Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Эгемендүү Кыргызстан: ХХI кылым жана демократия


Эгемендик салтанатын көргөнү келгендер. Бишкек, 2011-жылдын 31-августу.
Эгемендик салтанатын көргөнү келгендер. Бишкек, 2011-жылдын 31-августу.
1991-жылдан баштап дүйнөлүк картанын бетинде Кыргызстан деген өзүнчө эгемендүү мамлекет пайда болот. Совет доорунан биротоло бөлүнүп чыккан кыргыз эли боштондуктун ачуу да, таттуу да даамын тата баштайт. Рынок шартына эч ыңгайланышпаган кыргыз калкы көптөгөн кыйынчылыктарды башынан өткөрүп отурду. Бирок башынан мындан чон кыйынчылыктарды кечирип келген момун кыргыз эли бул шартка дагы тез ыңгайланышып, капчыгайдан ыркырап урган шамалы өндүү турмуш менен алпурушуп жүрүп, арадан 20 жылдык тарыхка ээ болуп калды. Бирок ошол 20 жылдын ичинде кыргыз элинде эки чоң төңкөрүш болуп, эки ажосун кыргыз жеринен кууп чыгууга аргасыз болушту.

Интеллигент, агартуучу атка минер эже-агайларыбыздын баары тең саясаттын кумарына мас боло магдырап жүрүшсө, калкыбыздын калың катмары күнүмдүк оокат менен кармашып отуруп, Ыйман. Ынсап. Коом жана ошондой эле Мен Кыргыздын атуулумун деген өңдүү ыйык сөздөрдү, милдеттерди түп тамыры менен жок кылышты. Албетте, тирилик ар бир атуулдун маңдайында турган нерсе,бирок улуттун жалпы көйгөйүн көмүскөгө кою бул эң чон жанылыштык экенин биздин көпчүлүк атуулдарыбыз али сезип, ачуу чындыкты өз моюндарына алгысы келбейт. Бирок азыркы кезде бул көйгөйдү бирөөнүн мойнуна жүктөөдөн мурда, бул көрүнүштөр жалпы улуттун үрөйүн учурган көрүнүштү туудуруп жатат деп ойлойм. Көчөдөгү бир нече көрүнүшкө токтоло кетсек эле жан дүйнөң өрттөнүп,сай сөөгүн сыздай түшөт.Анда эмесе сөз башынан болсун.

Бүгүнкү күндө биз кандай доордо, кандай коомдо, ошондой эле кандай мамлекетте жашап, күн кечирип келебиз деген суроо көчөдөгү жаштарды көргөндө көпкө чейин ойго салып, жүрөгүңдү өйүп келет. Чындыгында эле бул суроо өзгөчө көптөгөн чет жактан келген коноктордун көңүл борборун ээлейт го деп ойлойм. Борбор калаабыздын маданият жайларына, дегеле көчөлөрүнө көз чаптырсак ар кандай улуттун өкүлдөрүн кезиктирүүгө болот. Ошондой эле кыргыздын кой көз улан-кыздары, өзгөчө кыздары ар башка мамлекеттин менталитетинде кийинип, анан да ошол чет элдин менталитетинде тарбия алып калгандай сезилет.

Көп жерге баш багып убара болбостон билим очогунда турган мен-менсинген жогорку окуу жайларына көңүл буралы. Кыргыздарда «эшигин көрүп төрүнө өт» деген сөздү эске алган болсок, анда бизге кайрадан артка чамынууга туура келет. Себеп дегенде окуу жайлардын босогосундагы болуп жаткан иштер көңүлүңдү ирээнжитпей койбойт. Эшиктин так алдына турганда да өткөн-кеткендерди көзгө илбей колдоруна чычайта чылымды түтөтүп алып турган кыргыз кызын көргөндө күйбөгөн жериң күл болуп кетет эмеспи. Эми бул кыздардын келечеги кандай болот? Ушул көрүнүштүн болуп жатканына кимди күнөөлөп, кимди актап чыгабыз? Дегеле койчу ушул маселени кандай жол менен чечебиз?

Маселен баардыгына тен эле жаштар күнөөлүү эмес экенинен күмөн санабайбыз. Себеп дегенде коомдук жайлардын алдында, көчөлөрдүн боюнда столдун үстүнө тамекилердин түрлөрүн жайнатып коюп алып, соодасын жүргүзүп жаткан эже, апаларыбызды учуратабыз. Билим очогунда турган Кыргыз Улуттук университетинин башкы имаратынын алдында, студенттерди кызбы, уланбы ылгабай, бардыгын тамеки менен тейлеген эжекебизди көргөндө, кандай ойдо болоорунду билбей көпкө дейре ойлоносуң. Жаштарды ыймандуулукка үндөгөндүн ордуна, тамекисине кошуп тутантууга ширеңкесин сатып жатканын көрүп,Кыргызстандын азыркы ахыбалынын канчалык оор экенине көзүң жетет.

Жакынкы 2-3 жылдардын аралыгында айрыкча ордо калаабызда «хиджап» кийген кыздарды көп учурата баштадык. Бул кийимди кыргыз кыздар эмне себептен, кандай максат менен кийерине ким түшүнөт? Өткөн 10 жыл аралыгында хиджап кийген аялдарды чыгыш кинолорунан эле көргөнүбүз болбосо , Кыргызстандын көчөлөрүнөн мындай кийимди учуратууга таптакыр болбойт эле. Азыр болсо бул жөнүндө биз кеп деле кылбайбыз.

Кыргыздардын өзүнүн менталитетиндеги, улуттук колориттерин сактаган кийим калбай калгансып, араб улутунун кийимине эмне жабышат. Кыргызстан светтик өлкө болгондон соң коомдук жайларда бетин чүмкөп алган кыздар кандайдыр бир деңгээлде нааразычылык, түшүнбөстүктөрдү жаратат.Айрыкча мындай көрүнүштөрдү мектеп парталарында, жогорку окуу жайлардын аудиторияларынан кезиктирүү нукура кыргыз эли үчүн жат эле көрүнүш деп ойлойм.
Бүт дүйнөнү ойго салган терроризм маселесине келип такала турган болсок, терроризмди Аль-Каида, Талибан» жана башка террордук уюмдар ушундай ыкма менен, беттерин чүмкөп алышып, дүйнөнү коркунучка камоодо. Ал эми бул көрүнүш дагы мүмкүн Кыргызстан үчүн өз кесепетин тийгизип калышы ыктымал.

Дегеле азыркы жаштардын модалуу лозунгуна айланган «биз ХХI кылымдын жаштарыбыз» деген кайдыгер сөзү маселени оордотуп жатпайбы. Байыркы ойчулдардын бири «Сен досуңдан коркпо, себеби ал сенин сырыңды гана сата алат. Сен душманыңдан дагы коркпо, себеби ал сени өлтүрүп гана коёт. Сен кайдыгер адамдан корк, себеби кайдыгер адам бардыгынан коркунучтуу»-деген экен. Ошондуктан бизди каптап келе жаткан кайдыгерликтен алыс болуп, мамлекеттибиздин көйгөйүн бирге көтөрөлү.

Бегайым Асеева, КУУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти .

XS
SM
MD
LG