Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Ош облусунун Чоң-Алай районунда таза суу маселеси элди кыйноого салып келет. Райондо 17 айыл болсо, анын жарымынан көбүндө тургундар таза суу ичишпейт. Мунун айынан элетте оорулардын саны жылдан жылга көбөйүп баратканы айтылууда.

11 жаштагы Изаттилла Элчибек уулу күнүгө 2 кичинекей үкөсүн ээрчитип алып суу ташыйт. Айылдын бир башынан экинчи башына 40 литрлик фляга суу ташуу ал үчүн оор деле болбой калган. Азыр да көп кыйын эмес, айрыкча кышкысын “суу ташыш керек” дегенде жүрөгү зыркырайт:

- Аябай көп балдар суу ташыйт. Азыр болгону көбү жайлоого чыгып кеткен үчүн эле аз болуп атат. Эртең күздөн баштап суу ташыгандар көбөйөт. Кышта чана менен, эшек менен ташыйбыз. Суук болгонуна карабайбыз. Суу алып келе жатсам чанам тайгаланып кетип, суу төгүлүп калды. Кайра барып алып келүүгө туура келди. Мындайлар көп эле болот.

Чоң-Алайдын Кара-Кабак деп аталган бул айылында жашоочулар таза суу дегенди унутуп деле калышкан. Шор болгон кичинекей булактан балдар Изаттиллага окшоп ташып келишсе, ташыбагандары мөңгүдөн аккан ылай сууну ичишет. Анын да жайында соолуп, кышында тоңуп калмай адаты бар. Айылдын тургуну Бөрүбай Кулжанов “Азаттыкка” буларды айтты:
- Тиги жерде бир крандан суу чыгарып, 5 сомдон сатып иччү элек. Кийин ал токтоп калды. Май жок, мотор жок. Азыр ушул жерди чукуп, түтүк коюп, суу чыгарып алганбыз. Бирок кышында тоңуп калат.

Шорлуу келгенине карабай, айла жок ичүүгө туура келет. Андан ичкиси келбегендер төмөн жактагы сайдан алып келет. Болбосо, ылай болсо да арыктан мөңгүнүн суусун ичиш керек. Элге кыйын эле болду.


Айылдын дагы бир тургуну Сатимбү Акматова таза суунун жоктугунан айылда оорулардын саны көбөйүп жатканына токтолду:

- Кургак учук абдан көбөйдү. Үй-бүлөсү менен ооругандар бар. Агып жаткан сууну уй да, кой да ичет, андан барып адамдар да ичет. Тиги булактагы түтүктөн малдар жалап ичет, аны балдар оозун жууп туруп алмак беле? Мал ичкенден кийин куюп баса берет. Анан дарт жугат.

Кара-Кабак айылында учурда 100дөн ашык кожолук жашайт. Бул үйлөрдүн баарына жеткидей түтүк тартуу үчүн кеминде 8 млн. сомго жакын акча керек. Эл аралык уюмдар болсо, жок дегенде ушунун жарымын өзүңөр чыгарбасаңар таза суу жок деп келатат.

Азырынча болгону 250 миң сомдой гана акча чогултулду. “Бирок бул азыр жетпейт” дейт айыл башчы Шералы Шамурзаев:
- Эл аз болгондуктан салым да аз болот экен. Анан азыркы элдин социалдык абалына байланыштуу акча чогултуу да кыйын. Сыртта жүргөн мигранттар кичине акча топтоп беришкен. Бирок ал такыр жетпейт.

АРИСтин планында биздин айыл да бар эле, быйыл негедир алдырып салышыптыр. Ошого жакын арада таза суу келет деп айтыш кыйын.


Чоң-Алайда таза суусуз отурган бир эле ушул Кара-Кабак эмес. Райондо жалпысы 17 айыл болсо, болгону 2-3 айылда эле суу маселеси чечилген. Аймактагы алтын заводдорунун жана эл аралык уюмдардын жардамы менен дагы 5 айылда эми таза суу чыгарылышы мүмкүн.

Бөрүбай Кулжанов
Райондун акими Азизбек Алайчиев таза суу жергиликтүү бийликтер чече албай турган көйгөй деп кол куушурууда:

- Биздин район 95% дотацияда отурабыз. 5% деген эмне? Ал болгону ошол элден жыйналган салык. Кайра ошол элдин өзүнө эле жумшалат.

Бирок ал суу деген маселеге ал такыр жетпейт. Ошол себептүү биз ар кандай инвестицияларды тартышыбыз керек. Ансыз эч жакка бара албайбыз. Бизде иштеп жаткан “Интербизнес Кайди” фирмасы, АРИС, ПРООН, Ага Хан фонду бул тармакта жардам берип келе жатат. Бул уюмдардын жардамы бизге аябай көп тийип жатат.


Бирок азырынча райондогу калган 10 чакты айыл таза суусуз жашап турчудай. Жашоо оңолуп кетсе өз аракеттери менен эле түтүк тартышпаса, болбосо кудай деп көрүнгөн жерден булак издегенден башка арга жок.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG