Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28
Кыргызстан акыркы мезгилдерде дүйнө коомчулугун таң калтырып, көп нерселерден, айрыкча саясий маселелерге байланышкан окуялар боюнча рекорддорду коюп келет.

Буга мисал катары айта кетсем, президент болом дегендердин саны 80ден ашса, калкынын саны беш миллион болуп, саясий партияларынын саны 157ни түздү. Килейген АКШ, Британия, Орусия, Жапония сыяктуу мамлекеттерде да Кыргызстандагыдай партиялардын саны көп эмес.

Чын-чынына келгенде кеп партиялардын санында эмес, сапатында болуп жатпайбы. Саны көп, сапаты жок партиялардын азабын Кыргыз мамлекети келечекте боло турган шайлоолордо көрөөрүн белгилегим келет. Анткени саясий идеялардын көз карашынын негизинде эмес, жеке бир лидердин айланасына гана биригип, топтолгон партиялар келечекте боло турган парламенттик шайлоолордо ар кандай митингдерди уюштурушуп, элдин аң-сезими менен ойноп, саясий стабилдүүлүктү бузушу толук мүмкүн.

Ошондуктан азыркы "Саясий партиялар тууралуу" мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убакыт келди. Антпесе саны бар, сапаты жок саясий партиялар митинг жолдору менен ансыз да кыйын кырдаалга кептелген Кыргызстанды кыйчалыш абалга түртө бермекчи.

Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасын кризиске батырышкан, коррупциянын өнүгүшүнө, гүлдөшүнө жол ачкан, Кыргызстандын азыркы саясий жана экономикалык туңгуюк абалына кептелишине шарт түзгөн, автократия-клептократия режимдеринин качкын президенттери А.Акаев менен К. Бакиев өзүлөрүнөн кийин Кыргызстанды Кыргызстан эмес эле "Митингстан" өлкөсүнө айлантып кеткени бүгүнкү күндүн тарыхый чындыгына айланып отурат. Анткени ушул эки президенттин митинг вирусунун Кыргызстанда жайылышына эбегейсиз ролу чоң.

Митингдердин күч алышын УМКК төрагасы К.Дүйшебаевдин маалыматы тактап турат. Ал кишинин берген маалыматы боюнча 2011-жылдын 9 айында эле 1500 ар кандай митинг жана нааразычылык акциялар өткөн.

Мына ушундай митингдер жана нааразычылык акциялар коомчулукта кадимки эле көрүнүштөй, нормадай кабыл алынып, атүгүл митинг уюштурууну бизнеске айланткандар да пайда болду.

Эң өкүнүчтүүсү Кыргыз Республикасынын демократиялык-укуктук мамлекетти курабыз, мыйзамдуулуктун негиздерин туу тутабыз деген принциптери жерге тебеленүүдө. Бийликтин алсыздыгынан пайдаланышып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген маселелерде да айрым саясий күчтөр сүрмө топторду митингге чыгарып, жолдорду тосо коюп, максаттарына мыйзамсыз жетүүдө.

Албетте эгемен жылдар аралыгында бийликтин аракетсиз жамандыгынан мамлекетибизде саясий, маданий, социалдык, экономикалык ж.б. чечилбеген ар түркүн маселелер, толгон-токой көйгөйлөр көбөйдү.

Ошол проблемаларды чечүү жолунун бир аракети катары бүгүнкү күндө көпчүлүк күчтөр митинг жолун эң ыңгайлуу деп таап отурушат. Мурдунан алысты көрө албаган алсыз бийлик, сүрмө топтордун ультиматумдарынын алдында байкуш болуп, мыйзамдуулукту экинчи орунга коюп, алардын талаптарын аткарып жатканы митингдер прецедентин жаратуу менен бирге өнүктүрүүгө шарт түзүп келет.

Эгерде мындай жол менен, тагыраак айтканда элдин аң-сезимине "жалаң митинг жолу менен гана өз максаттарыңарга жете аласыңар" деген жол менен кете бере турган болсок, анда Кыргыз улутунун, мамлекетинин келечеги З. Бзежинский болжогон элүү жыл аралыгына жетпей эле жок болушу толук мүмкүн.

Кыргызстанга келген мындай ооруну, же болбосо митингдер прецедентинин күч алышына тоскоол болуунун бир жолу - адилет мыйзамдуулукту туу тутуу. Демократияны, укуктук мамлекетти куруу жолу мыйзамдуулукту сактоо менен башталат. Мыйзамсыз талаптар менен болчу митингдер Кыргызстанды ар тараптан өнүгүүсүнө шарт болуп бере албайт. Ушул нерсени Мекенин сүйөм деген ар бир кыргызстандык түшүнгөндө гана өлкөдө тынчтык орноп, ийгиликтерди жаратууга болот, ал эми Кыргызстан Митингстан эмес, жаратмандардын өлкөсүнө айланат.

Бул үчүн мамлекеттик бийлик мыйзамсыз митингдерди алдын алып, эл бузарларды, провокатор-чагымчыларды мыйзам чегинде жазалоосу шарт.
Бирок ушул нерсеге азыркы бийликтегилердин эрки жетеби, кеп ушунда?

Урматтоо менен,
Илияс Сексенбай
XS
SM
MD
LG