Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

Ар бир демократиялык коомдо анын жашоо формасына карабай калктын белгилүү бир катмарынын кызыкчылыгын билдирүүчү жана коргоочу саясий партиялар болуш керек.

Биздин өлкө эгемендүүлүк алган алгачкы жылдары программалык максат милдеттерине карай консерваторлор, центристтер, радикалдуу-республикачылар деген үч топко бөлүнгөн партиялар пайда болгон жана алар өздөрүн демократия принциптерин алып жүрүүчүлөр, калктын белгилүү катмарынын кызыкчылыктарын жана үмүт тилегин билдирүүчүлөр катары жарыялашкан.

Кыргыз Республикасынын “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамына ылайык, калктын белгилүү бир бөлүгүнүн саясий эркин жүзөгө ашырууга көмөк берүүчү жалпы саясий максаттары жана милдеттери бар жана мамлекеттик иштерди башкарууга өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышкан, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмеси саясий партия деп аталат.

Партияны түзүүнүн жана ишинин негизги максаттарынын биринчиси президенттикке, парламентке жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо үчүн өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүү. Бирок, тилекке каршы, өлкөбүз 2010-жылы 27-июль күнү бүткүл элдик добуш берүүгө катышкан 1 777 339 же 90.55 пайыз жарандын добушунун натыйжасында жаңы Конституцияны кабыл алып, парламенттик башкарууга өтүп, элибиз саясий партияларга чоң ишеним артканына жана мыйзамдарга ылайык партияларга Жогорку Кеңеш шайлоосунда жападан жалгыз субъект болуу укугу, шайлоо комиссияларынын курамын түзүү укугу жана башка бир топ чоң укуктук мүмкүнчүлүктөр берилгенине карабастан партиялардын иш аракеттери алгылыктуу болбой, коомдун өсүп өнүгүшүндө чечүүчү роль ойной албай жатат.

Бийликти кайсыл бир партиянын монополия кылып алуусуна жол бербөө үчүн элди саясий жана экономикалык активдүүлүккө чакырган көп партиялуулук болушу керек, бирок биздин көпчүлүк саясий партияларда сандык өсүш болгону менен сапаттык өсүш болбой жатат. 1995-жылдын сентябрь айында расмий каттоодон 15 партия өткөн болсо, бүгүнкү күндө партиялардын расмий саны 156га жетти.

Өткөн жылкы парламенттик шайлоодо 156 партиянын ичинен 29 партия гана шайлоого ат салышып, жыйынтыгында 5 партия гана жеңишке жетишип элдик бийликти жүзөгө ашырууга киришкен болчу. Биз партиялардын мындай пассивдүүлүгүн парламенттик башкарууга жаңы өткөндүгүбүзгө жана парламенттик шайлоо чукул болуп калганына байланыштуу деп ойлогонбуз.

Бирок бүгүнкү күндө арадан бир жыл өтүп мамлекеттик олуттуу маселе президенттик шайлоо башталып жатса деле ошол эле көрүнүш кайталанууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий маалыматы боюнча 2010-жылдын 14-августуна карата президенттикке 66 талапкер ниетин билдирген, анын ичинде 12 талапкер гана партия тарабынан калган 54 өзүн-өзү көрсөткөндөр. Бүгүнкү 15-августка карата «Кыргызстан жумушчулар партиясы», «Кыргызстан коммунистер партиясы», «Ата Журт», «Бүтүн Кыргызстан», «Кыргызстан жашылдар партиясы», «Эл үчүн», «Ата Мекен», «Эркин Кыргызстан», «Мекен Ынтымагы», «Аалам - партиясыздардын партиясы», «Бакубат Кыргызстан», «Ар Намыс» партияларынын талапкерлери бар. Мындан сырткары КСДП жана «7-апрель Жаштар Кыймылы» саясий партиялары да өз талапкерлерин көрсөтүштү, бул сан талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү бүгүн түнү аяктаганга чейин олуттуу өзгөрүлбөйт, анткени активдүү делген партиялардын баары өз талапкерлерин көрсөтүп бүтүштү.

Эң кызыгы президенттикке өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлердин ичинде кайсыл бир партиянын төрагасы же мүчөлөрү да бар экендигинде, демек бул көрүнүш бизде партиялык система толук куралып бүтө электигинен, идеялык биримдиктин жоктугунан, ич ара байланышынын начарлыгынынан, жалпы кызыкчылыктан жеке амбиция жогору турарынан, жада калса кээ бир партиялардын жетектөөчү органынын жана мүчөлөрүнүн жок экендигинен кабар берет.

Партияларга берилген дагы бир чоң укуктук мүмкүнчүлүк бул шайлоо комиссияларынын курамын түзүү укугу. Бирок мында деле партиялардын активдүүлүгү жакшы эмес, кечээ жакында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы «Саясий партияларды шайлоо комиссияларынын курамын түзүүдө жоопкерчиликтүү болууга үндөгөн» кайрылуу жасап, аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан саясий партиялардын өкүлдөрүнүн көп чыгып кетүү тенденциясынан улам аргасыз кайрылып жаткандыгын белгилешкен.

Акыркы мезгилде аймактык шайлоо комиссиясын түзүүдө катышкан 27 партиянын ичинен 13 партиянын өкүлдөрү айрым региондордо түзүлгөн аймактык комиссиянын курамынынан чыгып кетишкен алар: “Ак Шумкар” , “Бүтүн Кыргызстан”, «Улуу Биримдик», СДПК, “Ак Шам” «Кыргызстан Демократиялык кыймылы», «Замандаш», “Ата-Журт” «Эл учун», «Эгемен Кыргызстан», «Ар-Намыс», «Мекен Ынтымагы», “Туран”. Борбордук шайлоо комиссиясы 30-октябрда кыргызстандыктар өздөрүнүн тарыхый тандоосун жасай тургандыгын жана Кыргыз Республикасынын президенттик шайлоосун ачык, таза жана мыйзамдуу өтүшүн камсыз кылуу баардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын милдети экендигин да баса белгилеген.

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын акыркы маалыматы боюнча шаардагы 73 участкалык шайлоо комиссиясынын 750 орундуу курамына 19 партиянын өкүлдөрү өз талапкерлиги көрсөткөн: «КСДП», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак шумкар», «Ар-Намыс», «Эл үчүн», «Республика», «Кыргызстан коммунисттер партиясы», «Ата-Мекен», «Улуттар Биримдиги», «Акыйкат», «Ата-Журт», «Туран», «НДПК», «Улуу биримдик», «Мекен Ынтымагы», «Каганат», «Эгемен Кыргызстан», «Замандаш» ж,б. Бул көрсөткүч деле партиялардын регионалдык бөлүмдөрүнүн иши жакшы жолго коюлбагандыгынан же кээ бир партиялардын регионалдык бөлүмдөрү жок экендигин билдирет.

Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ош шаарында негизинен активдүү иштеген 10го жетпеген партия бар, буга «Адам укугу жана демократия» борбору тарабынан 2008-2010-жылдар аралыгында «Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы саясий партиялардын потенциалын жогорулатуу» долбоорун ишке ашыруу мезгилинде өзүм күбө болгом, ал эми район айылдарды айтпай эле коелу.

Демек кагаз жүзүндө жүздөн ашканы менен иш жүзүндө мыйзамда көрсөтүлгөн өз максаттарын ишке ашырбай, саясий компанияларга катышбай же, кээде шайлоо мезгилинде гана пайда боло калуучу, жада калса башкы кеңсеси жок утурумдук партиялар качан ишмердүүлүгүн жандантып саясий процесстердин авангарды болот?

Мыйзам боюнча кайсыл бир уюм өз ишмердүүлүгүн жүргүзбөй, аракетке жөндөмсүз болуп калса анда ал уюм банкрот деп жарыяланып, жабылууга дуушар болот. Ал эми каттоодон формалдуу түрдө өтүп койгон аты бар заты жок партиялар саясий банкрот болушпайбы? Партиялар айткандай мамлекетте реформалар, өзгөрүүлөр керек, ошол өзгөрүүнү саясий партиялар өздөрүнөн баштаса туура болмок, себеби элибизде “өзүн сыйлабаган өзгөнү сыйлап жарытпайт” деп койот эмеспи.

Идирисбек Кубатбеков, “Адам укугу жана демократия” борборунун төрагасы, адвокат, Ош шаары.
XS
SM
MD
LG