Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Бишкек-Ош жолуна убактылуу чектөө киргизилди


Бишкек - Ош жолу.
Бишкек - Ош жолу.

Бишкек-Ош жолундагы Чычкан капчыгайына түшкөн кар көчкүгө байланыштуу бардык унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, эртең мененки саат 08.00дөн тарта “Сосновка” өткөрмө бекетинде чектөө киргизилди.

Бүгүн Чычкан капчыгайында таңга маал кар көчкү түшкөн. Маалыматка ылайык, 7 200 метр куб көлөмдөгү көчкүдөн улам жол убактылуу жабылды. Учурда жол тазаланып жатат. Көчкүдөн жабыркагандар болгон жок. (BkA)

XS
SM
MD
LG