Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Бишкек жана Ош шаарлары тууралуу” мыйзам долбоор боюнча айтып берди.

“Азаттык”: Бишкек шаарынын макамы белгилүү, Ош шаары тууралуу айтып бересизби, долбоордо кандай саамалык киргизилип жатат?

Өмүрбек Текебаев: Бишкек жана Ош шаарларында калктын дээрлик 40 пайыздан жарымына жакыны жашап, бюджеттин 70 пайызына жакыны ушул шаарларда толот. Бул шаарлар мамлекет үчүн абдан маанилүү. Кичинекей айылдан жана шаарлардан айырмаланып, булар мамлекеттик деңгээлде. Жергиликтүү өзүн өзү башкарууну, облустун макамын бир кармаган субъект болуп эсептелет. Ошондуктан бул жерде башкаруу тартиптери башкача жана өзгөчө мыйзам менен аныкталат.

Негизинен Бишкек менен Ош шаарларында башкаруу тартибин уюштуруу 90 пайыз бири-бирине окшош. Ошондуктан бул мыйзамды бир же эки башка жазса да болот.

Ош шаары боюнча негизги өзгөчөлүктөрдү айтсам, ушул мыйзам менен Ош шаарынын территориясы аныкталат. Бүгүн ал Кара-Суунун айылдары менен аралашып, анклавдар пайда болуп, чек аралары так эмес. Ошондуктан чек ара такталып, кеңейип, Папан тоо жакты көздөй жаңы өздөштүрүлүп жаткан жерлер кирип, жаңы үй куруучуларга инфраструктураны шаардын жана мамлекеттин эсебинен камсыз кылып, алар шаарга кошулуп шаардын чеги аныкталат.

Ош шаарында да Бишкектегидей эле өзүнүн административдик түзүмү болуп, оң жээк, сол жээк деп эки район түзүүгө мүмкүндүк берилет.

Ош шаарынын кеңеши жаңы тартипте партиялык тизме менен шайланат жана ал жерде фракциялардын түзүлүү тартиби, Ош шаардык кеңештин иштөө тартиби аныкталат. Өзүңүз билесиз, мэрлер шаардык кеңеш тарабынан шайланат. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо тартиби да аныкталат.

Бул шаарлардын мамлекеттик мааниси бар экендигинин, бул катардагы өзүн өзү башкаруу субъект эмес экенин эске алып, мамлекет да бул шаарлардын жетекчилигин калыптандырууга аралашыш керек деген принцип бар. Ошондуктан мэрликке үчтөн кем эмес талапкерди өкмөт башчы шаардык кеңештин депутаттары менен кеңешкенден кийин киргизет. Ошентип мамлекет да бул шаарлардын ишин уюштурууга аралаша алат.

“Азаттык”: Ош шаарынын макамы мыйзамда кандай деп көрсөтүлгөн. Экинчи борбор деп жазылганбы?

Өмүрбек Текебаев: Баш мыйзамдагыдай эле, республикалык маанидеги жана экинчи административдик-маданий экономикалык борбор деп жазылган.

“Азаттык”: Президенттин Ошто резиденциясы бар. Эмнеге президенттер маал-маалы менен ал жакка барып жашап, иштеп келишпейт? Коопсуздук жол бербейби, же мыйзамда көрсөтүлгөн эмеспи?

Өмүрбек Текебаев: Тилекке каршы бул мыйзамдын алкагында мындай жагдайлар аныкталбайт. Бул өзүңүз айткандай, шаарлардын макамы жана бийлик органдарынын иштөө тартиби жөнүндө. Ал эми президенттин жана өкмөттүн иштөө тартибин аныктаган мыйзамдарда сиз айткан жоболор толук такталып киргизилиш керек.

“Азаттык”: Борборду Бишкектен Ошко көчүрүү демилгеси анда-санда көтөрүлүп жүрөт. Сиз бул боюнча эмне айта аласыз?

Өмүрбек Текебаев: Бул максатка ылайыктуу эмес деп эсептейм. Ош шаарынын, жалпы эле түштүк аймактын экономикалык-социалдык өсүшүнүн башка ыкмалары бар.

“Азаттык”: Бир топ мамлекеттик мекемелер Ошко көчүшү керек эле.

Өмүрбек Текебаев: Бүгүнкү мыйзамдарда, өкмөттүн чечиминде бир топ мамлекеттик мекемелер өз иштерин Ош шаарында жүргүзүшү керек. Мыйзамда көрсөтүлгөн тартипке ылайык алар ошол жакта иш алып барышы керек. Тилекке каршы ар дайым эле буга маани берилбей жатат. Менимче муну жаңы өкмөт, жаңы президент өз ишинде эске алышат.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG