Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Турсунбеков: Сындын баары эле калыс айтылган жок


Чыныбай Турсунбеков
Чыныбай Турсунбеков

Москвада набыт кеткен кыргызстандык кыз-келиндердин каргашалуу окуясына байланыштуу Жогорку Кеңеш спикери Чыныбай Турсунбеков “Азаттык” радиосуна маек курду.

Бул трагедия үчүн жоопкерчиликти бийлик башындагылар өзүнө алышы керектиги тууралуу ойлор социалдык тармактарда басымдуу боло баштады. Бул пикирлерге спикер кошулабы? Парламент каргаша курмандыктарынын жакындарына эмне көмөк көрсөтө алат? Турсунбеков ушул жана башка суроолорго жооп берди:

“Азаттык”: Москвадагы каргашага байланыштуу өкмөт атайын штаб түзүп, вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева жетектеген топ Орусияга кетти. Жогорку Кеңеш өлгөндөрдүн жакындарына көмөктөшүү боюнча кандай чараларды көрөт?

Турсунбеков: Биринчиден, ошол өрттө каза тапкан кыргыз кыз-келиндеринин жакындарына, туугандарына өзүмдүн жана Жогорку Кеңештин атынан көңүл айтам. Оор трагедия. Бул кабарды угар замат парламенттин аппарат башчысына тийиштүү тапшырмаларды бердим. Аты-жөнү такталган маркумдардын жакындары менен кабарлашып, эмне көмөк керектигин тактоону буйрудум. Кечээ кечинде Орусия Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко мага телефон чалып, көңүл айтты жана кандай гана жардам болбосун орус тарап жардамдашууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өкмөткө да кабарладым. Бийликтин бардык бутактары колдон келишинче бул маселеде иштеп жатышат. Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери жолугушуп, дагы кеңешебиз. Парламенттин мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берүү чараларын уюштурабыз.

“Азаттык”: Интернетке чыккан видеолорду көрсөңүз керек. Бир кыз бул каргашага кыргыз бийлигинин башындагылар күнөөлүү экенин, алар жарандарды башка мамлекеттерде тентип иштегенге мажбур кылышканын айтты. Анын ыйлап сүйлөгөн сөздөрүн Орусиянын телеканалдары да көрсөттү. Ошол кыздын айткандарына кошуласызбы?

Турсунбеков: Кыргызстандын бүгүнкү абалга кептелишине кимдир бирөөнү жеке айыптоо кыйын. СССР ураган соң, Кыргызстан гана эмес, башка мамлекеттер да кыйынчылыкка дуушар болду. Капитализмге киришүү, базар экономикасына өтүүдө көйгөйлөр жаралган. Чет элде кыргызстандыктар гана эмес, башка мамлекеттердин жарандары да жумуш издеп жүрүшөт. Биздин алдыбызда бир гана маселе турат: ушундай чукул кырдаалдардын аз болушу, жарандардын чет мамлекетке топ-тобу менен кетип, кыйын шарттарда иштебестиги үчүн колдон келишинче жумушчу орундарды түзүүбүз керек. Бул боюнча биздин партиянын курултайында да сөз кылганбыз, Жогорку Кеңеште да көтөрүп жатабыз. Орто-чакан ишкерликти өнүктүрүү боюнча фонд түзүү жаатында иштер жүрүүдө. Кыргыз-орус фондунун иш-аракети да жумушчу орундарды түзүүгө багытталган. Жерлерди өздөштүрүү жаатындагы иш орундарын ачуу боюнча Кыргызстандын бийлик бутактары аракет көрүп жатат. Бирок бул бир күндө чечиле турган маселе эмес экен.

“Азаттык”: Бул окуядан кийин социалдык тармактарда парламенттеги партияларга нааразылыктар айтылууда. Анын ичинде көбүрөөк КСДПга сын билдирип жатышат. Анткени, шайлоо алдында миграция агымын азайтып, жүз миңдеген жумушчу орундарды түзүүгө убада бердиңиздер эле...

Турсунбеков: Туура. Мындай учурда, адамдын ичине арман толуп турганда ар кандай ачуу сөздөр айтылат. Бирок анын баары чындык эмес. Дагы бир жолу айта кетейин, бизде жумушсуздукту жоюу боюнча фонддор түзүлүп жатат, дагы түзөбүз. Бирок ал бир жылда чечилчү маселе эмес. Кризиске карабай, иштерди жүргүзүп жатабыз. Беш жыл ичинде айтылган убадаларды аткарууга аракет кылабыз. Менимче, кандай гана сөздөр айтылбасын, аны саясатташтыруунун кереги жок. Иштер жасалып жатат. Ага баарыбыз көмөктөшүшүбүз керек. Сындаган жеңил, бирок иш жасаган ар кимдин колунан келе бербейт.

Турсунбеков: сындын баары чындык эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:59 0:00

XS
SM
MD
LG