Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:06

Малынан айрылган Тургуналы аксакал


Чарбасы кар көчкүнүн алдында калган Тургуналы Садыков өкмөттөн жана коомчулуктан жардам сурап кайрылды. Тургуналы аксакалдын 160 коюн кар көчкү басып калган.

Чоң-Алай районунун Жекенди айылындагы фермердин 160 коюн кырсык алып кеткен. Каргаша тийген түндү Тургуналы Садыков мындайча эскерди:

- Кечкисин кадимкидей эле малды камап жатканбыз. Түндө саат 2 жарымдар чамасында кар көчкү түшүптүр. Чыксак, там-таштын бары ичиндеги 200 койду жана бодо малдарды кошуп басып калыптыр. Тептегиз болуп, эч нерсе жок. Кардын астынан сууруп атып бир аз кой-уйду араң аман алып калдык.

21-мартта элдин баары Нооруз майрамын белгилеп жүрсө, алар койлордун өлүгүн топтоп жүрүштү. Кантсе да аксакал үй-бүлөсүнүн аман калганына шүгүр келтирет:

- Баарынан да үйдү басып калбаганына каниет кылам. Өзүбүз, бала-чака эсен калды. Бул деген табияттын кырсыгы да, мал-жанды кошуп, баарыбызды басып калса эмне кылат элек? Күндүз болсо да бир жөн, түн жарымда болсо, каякка качат элек? Кудайдын эрки экен да, кантели, айла жок.

Деген менен 80 жылдык өмүрүндө тапкан-ташыган дүйнөсү заматта эле кардын астында калганы Тургуналы аксакалга жеңил болгон жок. Мындан кийинки бала-чакасынын тирилигинен да кабатырланат. Короодогу 200 койдун 20га жетпегени гана тирүү калган. Бодо малдан да 10 чактысы кырылган:

- Облус жетекчиси, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү келип кеткен. Аларга арыз жазып, бардык документтерди тапшырганбыз. Эми кандай жардам кылат экен, эмне болот экен деп эле кулак түрүп турабыз. Бирок ошол боюнча дайын жок. Эми мындан ары кандай жашоо болот, кандай тирилик болот... Билбей эле калдык.

Садыковдордун үй-бүлөсү бул жерден башка жакка жылбаса, бул көчкү дагы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок үйдү которууга аларда азырынча каражат жок. Тургуналы аксакалдын уулу Сыргак:

- Мурда көчкү түшөөрүн билчүмүн. Эми пендечилик да, кадимкидей жашап атканбыз. Кар көп түшкөн жылдары гана кичине-кичине көчүп калбаса, 20 жылда бир эле кайталанчу. Анда деле мынчалык болчу эмес. Ошо күнү деле кырсык болоорун ойлободук, капыстан эле басып калды. Эми бул жерден түп тамыры менен жылсамбы деп отурам. Бирок башка жерге үй салганга азыр менде каражат жок.

Жекенди айылындагы бул кырсык райондогу жалгыз жаман окуя эмес. Кокустукка кабылгандарга жардам берүүгө жергиликтүү бийликтин шарты жок.

Чоң-Алай районунун акими Азизбек Ашыралиев "Азаттыкка" мындай деди:

- Кырсык каш-кабактын ортосунда экен. Биздин райондон Жекенди айылында 1 үй-бүлөнүн 170 коюн кар көчкү басып калды, Жаш-Тилек айылында 14 уйду көчкү алып кетти. Мындан сырткары Кашка-Суу айылынын округунун Каракабык участкасында 3 жылкы кар алдында калды. Булар боюнча биз райондук комиссия жеринде көрүп, иликтеп, тактап, акты түздүк. Аларга жергиликтүү бийликтин деңгээлинде жардам берүү кыйын. Ошондуктан азыр жогорку бийликтерге кайрылып атабыз.

Кардын калың жаашы менен быйылкы кышта Кыргызстан боюнча 40 миңдей малдын башы кырылган. Тоют тартыштыгынан 32 миңден ашык кой-эчки, 4 миңден ашык ири бодо мал, 2 миңден ашык жылкы жана 1000ге жакын топоз ачкадан өлсө, калганы кар көчкүдө калган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG