Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

Балдар маселелери боюнча адис Гүлзат Шамсутдин өспүрүмдөр арасындагы терс көрүнүштөрдү коомдогу көрүнүштөрдүн түздөн-түз чагылдырылышы катары баалайт.

- Буга чейин да мектеп окуучуларынын массалык урушу катталып келген. Түптөгү окуучулардын урушу жана анын айынан бир баланын мерт болушу биринчи көрүнүш эмес. Балдарда, жеткинчектерде агрессия, зөөкүрлүк кайдан пайда болот?

- Биринчиден, балдардын көйгөйлөрү коомдогу көрүнүштөрдүн түздөн түз чагылдырылышы деп ойлойм. Себеби чоң кишилер балдарга кандай үлгү боло алат? Коомдо кандай адамдык баалуулуктар биринчи орунга чыгып атат? Талдап көрсөк көралбастык, сараңдык, калп айтуу, алдоо, алдым-жуттумдук, зордук-зомбулук жана мыйзамсыз жашоо алдыга чыгып атат. Массалык маалымат каражаттарынан балдар эмнелерди көрүп атат жана эмнелерди көрсөтүп атат. Ушуну чоңдор, биз ойлонуп атабызбы, жокпу? Келечек муундун кандай өсүп, чоңоюп жаткандыгы эң биринчиден мамлекеттин көйгөйү болушу керек.

- Мектеп жетекчилери көбүнесе ушундай учур болгондо биз билген эмеспиз, көргөн жокпуз дешет. Ата-энелер мектепти күнөөлөйт. Милициялар алдын алуу иштерин өткөрүп эле жатабыз деп айтышат. Деги күнөө кимде?

- Күнөө коомдун өзүндө, чоң кишилерде. Анткени жер-жерлерде мигрант ата-энелердин балдары деген талкууларды өткөргөндө адистер эң биринчи орунга ата-энелердин жоопкерсиздиги деген маселени койгон. Ата-энелер азыр баласын кийинтсе, тамак ичсе эле болду деп ойлошот. Ички дүйнөсү эмне болуп жатканын, бирөөдөн муштум жеп атабы, ыйлап атабы аны ойлонбойт. Баласына мээримин, сүйүүсүн төккөнгө убактысы жок. Тилекке каршы бөлгүсү да келбей калган заман болуп калды. Ата-эне эң биринчиден балага мээримин төгүш керек, мээрим жоктугунан ушундай нерселер келип чыгып атат.

- Негизи мындай көрүнүштөр көп эле катталат дешет. Бирок маалымат каражаттарына айрымдары гана чыгып калып атат. Эми бул окуяларды болтурбоо үчүн кандай аракет көрүлүш керек, эмнеден башташ керек?

- Эң биринчиден, мамлекеттин балдар тууралуу декларативдүү түрдө эмес, практика жүзүндө саясаты болушу керек. Социалдык тармакта жүргөн реформаларды натыйжалуу жүргүзүү зарыл. Өткөргөн реформалар деле пайдасыз болуп жатат. Мисалы балдар маселесин Социалдык коргоо министрлигине кошкондон пайда деле чыккан жок.

- Окуучулара арасында өзүн өлтүргөндөрдүн саны да көбөйүп жатыптыр. 8-9 ал тургай 5-класстагы балдар бар дейт өз жанын кыйган. Балдардын аң-сезими, психологясында өзгөрүү болдубу, же башка себептери барбы?

- Балдар өздөрүн жалгыз сезишет. Ата-энеси жанында турса да жалгызсырап, эч ким ага көңүл бурбаса бала өз көйгөйүн кимге айта алат. Анан барып өз жанын өзү кыйып атпайбы. Бала өзү менен өзү калып атат. 5-класс деп айтып атасыңар, ошол убакты психологияда "пубертатный" (өспүрүм, калыптануу) курак деп коёт. Ошол убакта өспүрүмдөрдүн коомго карата өнүгүүсү жана коом менен мамилеси калыптанат. Ошол кезде зордук-зомбулук болуп атат. Бул көнүмүш адат болуп, адамдын өмүрү баалуу болбой калды. Мына ушундай абалга келдик.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG