыптыр. Ого бетер акыбалым оорлоп, кыйналдым. Дагы жакшы, кыргыз кыздары жанымда чуркап жүрүштү. Алар арызымды тапшырып, акыры бул өлкөдөн гуманитардык башпаанек алууга жетиштим. Эгер ал болбогондо ким билет эле? Кийин качкындар уюмунан Павлова деген кыз көмөк көрсөтүп, Кыргызстандагы кызыма үй-бүлөнү бириктирүү визасын ачтырып берүүгө чоң жардам берди. Негизи жашооң жакшы адамдарга толтура экен. Мен жыгылгандан бери кимдер гана кол сунган жок. Анарбек, Мырзабек, Жеңиш деген балдар келип, жардам кылышат эле. Азыр көбү кетип калышыптыр. Ооруканага чейин барышып, колу-бутумду укалап, мени тургузганга аракет кылышты. Бирок бул дарт айыкпас дешет. Жүз миң адамдын бирөө ооруйт дешти доктурлар. “Бактылуу” экенмин дедим. Былтыртан бери көзүм да көрбөйт. Бул да илдеттин айынан экенин айтышкан, эгер дарт башымда болгондо бат эле кесип салышмак экен.

Кызы Агилия быйыл жыйырмадан жаңы ашты. Күндүзү жумушта иштеп, кечинде келип, төшөктөгү апасын карайт. Кыргызстанда болгондо тууган-урук каралашып, мынчалык кыйналмак эмес. Былтыртан бери Прагадагы окуу жайлардын бирине да кирип алган. Эртең менен окуусуна үлгүрсө, түштөн кийин жумушуна барат. Беш тилде эркин сүйлөгөн тың кыз апасынын бедели, таянаар тоосу, эш туткан медери. "Окуусун бүтүп Кыргызстанга барса, жакшы жумуш табылып, бактысы ачылып кетсе" деген тилеги күч эненин.

Бир убакта Агилия да келди. Жумуштан чарчадыбы, өзүң тууралуу айтып берсең деген суроомо көнбөдү. Иштеген айлыгы апасынын дары-дармегине толук жетпегенин, Чехия өлкөсүнүн социалдык бөлүмү жалдап берген батир менен күнүмдүк тамак-ашынан артпаганын айтып, суз отурду.

Тагдыр жазмышын неден деп болбойт. Бул күндөр да өтөөр. Эртедир-кечтир жакшылыктан үмүт үзбөө керектигин, Агилиянын келечеги кең болсун деген каалоомду айтып, жылуу коштошуп сыртка чыктым...

  • 16x9 Image

    Карамат Токтобаева

    1998-жылы КМУУнун журналистика факультетин аяктап, 1997-2003-жылы “Асаба”, “Агым” гезиттеринде эмгектенген. Баткен окуясында курман болгондорго арналган “Жоокерлер кушка айланып учуп жүрөт” аттуу эскерүү китептин автору. "Азаттыктын" блоггери, Прага шаарында жашайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG