Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:09
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесине ылайык, "Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы аркылуу жүзөгө ашырат".

Андыктан жарандардын шайлоого жана шайланууга болгон укугун жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүчү бирден бир укуктук негиз бул - шайлоочунун тизмеси.

Эгерде жигердүү шайлоо укугуна ээ болгон жаран кайсыл бир себептерден улам тизмеге киргизилбей калса, анда ал шайлоо жана референдум аркылуу элдик бийликти жүзөгө ашырууга катышуу боюнча конституциялык укугунан ажырайт жана мамлекет ошол жарандын конституциялык укугун чектеген болуп эсептелет.

Республикабыздын эгемендигинин алгачкы шайлоолорунан тартып эле шайлоочулардын тизмелеринин так санынын жоктугу, шайлоо комиссиялары жана жергиликтүү мамлекеттик органдар тарабынан тизмени тактоо иштери формалдуу жүргүзүлгөндүгү, тизме боюнча так жоопкерчиликтүү органдын жоктугу, кошумча тизменин санынын көбөйүп кетүүсү, каза болгон жарандардын тизмеге кирип калуусу же тескерисинче чет өлкөдөгү шайлоочулар саясий же башка себептерден улам кескин азайып же көбөйүп кетүүсү, он сегиз жашка толо электерди тизмеге киргизүү, бир шайлоочуну бир канча тизмеге киргизүү, жарандардын аты жөнүнүн туура эмес жазылып калынышынан улам шайлоодон четтетилүүсү айрыкча, турмушка чыккан кыздар никеге турганда өз фамилиясынан жолдошунун фамилиясына өтөт дагы тизмеге өзгөрүлгөн фамилиясы боюнча киргизилип, бирок паспортунда мурдагы фамилиясында болгондугунан улам добуш бере албай калышы, өлкө жарандыгынан чыккан же биздин жарандыкты ала электер, айрыкча Өзбекстан же Тажикстан республикалары менен чектешкен аймактарда жашаган адамдар тизмеге киргизилип калуусу сыяктуу бир топ көйгөйлүү маселелер болгон жана болуп келе жатат.

Өлкөдөгү шайлоочулардын так тизмесинин жоктугу шайлоодон кийинки талаш-тартыштын да бирден бир булагы болуп келе жатат. Өткөн жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо добуш берүүгө чейинки шайлоочулардын саны кошумча тизменин натыйжасында добуш берүүдөн кийин кескин көбөйүп кетишинен улам 5 пайыздык тосмону аныктоо боюнча "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы келип чыккан талаш-тартышты айтсак болот.

Добуш берүүнүн алдында БШК тарабынан шайлоочулардын саны 2 миллион 852 миң 751 шайлоочу деген расмий маалымат айтылган болсо, добуш берүүдөн кийин бул сан 3 миллиондон ашып кетип кеткен.
Мындай карама-каршылыктар мамлекеттик бийлик тарабынан айтылган расмий маалыматтарда дагы кезигет.

Мисалы, 2010-жылдын 2-октябрында техникалык өкмөттүн биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев 2 миллион 836 миң 568 жаран шайлоо укугуна ээ деп айткан болсо, ал эми ошол эле жылдын июнундагы референдумдун алдында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 2 миллион 397 миң шайлоочу бар экендиги тууралуу маалымдаган. Демек А.Муралиевдин октябрда айткан санына караганда июнь айында 439 миңге аз болуп жатат.

Ал эми бүткүл элдик добуш берүүдөн кийин добуш берүү укугуна ээ жарандардын саны 69 миң адамга көп болуп калган, дагы 370 миң шайлоочу кайда кеткендиги бүдөмүк деген суроолор массалык маалымат каражаттарында айтылган. Дагы бир кызык факт: өткөн жылдын 10-октябрында же шайлоонун башталар алдында БШКнын мурдагы төрагасы А.Сариевдин маалыматы боюнча Кыргызстандагы шайлоочулардын саны 2 миллион 852 миң 762 адамды түздү деп айтылып, А.Муралиевдин айткан сандары менен дал келбей вице-премьердин айткандарынан 16 миң 194 адамга көп болуп кеткен.

Бул жылы президенттик шайлоого карата шайлоочулардын тизмелерин тактоо боюнча бир топ аракеттер жасалды: мурдагы кошумча тизме алынып салынды, эми добуш берүүгө чейинки шайлоочулардын саны шайлоодон кийин көбөйүп кетишине жол берилбейт, биринчи жолу шайлоочулардын бирдиктүү тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясынын интернет сайтына илинди, мобилдик топторду түзүү аркылуу үймө-үй кыдырып, тизмени тактоо иши жүргүзүлдү, буга чейин тизмени тактоо ишин бир гана участкалык комиссия өзү гана жүргүзүп келсе, бул жолу комиссия менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлү, коммерциялык эмес уюмдун өкүлү жана укук коргоо органынын өкүлдөрү чогуу жүрүштү.

Албетте бул аркеттер жакшы болгону менен бир топ мүчүлүштүктөр да орун алды. Буга мисал 20 жыл бою такталбай келген тизмени тактоого 15 күн убакыт берилип, натыйжада мурдагыдай эле болуп толук кандуу иш жүргөн жок. Мобилдик топтор тиешелүү деңгээлдеги курамда түзүлбөдү жана алар өз иштерин так аткарышкан жок.

Бирок тизмени тактоо иштери жакшы жүрбөгөнү менен бир топ жылыштар болду: Борбордук шайлоо комиссиясынын тизмени тактаганга чейинки шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 800 миң адам киргизилсе, бүгүнкү күнгө, 27-октябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясынын берген маалыматы боюнча 3 миллион 34 миң 75 адамды түздү.

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкаркы шайлоолорду уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы С. Кадыралиевдин берген маалыматы боюнча Москвадагы шайлоочулардын тизмеси 6 миң жаранга толукталып жана 2 миң жарандын арыздары каралууда. Негизги тизмеге 15 миңге жакын кыргызстандык жаран киргизилмекчи.

ТИМдин алдындагы аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү Бакыт Жумагуловдун маалыматы боюнча Казакстандын Алматы облусунда шайлоочулардын тизмеси үч эсеге көбөйгөн. Эгерде мурда консулдук мекемеде 2 миң жаран эсепте турса, азыр алардын саны 10 миңге жеткен. Жалпы жолунан акыркы айларда Кыргызстандын чегинен тышкаркы аймактардагы шайлоочулардын саны 24 миң жарандан 36 миң 123 адамга чейин көбөйгөн. Демек бул көрсөткүч буга чейин чет өлкөдөгү 40 миңге жакын адам шайлоо укугуна ээ боло албай келген дегенди билдирет.

Жогорудагыдай кайсыл бир шайлоо комиссиясынын шалаакылыгынан же жергиликтүү органдын кайдыгерлигинен улам тизмеге киргизилбей же туура эмес киргизилишинен улам өзүнүн шайлоого болгон укугун ишке ашыралбай калгандардын саны миңдеп саналат. Андыктан булардын кызыкчылыгы качан корголот? Ким тизмеге жооп берет?

Идирисбек Кубатбеков
«Адам укугу жана демократия» борборунун төрагасы
Ош шаары

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG