Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Вашингтондо "Кыргыз мурасы" фестивалы өттү


"Kyrgyz Club" – 2005-жылы май айында Нью-Йоркто демилгелүү жаштардын тобу уюштурган кыргызстандыктардын АКШдагы коммерциялык эмес уюму, бул уюм кыргыздардын бөлөк өлкөлөрдөгү кыргыздардын маданиятынын таасирин күчөтүүгө, ошондой эле кыргыз диаспорасын бириктиртирүүгө багытталган акцияларды улантууда.

Бул жолу, 28-майда үй-жайсыз балдарды колдоо менен алектенген "The Kyrgyz Children's Future" («Кыргыз балдардын келечеги») фонду тарабынан уюштурулган «Кыргыз мурасы» фестивалы өттү.

Фестиваль балдарды кыргыз маданияты, каада-салттары, музыкасы менен тааныштыруу же эстерине салуу үчүн учурунда кыргызстандык балдарды асырап алган америкалык көп үй-бүлөлөрдү чогултту.

Фестиваль кыргызстандык балдарды асырап алган 24 үй-бүлөгө жана бала асырап алууга эми даярданып жаткан үй-бүлөлөргө кыргыз маданиятынын керемет күчү менен таанышууга мүмкүндүк берди.

Фестивалдын уюштуруучулары иш-чараларды өткөрүүгө чейин эле фестивалдын программасын – кыргыз тарыхы, «Манас» эпосу боюнча экскурстарды, атүгүл балдарга кыргыз улуттук оюндарын үйрөтүүнү жакшылап ойлонушкан.

"Kyrgyz Club" уюмунун башчысы Айбек Хакимовдун айтуусу боюнча кыргыз артисттери менен макулдашууга жетишилип, алар "Kyrgyz Club" уюмунун атынан фестивалдын иш-чараларын колдоо үчүн New York шаарына келишти.

Артисттердин ичинде кесипкөй виолончелистка Нурмира Гринберг, «Ордо Сахна» фольклордук ансамблинин комузчусу Гүлжан Карабаева жана Марат Абышев (үйлөмө аспап) бар болчу. Чогулган маданият ишмерлери бир саат бою кыргыздын белгилүү фольклордук композицияларын аткарып беришти.

Айбек Хакимов кыргыз балдардын америкалык ата-энелери алар багып алган кыргызстандык балдардын өздөрүнүн ким экендигин унутпашына, маданиятын эстеп жүрүшүнө аракеттенишери өзгөчө кубанычтуу деп белгиледи.

Балким, келечекте бул балдар Мекенине кайтып келип, анын жеңилин жерден, оорун колдон алган азаматтар болушар.

– Катаал мезгилдерде да биз өзүбүздүн балдар тууралуу унутпашыбыз, аларга өзүнүн тегин жана маданиятын унутууга жол бербешибиз керек, – деп билдирди Айбек Хакимов.

«The Kyrgyz Children's Future» фондунун директору Гульнара Асанованын айтканына караганда бирикменин тарыхы кыйла олуттуу экенине карабастан, бул ушундай масштабдагы биринчи иш-чара: 2006-жылдан баштап «The Kyrgyz Children's Future» кийим-кечек, буюм-тайым жыйнайт, балдар үйлөрүнө жардам берүүчү волонтерлорду уюштурат жана кыргыз балдардын жашоосун жеңилдете турган дагы ар кандай иш-чараларды өткөрөт, статистика боюнча балдар үйүнүн он тарбиялануучусунун бирөө гана жашоодо ийгиликке жетишет, көпчүлүгүн татаал тагдыр күтүп турат.

Фестивалга, ошондой эле, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Мухтар Жумалиев катышып, куттуктоо сөз сүйлөдү жана фестивалды уюштуруучуларга ыраазылык билдирип, грамота тапшырды.

Kyrgyz Club
XS
SM
MD
LG