Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Мэр менен архитектор тирешүүдө


Сүрөт архивден алынды жана окуяга тиешеси жок
Сүрөт архивден алынды жана окуяга тиешеси жок

Бишкек мэри Иса Өмүркулов борбор калаанын башкы архитектору Алмазбек Абдыкаровду жерди туура эмес бөлүштүрүп, курулуш иштерине уруксат берген деп күнөөлөп жатат. Мэр аны орун басарлары менен бирге кызматтан кетишин талап кылууда.

Бирок мыйзамсыз берилип кетти делген Жусуп Абдрахманов (Совет) жана Токонбаев көчөлөрүндөгү жердин ээси Кыргыз Эл артисти Керим Турапов бул жерди мыйзамдуу алганын белгилеп, жерге кимдир бирөөлөр көз артып жатат деп эсептейт.

Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун айтымында, Жусуп Абдрахманов (Совет) жана Токонбаев көчөлөрүндө жайгашкан жер мыйзамсыз берилип, ондогон бак-дарактар кыйылып кеткен. Курулуш иштерине да уруксат берүү мыйзамсыз жүргөн.

Аталган жер биринчиден, сейил бак, экинчиден, шаардык троллейбустук диспетчердик башкармалыктын пункту турган жер. Мэр мына ушул жердин жең ичинен сатылып, курулуш иштерине уруксат берилип калганы үчүн борбор калаанын башкы архитектору Алмазбек Абдыкаровду жана бир катар жетекчилерди күнөөлөп жатат.

- Бул жерге архитектура уруксат бербеш керек эле. Тилекке каршы уруксат берди. Анда планга каршы чыккан, принциби жок архитекторлор иштебеш керек. Ошондуктан архитекторду, орун басарын жана уруксат берген департаменттин жетекчисин жумуштан алсын деп сунуштап жатам. Архитектор шаардын башкы планын коргоого жана сактоого милдеттүү. Курулуш иштери башталганда да алардан келип сурашат, алар башкы планды карагандан кийин уруксат беришет. Эгер өзү сейил бактардын бардыгына макул деп курулуш курдура берсе, эч нерсе билмемиш болуп отура берип, болгон баткактын баарын менин башыма куюп турса туурабы, же туура эмеспи?! Ошондуктан жооп бериш керек.

Иса Өмүркулов бул ишке тиешеси бар мекемелердин жетекчилерин кызматтан алуу сунушу жазылган катты өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге бүгүн-эртең жөнөтөрүн кошумчалады.

Мыйзам боюнча Бишкек шаарынын архитектору мэриянын түзүмүнө кирбейт жана баш ийбейт экен. Азырынча Алмазбек Абдыкаров жана Бишкек шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы бул боюнча пикир билдирүүдөн баш тартууда.

- Азырынча биз комментарий бербейбиз. Кийинчерээк өзүбүз журналисттерге чыгып, интервью беребиз.

Мурдагылардын карааны

Жусуп Абдрахманов (Совет) жана Токонбаев көчөлөрүндөгү мыйзамсыз берилди делген жердин ээси - Кыргыз Эл артисти Керим Турапов. Ал “Азаттыкка” курган маегинде жерди мыйзамдуу алганын, буга чейин прокуратура да текшерип, кынтык таппаганын билдирди. Тураповдун пикиринде, бул жерге айрым адамдар көз артууда. Бирок көз арткандар кимдер экени айтылган жок.

- Документтери 100% мыйзамдын чегинде. Андан сырткары кийин дагы сөз болбосун деп ошондогу шаардык кеңештен да өткөргөм. Бул жерде болгону бир-эки киши көз салып, ошону тартып ала койсок, төмөн жагында дагы жер бар, ошону кошуп шаарча сала койсок деген максат менен чыр чыгарып жатат. Башкы прокуратура текшерип, баары мыйзамдын чегинде деген каты бар.

Тураповдун айтымында, бул жерге жеке менчик вокалдык мектеп куруу пландалган. Бирок архитектура жана мэрия кызматкерлеринин сунушу менен көп кабаттуу имарат курууга түрк инвесторлору менен макулдашылган экен.

- Инвесторлорду таптык, ошолор менин мектебимди куруп беришет, мен жерди берем. Калган үстүңкү кабаттагы үйлөрдү өздөрү пайдаланышат. Алар бизнес адамдары да, инвесторлор жөн эле келеби?

Ал эми Башкы прокуратуранын башкармалыгынын ага прокурору Санжар Абжаловдун “Азаттыкка” айтымында, Жусуп Абдрахманов (Совет) жана Токонбаев көчөсүндөгү, “Ататүрк Ала-Тоо” сейил багындагы мыйзамсыз берилген жерлер боюнча мурдагы вице-мэр Андрей Филатовго кылмыш иши козголгон. Бул иш азырынча токтоп турат.

- Вице-мэр Филатовдун үстүнөн козголгон иш бар, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча. Бирок мэрия ошол жерлерди 49 жылга ижарага берип жаткан учурда 5 млн. 825 миң сом мамлекетке зыян келтирди деп козголгон иш бар. Азыр бул иш убактылуу токтотулган.

План жок, курулуш көп

Ушул тапта Бишкектеги мыйзамсыз берилип кеткен жерлер боюнча ондогон иш сотто каралууда. Бишкек шаардык кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевдин белгилешинче, шаарда 90дой курулуш иштери жүрүп жатса, анын бери дегенде 10-15ине эл, жарандык активисттер нааразы болуп чыгышкан. Алардын катарында Абдрахманов-Токонбаев көчөсүндөгү курулуш да бар.

- Поезд кеткенден кийин баарыбызга муштум көрсөткөндөн ал маселе чечилбейт. Бул мэрдин жергиликтүү органдардын астында күчүнүн, беделинин алсыздыгын көрсөтөт. Бул жерди да мэрия берген. Өмүркулов болбосо да мурдагы мэр учурунда берилген жерлер бар. Үч жылдан бери ошолорду сот аркылуу карап чыкса болот эле да. Бүгүнкү күндө эл нааразы болгон объекттер абдан көп, бери дегенде эле 10-15тей бар.

Шаардык кеңештин дагы бир депутаты Алмаз Кененбаевдин айтымында, Бишкекте 2006-жылдан бери деталдуу пландоо болгон эмес. Ошол себептүү баш калаада башаламан курулуштар жүрүүдө.

- Азыркы күндө деталдуу пландоо жок. Ал иш жасалмайынча шаарда башаламан курулуш иштери жүрө берет. Азыр архитектурага барып карасаң бул жерде эч нерсе жок, же күркө турат деп жазылып турат, бирок ал жерге барып карасаң үй салынып турган болот. Буга бир эле кишинин эмес, ар бир тармактын күнөөсү болот.

Буга чейин Бишкекте мыйзамсыз жер берүү фактылары катталып эле жүрөт. УКМКнын алдындагы коррупцияга каршы кызмат жаз айларында эле Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жер тилкелери сатылганын аныктаган болчу. Ага Свердлов районунун акиминин мурдагы орун басары, шаардык архитектуранын мамлекеттик каттоо кызматынын жана мэриянын жеке турак жай бөлүмүн кызматкерлеринин катышы бар деп шектелген.

Анткен менен коомдук активисттер Акаев, Бакиев кезинен тарта азыркы Атамбаев бийлигинин учуруна чейин жер сатуунун коррупциялык схемасынын бетин ачып, бийик деңгээлде ашкерелөөчү кадамдар жасалбай жаткандыгын айтып келатышат.

XS
SM
MD
LG