Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Украина орус ырчысы Самойлованы өлкөгө киргизбейт


Юлия Самойлова
Юлия Самойлова

Украинанын Мамлекеттик коопсуздук агенттиги 13-майда Киевде өтө турган “Евровидение” ыр сынагына Орусиянын атынан катыша турган ырчы Юлия Самойлованы өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алды.

Коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Елена Гитлянская 22-мартта кабарлагандай, Самойловага Украинага кирүүгө үч жылга тыюу салынды. Украин тарап орус ырчысы Киевден уруксат албай туруп Крымга барганы үчүн өлкөнүн мыйзамдарын бузду деген жүйөнү келтирүүдө.

Бала кезинен бери майып 28 жаштагы Юлия англис тилинде "Өрттөгөн жалын" деген ыр менен таймашка катышары марттын башында анык болгон.

XS
SM
MD
LG