Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

Бойго бүтөрү менен же алдын ала эле лабораторияга барып, төрөлөр баланын эркек же кыз болорун аныктап алчу доорго жеттикпи? Баланын жынысын Кыргызстанда кеңири жайылган жылнаамеге салып эсептөө ыкмасын канчалык так?

Канада, Британия сыяктуу өлкөлөрдө жасалма жол менен уруктандыруу учурунда түйүлдүктүн жынысын тандоону тыйган мыйзам иштейт. Ошол эле кезде бул өлкөлөрдө карындагы баланын генин "редакциялоо ыкмасына" уруксат берилген. Кошмо Штаттардагы атактуу фотомодель Крисси Тейген күйөөсү Жон Леженд экөө жакында эле балалуу болууну пландап жатышканын, бирок алар болочок наристеси кыз болушун эңсегендиктен табигый уруктандуруу эмес, жасалма жол аркылуу кыздуу болушарын жар салышып, эл аралык коомчулуктун сынына кабылышты.

Кыз же уул төрөөнү алдын ала пландаса болобу? Азыр Кыргызстанда да кеңири жайылып жаткан календарлык эсептөө ыкмасы канчалык так? Ушул суроо бишкектик Аселди бир топ жылдан бери толгонтуп келет. Анын 3 кызы бар. Эми уулдуу болууну эңсеп турган чагы:

- Менин 3 кызым бар. Эркек балалуу бололу деп ойлонуп жатабыз. Кандай кылсак, эмне туура болот деп кеңешип эле жүрөбүз. Анан азыр ар кандай кытайдын, корейдин календарына салып эсептеп төрөсө болот экен деп айтып жүрүшөт го. Негизи бул туура эмес экен. Мен өзүм үчүнчү кызымды төрөөрдө ошентип календарга эсептеп пландаганбыз. Эсептеген догдурлар деле 100 пайыз эркек болот дешкен. Бардык нерсе кудайдан окшойт. Бул багытта көп гезит, журналдарды окуйм. Овуляцияга жараша деген да ыкманы уктум. Эми күн жылыганда жолдошум экөөбүз тең врачтарга текшерилип, овуляцияны эсептеп, дагы бир аракет кылсакпы деп жатабыз.

Аялды айыптоо туура эмес, баары эркекке байланыштуу

Аялдын жумуртка клеткаларынын бардыгы Х хромосомасынан турат. Ал эми эркектин 100 миллионго чукул сперматазоидинин жарымы Х жарымы Y хромосомасы. Эгерде аялдын Х жумуртка клеткасы менен эркектин Х хромосомасы бириксе кыз, тескерисинче Х менен Ү бириксе эркек төрөлөрү жалпыга маалым. Бирок эл арасында жалаң кыз же эркек төрөдү деген айыпты көбүнесе аялга коюшат. Бул канчалык туура деген суроону Бишкектеги "Хьюман" медициналык борборунун гинеколог-дарыгери Асыл Исмаиловага узаттык:

- Аялга байланыштуу эмес, бул түздөн-түз эркектин гана бел суусундагы хромосомалардын канчалык деңгээлде активдүү экенине гана байланыштуу. Башкача айтканда, кыз же уулдуу болуунун мүмкүнчүлүгү 50-50. Ү хромосомалар өтө кыймылдуу келет, бирок бат эле чарчап өлүп калышат. Кыздуу болууну камсыздоочу Х хромосомалары болсо абдан жай жүргөнү менен көпкө туруштук берет. Бардык эле жубайлар кыздуу да, уулдуу да болгусу келет эмеспи. Ушундан улам жанагындай эсептетип, ар кандай жадыбалдарга муктаждык жаралып жатат окшойт.

Календарга салуунун илимий негизи жок

Дүйнөдө баланын жынысын тандоо 1978-жылы алгач ирет жасалма уруктандыруудан биринчи наристе төрөлгөндөн бери кеңири жайылган көрүнүшкө айланды. Бирок мунун этикалык жагы бир топ талашты жаратып келет. Ошентсе да Кыргызстанда акыркы мезгилде гинеколог-врачтар ар кандай календарларга салып, түйүлдүктү пландоону сунушташат. Мунун канчалык деңгээлде натыйжалуу жана илимий негизи бар экенине Асыл Исмаилова мындайча жооп кайтарды:

- Эсептөөлөрдүн пайызы абдан төмөн. Анын үстүнө эч кандай илимий негизи жок. Эми ар кандай календарлар менен санап койсо эле туура келип калышы ыктымал. Бирок бул жөн гана кокустук. Болочок баланын жынысы жалгыз гана эркектин тукумуна же уругуна көз каранды.

Тамак-ашка шылтаган да эски ыкма

Жасалма уруктандыруу - ЭКО аркылуу төрөгөн учурда баланын жынысын тандоо мүмкүнчүлүгү берилгени менен, бардык эле клиникаларда аны ишке ашырууга шарт жок. Анын үстүнө түйүлдүктүн жынысын тандоо арзан бааланган процедура эмес.

- Аялга байланыштуу эмес, бул түздөн-түз эркектин гана бел суусундагы хромосомалардын канчалык деңгээлде активдүү болгонуна гана байланыштуу.

1990-жылдардан бери мал чарбачылыгында жасалма уруктандыруу учурунда сперматозоиддерди лазердик нур менен бөлүү ыкмасы колдонулуп келе жатат. Бирок мындай усул азырынча адамдарга ылайыкташтырыла элек. Эл арасында ичкен жеген азыгына жараша бала төрөлөт деген айың кептердин чын-бышыгын Асыл Исмаилова четке какты:

- Кандайдыр бир азыкты көбүрөөк жесе кыз же эркек төрөлөт деген нерсе да илимий жактан далилденген эмес. Кыргызда "ысык жана суук" деп айтып коюшат эмеспи. Мисалы, айран, сүттү көп ичсе кыз төрөлөт деген сыяктуу легендалар көп. Ушуга бир Апендинин жоругун айткым келет. Апендинин кош бойлуу келини андан: “Ата, сизди көрөгөч дешет. Мен эмне төрөйм?”, - десе: “Же кыз, же эркек төрөйсүң”, - деген тура. Анын сыңарындай, эч ким 100 пайыз кепилдик бере албайт. Боюнда бар аялдар, деги эле адамдардын баары туура, таза тамактанышы керек.

Medical Science журналында чыккан маалыматка караганда, дүйнөдө ар бир төрөлгөн 100 кызга 107 эркек бала туура келүүдө. Кытай, Индия сыяктуу өлкөлөрдө кызга караганда уулга артыкчылык берилгендиктен, кыз түйүлдүктөрүнө миллиондоп аборт жасалып жатат. Ал арада Дүйнөлүк банктын эсептөөсү боюнча Кыргызстанда төрөлгөн беш жаштан кенже ар бир миң баланын 25и чарчап калууда. Андыктан ар бир ата-эне баланын жынысын эмес, саламаттыгын биринчи планга коюну унутпаса дешет адистер.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG