Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

17-ноябрда кыргыз киносунун 70 жылдыгы белгиленди. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу бүгүнкү кыргыз кино тармагынын күңгөй-тескейине арналды.

Талкууга кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сценарист, Кадыркул Өмүркулов, белгилүү кинорежиссерлор Эрнст Абдыжапаров жана Нурбек Эген катышты.





“Азаттык”: Чындыгында эле кыргыз киносу деңгээли, мазмуну жагынан 1970-80-жылдары абдан жакшы чыккан. Океев, Убукеев, Шамшиев, Базаров жана башкалардын мыкты тасмаларын атасак болот.

Кадыркул агай, сценарийин жазган “Бакайдын жайыты” тасмасы эл аралык аренада талкууга алынган. Ошол эле учурда кино индустриясы менен гана таанылган, мындайча айтканда имидж алган өлкөлөр бар да. Эми ошондой потенциал барбы?
Бүгүнкү күндө аябай жакшы нукта баратабыз, кыргыз киносу өнүгүп атат, жаштар кызыгып атат, аракет кылып атат.

Кадыркул Өмуркулов: Өткөн кылымдын 60-жылдары кыргыздын киносу үчүн өзгөчө заман. Анткени улуттук кинонун жаралышы 60-70-жылдары болгон. Ошондо кыргыз киносуна чоң толкун келген. Режиссерлор, сценаристтер, операторлор жана мыкты актерлор катышкан.

Улуттук кинону Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Генадий Базаров, Үсөн Ибрагимов деген режиссерлор баштаган. Операторлордон Туратбеков, Кыдыралиев, Мусаев дегендер болгон. Жазуучулардан Чыңгыз Айтматов эң чоң салым кошкон. Анткени Айтматов өзүнүн чыгармачылыгы жагынан өтө жогорку деңгээлде болуп, кинону 20 жылдан ашык башкарган. Баарыбызды алып келип, чыгармачылык жагынан чоң таасирин берген.

Ошондой мыкты тасмалар чыккан. Ошондо бизди көргөн сырттагы адистер, улуу адамдар “Кыргыз керемети” деп атаган. Азыр ошонун толкуну менен буйруса жаштар да эмгектенип келатат.

“Азаттык”: Сиздердин эле кесиптештериңиздер көп киночулар коммерциялык кызыкчылыкты биринчи орунга коюп алды деп сындап атышат. Темир Бирназаров жугумсуз тасмалар көбөйдү деп айтты эле. Нурбек мырза, эмнеге мындай деп ойлойсуз?

Нурбек Эген: Кино көрүүнүн өзүнүн маданияты бар. Актан, Марат, Эрнис агайлар тарткан кинолор бар, кээ бир көрүүчүлөр ушуларды түшүнбөй, "ушундай да кино болобу" деп ойлонушу мүмкүн. Буга даяр болуш керек.

Ушул кинолор тууралуу талкуу жасашса туура болот. Азыр өзбектердин тасмаларынан кыргыз тасмалары төмөн турат дегенге мен такыр ишенбейм. Себеби мен көрүп аткан тасмалар көңүл ачуу жагынан караганда да, кыргыз кинолору бир топ бийик турат, техникалык сапаты жактан алганда мүмкүн төмөн.
Бизди көргөн сырттагы адистер, улуу адамдар “Кыргыз керемети” деп атаган. Азыр ошонун толкуну менен буйруса жаштар да эмгектенип келатат.

“Азаттык”: Адам кинодон, театрдан көрүп түздөнөт. Айтматовдун тасмаларында табиятка, адамдардын бири-бирине болгон мамилеси тартылган. Азыр коомдо кандай өзгөрүү бар? 30 жылды көрө билиш керек деп айттыңар. Кино менен адамдарды кайсы жакка үндөш керек?

Эрнст Абдыжапаров: Азыр бир бүтүмгө келбеген суроолор бар. Анткени толук процесс менен изилдөөчү киноведдерибиз жок. Мисалы, азыр кыргыз киносу кайсы жакка кетип атат, эмнеси жетпей атат ошону караш керек. Ар ким тасманы көрсө, жалпы тасма ушундай экен деген туура эмес маалыматтар болуп атат.

Менин оюмча, бүгүнкү күндө аябай жакшы нукта баратабыз, кыргыз киносу өнүгүп атат, жаштар кызыгып атат, аракет кылып атат. Арасында деңгээли төмөндөр бар, деңгээли аябай жогорулар да бар. Мисалы, Рустам Аташевди жаңы кыргыз кино индустриянын атасы деп койот элем. Жакшыбы, жаманбы, бул башка маселе. Ал эми элди кинотеатрларга жетелеп кирип, ошондон тапкан акчасына кайра тасма тарткан индустрияны Рустам Аташев ачып кетти. Кыргызстанды ар кандай кинолор алдыга тартат.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG