Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:04

Бүгүн Бишкекте КМШга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны болуп өттү. Жыйырма беш жылга толгон бул уюмга акыркы жылдары катуу сындар айтылып келет.

Кыргыз президенти КМШны реформалоо демилгесин колдой турганын билдирип, уюмду өзгөртүү зарылдыгын айтты. КМШ уюмунун тагдыры кандай болду? Кыргызстан эмне олжо тапты, айрым мамлекеттердин мүчөлүктөн чыгышынын себеби эмнеде? Деги уюмдун келечеги барбы ж.б. суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин интеграциялык бирикмелер департаментинин директору Болот Мукашев жана тарых илимдеринин доктору, профессор Алыбек Акунов катышты.

“Азаттык”: Болот мырза, бүгүнкү жыйында 16 документке кол коюлганы айтылууда, алардын ичинен кайсы документтерди Кыргызстан үчүн маанилүү же пайдалуу деп ойлойсуз? Анткени ар бир мүчө мамлекет ар жыйындан натыйжа күтөт эмеспи?

Болот Мукашов: Бүгүнкү жыйындын күн тартибинде 22 маселе каралды, 16 документке, алардын ичинен жети келишимге кол коюлду. Айрымдарын айтсак, “Агробио көп түрдүүлүктү сактоо конвенциясы”, “КМШ мамлекеттеринин элинин ден соолук стратегиясы”, “Электр энергетикалык авариялар” жөнүндө ж.б. документтер Кыргызстан үчүн маанилүү, эл аралык деңгээлде олуттуу маселелер болуп эсептелет. Тышкы иштер министрлигинин пикиринде, бүгүнкү жогорку деңгээлдеги жыйын жемиштүү жана мазмундуу өттү.

“Азаттык”: Алыбек мырза, КМШ уюмунун алкагында бул убакка чейин далай документтерге кол коюлган, бирок аткарылбайт деп сынга кабылып келет. Айталы, 2012-жылы Ялта шаарында өткөн жогорку денгээлдеги жыйында КМШ уюмуна кирген мамлекеттер ортосунда товарларды эркин жүгүртүү жөнүндө келишимге кол койду эле, ал иштедиби?

Алыбек Акунов: Андан бери төрт жыл өттү. Эгер соода жүгүртүү боюнча айтсак, Кыргызстандын башкаларга караганда КМШ уюмуна мүчө мамлекеттер менен көйгөйү көп. Мына Өзбекстан деле КМШнын мүчөсү, алар менен маселелер чечилбей келүүдө. Ошол эле Орусияга товар өткөрө албай же Европадан Орусия аркылуу Кыргызстанга товар өткөрбөй канча убара кылышууда.

КМШ уюмуна мүчө мамлекеттердин расмий өкүлдөрү: тышкы иштер министри, өкмөт башчысы, президенттери жылына үч жолу, министрлери андан да бат-бат жолугат. Андан КМШнын иши жигердүү болуп кеткен жери жок. Бул уюмдун иши алдыга жылбай жатышынын башка себептери бар. Мисалы, бул өлкөлөрдө саясий режимдер ар башка, карама-каршылыктуу, экономикалык өнүгүү деңгээли да ар түрдүү. Ал дагы кедергисин тийгизүүдө. КМШга мүчө мамлекеттердин бири-бири менен мамилеси өтө татаал. Ошентип КМШ өлкөлөрүнүн ажырашуу процесси КМШ мамлекети түзүлгөн 1991-жылдан бери эле уланып келатат.

“Азаттык”: Болот мырза, президент Атамбаев "КМШнын айрым органдарын реформалоо керек, бардык өзгөрүүлөргө прагматикалык мамиле кылуу керек",- деди аны кандай чечмелесек болот?

Болот Мукашов: КМШнын тагдыры тууралуу коомчулукта эки көз караш бар. Биринчиси - радикалдуу, КМШны жоюш керек, иштебейт, саясий клуб катары калтыруу керек дешет. Экинчиси - 25 жылдык тажрыйбаны колдонуу, пайдалануу, өркүндөтүү керек дегенге окшош токтоо мүнөздөгү көз караштар. Биздин расмий позициябыз белгилүү. Президентибиз Атамбаев, премьер-министрибиз Жээнбеков жыйындарда айтышты: КМШ уюму Кыргызстан үчүн негизги сүйлөшүү, макулдашуу аянты болуп эсептелет. КМШны реформалоо боюнча сунуштар өкмөт башчылардын тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрүндө талкууланды, макулдашылды. Алар жөнүндө азырынча так маалымат айта албайм. Уюмдун аткаруу комитети бизге маалымат берсе, силер аркылуу коомчулукка айтабыз. Экинчи көз карашты Кыргызстан, Орусия, Беларус, Азербайжан, Армения, Тажикстан, Өзбекстан карманууда. Украина менен Молдова бул маселе боюнча так жообун, көз карашын айта элек.

СССР бар кезде деле Москва башкарчу, 15 союздук республика бирдей укукта дегени менен андай эмес эле. Азыр КМШга кирген ар бир мамлекет өзү башкаргысы келет. Бардык маселени өзү каалагандай чечишет. Андай болгондо биригүү, интеграциянын натыйжасы болбойт.

“Азаттык”: Алыбек мырза, кыргызстандык серепчи “КМШга кирген мамлекеттердин ымаласы, өлкөлөрдүн өзүндөгү экономикалык абал оорлоп баратат. Жакын арада оңолору да арсар. Бул уюмдун максаттары башынан эле дурус эмес болчу» деген оюн билдирген, эмне КМШ уюмунун келечеги ошончолук эле бүдөмүкпү?

Алыбек Акунов: КМШнын максаттары жакшы, мурда саясий, экономикалык бир мейкиндикте жүргөн мамлекеттердин интеграциясына жетишүү эле. Биздин билим берүү жаатында дагы бир мейкиндигибиз, жалпылыктарыбыз бар. Дүйнөдө бир дагы мамлекет интеграцияларга кирбей маселесин чече албайт. Мисалы, Украина Евробиримдик менен интеграцияга барууну көздөп жатат.

Болот Мукашов: КМШ эле эмес, ошол эле Евробиримдик жөнүндө сын-пикирлер көп. Мигранттар каптап кетти, Европа мына-мына урайт дегендер жок эмес. Биздин позиция бир чектен экинчи чекке жөн эле секире бербей, прагматикалык көз караш менен мамиле кылышыбыз керек. Башка пикирлерде КМШ мамлекеттеринин экономикалык маселелерин ЕАЭБге, коопсуздук суроолорун ЖККУга берели дегендер бар. Ага каршы чыккан мамлекеттер да бар, мунаса табылышы керек деген да ойлор айтылып жүрөт. Жалпылап айтканда, КМШнын келечеги жакшы болорунан үмүт арткандар аз эмес.

“Азаттык”: Алыбек мырза, Грузия менен Украина бул уюмдан теңата мамиле жана пайда таппагандан чыгып кетти деген пикирлер бар. Теңата мамиле дегенде бул уюмда Орусиянын үстөмдүгү бар, анын кызыкчылыгы басымдуу деген ойлор арбын.

Алыбек Акунов: Ооба, ушундай пикирдин чындыгы бар. СССР бар кезде деле Москва башкарчу, 15 союздук республика бирдей укукта дегени менен андай эмес эле. Азыр КМШга кирген ар бир мамлекет өзү башкаргысы келет. Бардык маселени өзү каалагандай чечишет. Андай болгондо биригүү, интеграциянын натыйжасы болбойт. Экономикалык эле эмес, саясий бийлик укуктары менен да бөлүшүү керек. Мына караңызчы, Евробиримдикте мүчө болгон мамлекеттер улуттук валюталарынан баш тартышпадыбы, чек аралары шарттуу түрдө эле белгиленгени болбосо ачык.

XS
SM
MD
LG