Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Жарандык коомдун Бекназаровго дооматы


Кыргызстандык укук коргоочулар саясатчы Азимбек Бекназаровдун Конституциялык палатага өтүшүнө каршы кол топтоп жатат.

Жарандык коомдун өкүлдөрү аны Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп турганда кыңыр иштерге аралашкан деп эсептеп, саясий жана моралдык жактан сот тармагында иштөөгө акысы жок деген жүйө келтирүүдө. Бекназаров болсо мунун артында өзүнө каршы күчтөр турат деп эсептейт.

Укук коргоочулар тобу Бекназаровго карата бир катар жободон турган дооматтарды жолдогон. Эң негизгиси эле 7-апрель окуяларынан кийин банк кутучаларындагы дайын-дарексиз болуп кеткен акчаларга, мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык мүлктөрдүн жең астынан кетишине катышы бар деп эсептешет.

Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин мүчөсү Рита Карасартованын айтымында, Бекназаров эң ириде саясатчы болгондуктан да судья боло албайт:

- Конституциялык палатага келсе, ал сөзсүз түрдө анын төрагасы болууга тырышат. Ал – саясатчы. Чынын айтканда, саясат менен ойноп атып тажадык. Бизде экономикага экономисттер, юриспруденцияга юристтер келсе жакшы болот эле. Экинчиден, ал Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Мурунку Конституциялык сотту жокко чыгарган ошолор. Муну көп эле юристтер мыйзамсыз деп эсептейт.

Карасартова Бекназаров күч структураларын жетектеп турганда топтогон компроматтарды колдонуу менен азыркы бийлик менен тымызын соодалашып жатышы ыктымал деп эсептейт:

- Сотторду тандоо кеңеши башка талапкерлер тууралуу эч нерсе айтпаса да, “Азимбек Анаркуловичке бир дагы даттануу түшкөн жок”, - деп баса белгилеп, башка өзгөчөлөнтүп көрсөтө баштады. Бул туура эмес нерсе. Буга чейин “Алмазбек Атамбаевге компроматтарымды айтам” деп, катуу ураан менен чыгып атып эле, аны да айтпай тынчып калды. Анын Атамбаевдин копроматтарынын ордуна Конституциялык палатанын чоңу болдуртуп бересиң деген соодалашуу болуп жатат окшойт деген бүдөмүк ойлорубуз бар.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев мындай дооматтарды четке какты. “Азаттыктагы” маегинде Бекназаровду сынактын биринчи турунан четтетүүгө мыйзамдык тоскоолдуктар болбогонун айтты:

- Бизде үч тур бар. Ал биринчи турдан өттү. Андан өтпөшү үчүн документтери мыйзамга туура келбеши керек. Анын документтеринин баары мыйзамга каршы келген жок. Аны "Убактылуу өкмөттө иштегенсиң, сен коомчулукка жакпайсың, ошон үчүн өткөрбөйбүз" дегенге укугубуз жок. Эгерде соттун чечими менен мындай жумуштарга алынбасын десе, же кылмыш үчүн жаза алса анда катыштырбайбыз. Бекназаров боюнча Ички иштер министрлигинен сот жообуна тартылган эмес деген кагаз келген. Өзү анкетасына кылмыш жообуна тартуу болгон деп жазыптыр. Бирок ал иш кыскартылган да.

Ал эми Азимбек Бекназаров мындай иш-аракеттердин артында өзүнө каршы күчтөр турат деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Эми кол топтосо белгилүү да. Мен билем алардын ким экенин. Баягы эле НПОлор кичине тыйын берип койсо чуркай берет. Ал тарыхый убакта Конституциялык орган эмне болуп калыптыр, өлкөдөн президент качкан. Согуш болгон. Система өзгөрдү. Эми алардын артында кимдер турганы белгилүү да. Эки үй-бүлөгө кызмат кылган күчтөр турат. Чагымда, алар менин Конституциялык палатага барганымдан коркушат.

Бекназаров азыркы бийлик менен соодалашуу болуп жатканын да төгүндөдү. Конституциялык палатанын судьясы болуу максатын айтып берди:

- Мен Атамбаевге мыйзам бузулуптур, Конституциялык палатага тандоо өткөргөндү токтот деп 12-майда кат жазгам. Азыр да токтот деп айтып жатам. Конституция бузулган үчүн мен ошол жакка кетип атам. Конституция, мыйзамдар бузулуп атат. Кыргызстанды коррупция каптап жатат. Бул жакшылыкка алып келбейт, үчүнчү революцияга алып келет деп дайыма эскертип атам. Конституциялык палатага Баш мыйзамды бузгандарды ооздуктайын деп кетип атам.

Бекназаров өткөн жылы Жогорку Соттун судьяларын тандоого катышып, бирок өтпөй калган эле.

Конституциялык палатанын судьяларын тандоонун экинчи айлампасы кийинки айда башталмакчы. Анда талапкерлер дил баян жазат, андан өткөндөр баарлашууга барат.

XS
SM
MD
LG