Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Бишкекте чаржайыт курулуп жаткан соода борборлор ансыз да тар жолдогу кыймылды оорлотуп жатканына шаар тургундары нааразы.

Калаа жашоочулары көчөнүн жээгине чейин салынып жаткан комплекстерге уруксат берген мэрия, архитектура кызматы түзүлгөн абалга жооп бериши керек дешет.

Калаанын чок ортосунда жүрүп жаткан курулуштардын айрымдары эбак менчиктештирилип кеткен. Алсак, "Айчүрөк" соода борборунун маңдайына беш-алты жылдан бери имарат салынууда. Кайсы бир кездери орду базар болуп турган жерге барганыбызда курулушчулары кызуу иштеп жатышкан экен. Бирок ичине кирүүгө мүмкүн болбоду.

Маалыматтарга караганда, Шопоков менен Чүйдүн кесилишиндеги аймакта ири соода-комплекси ачылат. Шаар тургуну Наргиза ансыз да Бишкектин жолдору авто тыгындан бошобой жатканда жаңы соода түйүн ачылса, дагы ыңгайсыздыктар жаралбайбы деп кооптонот.

- Мен да соода жайы ачылат экен деп уккам. Бирок эмитен эле тегерек-чети тар го. Анын үстүнө ушул аймакта ЦУМ бар. Ал жакка эле канча адам кирип-чыгат. Ушул эле жерге мындай имарат салынбай эле койсо болмок.

Шаар тургуну Улан соңку кездери Бишкектин тегерек-чети соода-түйүндөр менен дүкөндөргө толуп кеткенин айтат. Бирок автоунаалар токтоочу жайлар, жөө жүргүнчүлөр өтчү тротуарлар унутта калганын айтып кейиди.

- Жолдор тар экени эске алынышы керек. Соода борборлор Бишкектин четине деле салына баштаса жакшы болмок. Болбосо негизги жолдор менен жүрүү такыр эле болбой калды. Жайнаган кафе, соода-түйүндөргө келгендер жолдун ортосунда токтоп кирип кетишет. Баягы эле капчыктуулар көрүнүктүү жерлерден жер сатып алышат.

“Дордой плаза” аталган соода түйүндөн анча алыс эмес жерде бир жылдан бери салынып жаткан имарат да эс алуучу жайга эсептелген. Жолдун четине чейин чыгып кетерине аз калган курулуш аяктаган соң шаардыктардын кыжырдануусун жаратпаса эле болду дешет ары-бери өткөндөр. Бир канча жылдан бери чет өлкөдө жашап келген Евгений аттуу жаран “курулуш катуу жандана баштаганын байкадым” дейт.

- Соода-жайлардын, бизнес борборлордун, эс алуучу жайлардын салынышы жакшы эле. Мамлекетке каражат түшөт, жумуш орундары түзүлөт. Мындай тенденция башка мамлекеттерде деле бар. Бирок ал шаарда же райондо жашаган адамдар үчүн ыңгайлуу болушу шарт.

Шаарга окшошпогон Бишкек

Тургундар борбордун эртеңкисин ойлобогон шаар бийлиги башаламан жерлерге уруксат берип жатканын айтышат. Студент кыз Айгерим буларды белгиледи:

- Жөнөкөй жарандар жер алалы дешсе, чоңдор мыйзамды гана сүйлөп туруп алышат. Өздөрү болсо каалагандай сатышат. Эгер эч ким иштегиси келбесе, анда баарыбыз эле каалаган жерге каалаган нерселерди салып жашай бербейлиби? Акчалуулар эле жыргай берсинби?

Жакынкы жылдары дагы бир бизнес мекеме апрель ыңкылыбында өрттөлүп кеткен Башкы прокуратуранын ордуна салынарын калаа башчысы Кубанычбек Кулматов жарыялады. Бирок Бишкек архитектура кызматы башчысынын орун басары Канатбек Анарбеков эч кандай курулуш пландала электигин айтты.

- Мэр Кубанычбек Кулматов кайсы борбор туурасында айтып жатканынан кабарым жок экен. Менин билишимче, күйүп кеткен имаратка карата эч кандай тапшырма бериле элек болчу.

Бизнес ассоциациясынын курулуш комитетинин төрагасы Элдар Абакиров Бишкекти ирээтке келтирүү архитектура, мэрия баш болгон муниципалдык кызматтардын колунан келерин белгилейт. Айтымында, курулуш компаниялар эл көп топтолгон жерлерге имараттарды салууга кызыкдар. Абакиров башаламан уруксат бергендердин айынан карапайым адамдар зыян тартууда деген ойдо.

- Негизи жалпы курулуштун баасы кымбат. Булар ошол жерден максималдуу түрдө киреше көрөйүн деп ар бир чакырымды колдонушат. Акыры автоунаа токтоочу жайлар эске алынбай калып жатпайбы. Комплекстердин курулушу аяктаган соң айланасы тар болуп калат.

Адистердин айтымында, барган сайын кеңейип жаткан шаардын инфраструктурасын шаар бийлиги колго алалбай жатат. Кезинде көмүскөдө сатылган жерлердин кесепетинен “кожоюн” аталгандар эки барак кагазды көрсөтүп курулуш башталып келгени белгиленет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG