Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:01
Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгын белгиледик. Кооз, көөдөн көптүргөн сөздөр көп айтылды. Мактанычты, көкүрөк какмайды адатыбызча алдыга койдук. БУУга, дүйнөлүк ар кандай эл аралык уюмдарга мүчө болдук, көптөгөн ийгиликтерибиз бар экенин талашууга болбойт.

Жетишкендиктерибизге кубанабыз, атаганат, бирок кемчилигибиз андан да көп болгонун 20 жылда көрдүк. Өнүгүү жолуна туура багыт албай жатканыбыздын негизги себеби эмнеде деген суроону чече албай рецебин, диагнозун таба албай келебиз.

Ушул аралыкта Кыргызстан кимдерге гана окшошподу? Швецария болдук, жапондор алыскы тууганыбыз деп аларды да туурап көрдүк. Түрктөрдүн башкаруу системасын үлгү кылып, француздарды идеал туттук. Баш мыйзамды “буйлаланган төөгө” айландырдык. Кыскасы ар кимдин чапанын кие берип “даяр дилин берүүгө” болуп, тоолуу өлкөбүздү “жалпыбыздын үйүбүзгө” айландырдык.

Экономикабыз улам төмөндөп кургуйга түшүп турат. Бир миллиондон ашык адам жер безип, бозгун болуп калды.

Бүгүнкү учурда Кыргызстан И.А. Крыловдун тамсилинде айтылган икаянын мазмун- маанисине окшошуп турат. “Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаралы”, “Бөлүнбө кыргыз, бөлүнбө”- деген акылман Бакай бабабыздын осуят сөздөрүн миң кайталап айткандар көп болгону менен кыргыздын ички биримдиги болбой, баштары кошулбай жатканын жашыра албайбыз.

Анжияндык, Аркалык
Ынтымакта кайталык, деп илгери ырдаган Токтогулдун айтканы бүгүн түндүк- түштүк деген орус сөзүнүн калькасына айланып калганы өкүндүрөт.

Президенттик башкаруу өзүн актабады деп 2 ажобузду ташбараңга алып, Ак үйүбүздү Рейхстагды талкалагандай талкалап куйруктарын түйүрдүк. Чындыгында бул эки президент деле Кыргызстаным деп иштешти, кыргызда “жыгылганды теппейт” деген сөз бар эмеспи, биз аларды артынан миң ирет жамандаганыбыз бир аз туура болбой жатат, ошондой болсо да калыстык үчүн айта кетчү сөз; өкүнүчтүүсү, алар “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот” деген кыргыз улутунун улуу лидери Искак Раззаков атабыздын айткан насаат сөзүн эске алышпай коюшкандыгы өздөрүнүн башына муш болуп тийди. Ошентип парламенттик башкаруу дегенге өтүп, 120 депутатты шайлап, тандап 2 президент эмес 120 кичи президентти, 20 министрди ж.б. мамчиновниктерди букара калк багып калды. Элдин турмуш тиричилиги жакшырган жок, кымбатчылык кокого жетти, токтоор түрү көрүнбөйт... Өкмөт бюджеттин тешигин улам бир нерсе менен жаап, айласы куруп турган чагы.

Эгемендүүлүктүн 20 жылында кыргыз эли чилдей тарады. Манастын тили менен айтканда:

Бири кетти Каңгайга,
Бири кетти Алтайга,
Бири кетсе Эренге,
Бири түшүп кетти Тереңге... болуп көр оокаттын айынан кылбаган иши калган жок.

Уулдарыбыз кул, кыздарыбыз күң болгон күн келди. Кетбука бабабыздын мындан 7 кылым мурда ырдаган “Сак болгун” ырынын мааниси бүгүнкү күндөгү кыргыз коомуна коңгуроо болуп кагылып жатканы ушундан улам эске түшөт.

Кыскасы, эгемен Кыргызстан сөз жүзүндө гана көз каранды эмес деген өлкө катары жашап жатат. Экономикалык, геосаясий жактан бүгүнкү күнү кыргыз эли көз карандылык моюнтурукту тагынып турат. Стратегиялык өнөктөштүрүбүз делинген “бир боор энем ” Россия “бир күн оору, бир күн соо” абалында мамиле жасап, кээде мышык-чычкан ойнотуп турат. Биз боордошпуз, ичкен суубуз бир, дилибиз, динибиз, тилибиз окшош деген казак, өзбек эли сыртын салып, каттообуз, мамилебиз ысып кеткен жок.

Чек арадагы абалдар, газ ж.б. мамилелер мунун айкын мисалы.

Чай ичиң деп турушат,
Чаар топу досторум,- деп акын Байдылда ырдаган мезгил кайра калыбына качан келээр экен деген ой, үмүт улайт.

Демократиялык өлкө курабыз деп келебиз, бул жакшы, бирок эртеңки күндүн болжолун айтуу кыйын. “Бектер кетет бел калат” дегендей падышалар келет, кетет, кыргыз калкы жер эне жашап турганда улут катары жашоосун уланта берет.

Дагы бир нерсе: эгемен эл болгон 20 жылда жашоо көйгөйү менен алпурушуп, кыргыз коомчулугу көркөм адабий китеп окуудан, рух дөөлөттөн алыс калды, жан дүйнө жакрдыгына кептелип, кризистердин эң коркунучтуусу руханий кризиске батып бара жатканын жашыра албайбыз. “Пулуң болсо, кулуңмун” дегендер көбөйүп, “Кызыл, кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” болуунун айла-амалын издеп калдык.

1991-жылдын 31- август күнү сессияны түн ортосунан ооп көрүп турчу элек. Саясий жаңылыктар абдан арбын эле. Биз үчүн бул күн эки анжалыкты алып эске түшүрөйүн. Ишенип-ишенбей дегендей ойлор болгон.

Демократиянын желаргысы Кетмен-Төбөгө да бат эле жеткен. Жаш демократтар Токтогул суу сактагычынын элибизге алып келген пайдасы менен зыяны жөнүндө талдоо жүргүзүп, эл-журтка, жогорку органдарга, легендарлуу парламентке чейин кайрылып турушканыбыз эсимде. “Ашар” коомдук кыймылын колдоолор болгон, “Ашарга жардам көрсөтөлү” деген менин макалам райондук “Учкун” газетасына жарыяланып, бир нускасы “Ашар” коомуна жөнөтүлгөн.

Жыйынтыктап айтканда, эгемендик жылдары ийгиликтер аз болду, кемчиликтер арбын болду деген ойдомун, себеби 70 жыл чогултулган элдин мүлкү “чөмүчтөп чачылды”. Менчиктештирүү процесси байлар менен кедейлердин катмарын түздү. Элдин 70 пайызы жакырчылыкта жашап жатканын бүгүн эч ким тана албайт. Мамлекет, өкмөт өз букарасын бага албай калды, эл өзүн-өзү багып, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” деген шартта дагы бир президентти тандоо жолуна кирип келди.

Эгемендик кыргыз элине кантип жашоонун ыкмасын үйрөттү. Орус элинин “Хочешь жить, умей вертеться” же болбосо “элиң түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол” дегендей макалында айтылган накыл сөздүн оң да, терс да жактарын тартуулады.
Эгемендик ачык айтууну, сөз эркиндигин, адам укугун коргоону берди. Эгемендик Кыргыз элине ата-бабалардын маданий мурастарын таанып-билүү, үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн берди.

Эгемендик наркоманияны, кылмыштуулукту, аракечтикти, сойкулукту, тил безерликти, жалган мекенчиликти көбөйттү. “Өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген башаламан, тополоңдукту алып келди.

Турдукожоев Сексенбай

Москва району, педагог-ардагер.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG