Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:46

Адистердин айтымында, алардын саны миңдеп саналат. Арасында ал турмак бүт үй-бүлөсү менен паспорту жоктор кездешет. Конуштун тургундары ар кандай коомдук уюмдардын көмөгү менен документсиз жашаган ички мигранттарга жардам бере баштады.

Бишкектин Ак-Жар жаңы конушунда турган Базарбүбү Каримованын Кыргызстанда төрөлүп, жашап жатканына элүү жылдан ашты. Бирок ал күнү бүгүнкүгө чейин Кыргыз Республикасынын жараны эмес, 22 жыл мурда алган Советтер союзунун паспортун көтөрүп жүрөт.

Андан бери Кыргызстанда паспорттун эки түрү алмашты. Таң калычтуусу, СССРдин паспорту менен эле Каримова Казакстанга барып иштеп, Бишкекте көзүнө операция жасатыптыр.

- Советтер союзу урагандан кийин көр тирилик менен алпурушуп, жумуш издеп жүрүп паспорт албай калдым. Биз үлүштүк жер алганча жумуш жок канча кыйналып жүрдүк. Андан кийин турмуш курдук, ары-бери жүрдүк дегендей... Паспорт абдан эле керек болду, бирок 1994-жылы Бишкекке келе бердик, бул жактан жумуш издеп ага убакыт да, акча да болбоду.

Базарбүбү Каримова өз өлкөсүндөгү бир да шайлоого катышкан эмес, ооруканаларга акча берип гана кайрыла алат. Эгер мамлекет Ак-Жар конушун чындап мыйзамдаштырса, менен беш жыл мурун башкалар менен кошо басып алган бул жеринен да айрылып калышы мүмкүн. Биздин каармандын күйөөсүнүн паспортунун мөөнөтү бир топ жыл мурда бүткөн. Жалал-Абадга барып жаңыртууга убакыт да, акча да жок деп жүрөт.

Каримова жана күйөөсүнүн документтерин жыйноого Ак-Жар конушунун тургуну Гүлбүбү Дондоева жардам берүүгө убада кылды. Дондоева конуш тургундарына өз ара көмөк көрсөтүүчү демилге тобунун мүчөсү.

Анын айтымында, 15 миңге жакын тургун байырлаган конушта эски же тумалак паспорту жок киши дээрлик ар бир үйдөн чыгат. Аталган топтун мүчөлөрү кеп-кеңештери менен жардам берип бир тобу документтерин топтоп алды.

- Демилге топ көп эле жакшы нерселерге жетишти: башында келгенде бул жерде суу да, жарык да жок капкараңгы конуш болчу. Буга биз кантип жетиштик? Коомдук бирикме түзүп, элди шайлоонун алдында жол тосууга үгүттөдүк. Анан бизге премьер-министр келди. Ал кезде Алмазбек Атамбаев болчу, 2011-жылдын күз айында. Атамбаев токтом чыгарып, анын негизинде бизге 36 миллион сом бөлүнүп берилген. Ошонун 16 миллиону жарык 8 миллиону суу киргизүүгө кетти.

Ак-Жар борбор калаанын бир бөлүгү болуп калганы менен, расмий түрдө бул конуш жок. Картада Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу ээн талаа катары көрсөтүлгөн. 2005-жылы “Дордой” базарынын жогору жагында чаржайыт тургузулган бул конушта он беш миңге жакын ички мигрант жашайт, жыл сайын тургундардын саны өсүп атат.

Бишкек конуштары менен иштеген “Арыш” коомдук бирикмеси алардын көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшөт. Бейөкмөт уюмдун коомчулук менен байланышуу адиси Жамиля Асылбаеванын айтымында, уюмдун максаты калкты өз укуктарын өзү коргой билүүгө үйрөтүү.

- Биз кыйын шартта жашаган конуштарга барып, элди бири-бирине жардам берүүгө үйрөтөбүз. Биз барганда аларга жардам бербейбиз, биз алар өз маселесин өздөрү чечсин деп жол көрсөтүп беребиз. Кеп-кеңеш айтып, юридикалык маселелер боюнча окутууларды уюштурабыз.

Айтор, Ак-Жар конушунда тургандарга бул жер таандык деп айталбайсың. Азыр айткандай, айрымдарынын документтери жок болгондуктан жашоочулар ээлеген жери менен кошо кагаз жүзүндө жок деп эсептелинет. Ак-Жардын демилге тобу өзү байырлаган жерди Бишкектин картасына киргизип, мыйзамдаштыруу аракетин жасап жаткан кези.
XS
SM
MD
LG