Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Мигрантка каалоо


Аллаберди Уметалиев
Аллаберди Уметалиев
Мигрант досум, барар жолуң ачылсын,
Чоң үмүт менен жолго аттаныпсың.
Аткарылып жакшы тилек, ойлоруң,
Актап келе көр ата-эненин батасын.

Тоскоолдук болсо такыр таң калба,
Келечек алдыда, артка кылчайба.
Билимиң, тажрыйбаң өзүңө дем берет,
Турмуш токтобойт ал чегилген араба.

Барган жериңден батыраак байыр ал,
Улуунун айтканын унутпай эсиңе сал.
Чет тилин үйрөнүү - биринчи куралың,
Билбеген нерсеңди үйрөнүп билип ал.

Канча алыстасаң, ошончо сагынарсың,
Сезерсиң ата-эне, туугандын баркын.
Чет элдин ырын ырдап бийлесең да,
Сактап жүр өз элиңдин каада-салтын.

Мигрант досум, жакшы жактарың менен,
Көрсөткүн чет жерине кыргыздын жүзүн.
Кандай дешип кыргыз уулун сурашса,
Сүрөттөп бергин Сүймөнкулдун өңүн.

Сыртта, досум, сен сыноодо жүрөсүң,
Сылык сыпаа болсо деймин мүнөзүң.
Суроо салып кыргыз кызын сурашса,
Көрсөтүп кой Таттыбүбүнүн сүрөтүн.

Четке барсаң келишип турса келбетиң,
Таап сүйлөсөң ширин сөздүн берметин.
Төп келишип төгүлүп турса жылдызың,
Кантип анан "төргө өтүңүз" дебесин.

Кайда болбо болгун жакшы ыйманда,
Жоошун сүйөт, эгер болсоң мейманда.
Бешенең териң төгүлгөнү дурустур,
Кыпкызыл дан жыйнап жатсаң кырманда.

Түз жолуңдан азгырганга алданба,
Баспаган оң ойлонбогон кадамга.
Басып кетип кутулганың оң болоор,
Болбосо эгер сага келчү жардамга.

Билбей туруп бой таштаба дайрага,
Терең дайра агат билсең жай гана.
Жабышкандын баары эле дос эместир,
Жакындаба билбей туруп нааданга.

Жакшы жолдош жандап жүрсө кубатың,
Жакын болсо жарпың жазаар кубанчың.
Жаман менен беш бармагын жегиче,
Жакшы менен суу ичкениң жыргалың.

Кайда жүрсөң бир-бириңди сатпагын.
Күч бирдикте, ынтымакка ыктагын.
Кечиримдүү болгон жакшы кээ бирде.
Жигиттиктин шертин сактап бузбагын.

Он эки ай, төрт мезгил бар бир жылда,
Жайдын ысык аптабына урунба.
Жазда дагы жамынчыңды унутпай,
Жылуу жүргүн суукка тоңбой кышында.

Тамактын баары эле тамак эмес,
Кээ бирин адам эмес айбан жебес.
Жол жүрсөң ал жагын да абайлагын,
Жашоонун маңызы курсакта эмес.

Сыртта жүрсөң документке так болгун,
Ууру менен каракчыдан сак болгун.
Мусапырдын кейпин кийип кейибей,
Душманыңа түз атылган ок болгун.

Жолго чыксаң, керектүүнү унутпа,
Жакшы ниетиң - жарым ырыс, буюрса.
Ата-энең, жакындарың сүйүнүшөт,
Сен жараткан ийгилигиң угулса.

Өнөрлүүнүн өнөрүнөн алып кал,
Устазынан шакирти өтөт, элде бар.
Барган жерден балык сатып албастан,
Балык үчүн кайырмагын сатып ал,

Бөтөн элдин бүт шартына чыдагын,
Бутка турсаң - көп нерсени утканың.
Yлгү болуп, үмүт күткөн жаштарга,
Алып келгин чет элдин жакшы жагын.

Бишкек шаары, 20.08.11.

Аллаберди Уметалиев, Экономикалык тескөө министрлигине караштуу метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекциясынын Чүй, Талас облустары боюнча бөлүм башчысы.
XS
SM
MD
LG