Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Ош: милиция кызматкеринин өлүмүнө үй-бүлө шектелүүдө


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, милиция кызматкери Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектелип төрт адам кармалды. Шектүүлөр - жубайлар, алардын баласы жана аялдын бир тууган иниси болуп чыкты. Түгөйлөр мурда соттолуп чыкканы маалым болду. Кылмышка кызганыч түрткү болгону айтылууда.

23-мартта Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен кѳчѳсүндѳ жолдун боюнда токтоп турган көк түстөгү «Митсибуси» үлгүсүндѳгү автомашинанын ичинен ИИМдин мыйзамсыз маңзаттарды жүгүртүүгѳ каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын 44 жаштагы тескөөчү-коменданты, милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган.

Маркум башынын арткы тарабына оор нерсе менен урулган соккудан каза болгону кабарланган. Ал 21-март күнү үйдѳн чыгып кеткен боюнча келген эмес. Адам өлтүрүү беренеси менен иш козголуп, тергөө, иликтөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG