Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Бостеридеги окуянын күнөөлүүсү аныктала элек


Бостеридеги пляж
Бостеридеги пляж

Ысык-Көлдүн Бостери айылында 4-июлда болгон чуулгандуу окуядан кийин абал тынч, бирок күнөөлүүлөр аныктала элек. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жалил Илиппаев маалымат жыйынында билдирди.

Тартип коргоо органдары менен жергиликтүү тургундардын ортосундагы жаңжалдан ок жеген эки жигиттин жакындары балдар эч күнөөсүз жараат алганын айтышууда.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы Бостериде абал тынч экендигин айтып, туристтик сезондо коопсуздукту сактоо иши колго алынганын билдирип чыкты.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жалил Илиппаев 4-июлдагы кагылышууда кимдин күнөөлүү экендигин атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатканын, козголгон кылмыш иштери Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгенин жарыялады:

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жалил Илиппаев (оңдо) жана Ысык-Көл районунун акими Нурлан Насирдинов маалымат жыйынында.
- Иш козголду. 234-берене, "ээнбаштык" деген айып менен иш козголду. Мындан тышкары кызматтык абалдан ашкере колдонуу беренелери боюнча иш ачылды. Текшерүү учурунда булар иликтенет. Балким башка да кылмыштын өңүтү болушу мүмкүн. Же жок да болушу мүмкүн. Ошондо баарына айып угузулуп, сотко жиберилет.

Жалил Илиппаев жараат алган балдар менен аларга ок ачкан эки милиция кызматкерлери бири-бирине эч бир доомат койбой турганын айтышып, тил кат жазышканын да кошумчалады.

Ким күнөөлүү?

Расмий маалымат боюнча, 4-июлда Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын эки кызматкери Бостери айылындагы "Асыл-Таш" пансионатында мыйзамсыз акча өндүрүп жатат деп шектелген 7-8 адамды кармоого барышкан.

Эки ортодо орун алган тирешүүдө Бостери айылынын эки тургуну Нурбек Ибраев менен Талант Акбашев буттарына ок жешкен. Ички иштер министрлиги тартип коргоо кызматкерлери өздөрүнүн өмүрүн сактап калуу үчүн жана күтүлбөгөн кылмыштарды алдын алуу максатында курал колдонууга аргасыз болушканын ырастаган.

Бирок ок жаңылган тургундардын жакындары балдар эч күнөөсүз окко кабылганын айтышууда. Ок жеген Талант Акбашевдин атасы Үмөт Акбашев чуулгандуу окуяда баласынын күнөөсү жок экендигин “Азаттыкка” билдирди:

- Ал баламдын акча өндүрөйүн деген бир грамм ою жок. Ал өзү деле жакшы кызматта иштейт. Ал Бишкектен келгенине эки-үч эле күн болгон. Анан кетип баратып, ошол окуяга кабылып калып жатпайбы. Мурунку төртүнчү, үчүнкү күнү келген. Анан эки күн, үч күн үйдө жүргөн. Бир жолдош балдары Бишкектен келген. Ошолор менен көлгө түшөбүз деп барып, ошого кабылып жатпайбы. Ал ортого түшө койгон. Бишкектик жолдошторунун бирөө "мага ок тиймек, мени тосом деп ок жеп алды" деп айтып жатат.

Баламдын акча өндүрөйүн деген бир грамм ою жок. Ал өзү деле жакшы кызматта иштейт. Ал Бишкектен келгенине эки-үч эле күн болгон ...
Учурда жараат алган эки жигит, аларга ок атты делген эки тартип коргоо кызматкери жана кагылышууну токтотуу учурунда жаракат алган жергиликтүү участкалык милиция Бишкекте дарыланып жатат.

Окуянын чын-бышыгын билүү үчүн жараат алган эки жигит жаткан Бишкектеги Травмотология жана ортопедия борборуна баш бакканыбызда, бул багытта комментарий берүүдөн баш тартышты.

Аталган борбордун жетекчи орун басары Илич Абулгазиев ок жеген балдардын абалы тууралуу буларды ачыктады:

- Эки бала 5-июлда келген: Акбашев Талант, Ибраев Нурбек. Ысык-Көлдөн бери алып келгенге кыйналып калышкан, бир күн реанимацияда жатышты. Абалдары жакшы болуп калганда кечээ бөлүмгө котордук. Азыркы абалдары орточо, жарааттар жакшы болгондон кийин буттарына операция жасалат.

Бүдөмүк жагдайлар

Бостеридеги окуядан кийин жараат алган адамдардын кылмыштуу топторго тиешеси, милиция кызматкерлеринин мас абалында болгону тууралуу айың-кептер интернет баракчаларына таркап кеткен.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы окуянын күңгөй-тескейи иликтөөнүн жыйынтыгында гана белгилүү болоорун, резонанс жараткан бул окуя аймактагы туристтик сезонго терс таасирин тийгизбеши жана мындай учурлар кайталанбашы үчүн коопсуздук чаралары көрүлүп жатканын билдирүүдө.

Деген менен жергиликтүү балдарга ок аткан тартип коргоо органдары Бишкектеги борбордук аппаратка баш ийгенине карабастан, эмне себептен Ысык-Көл облусунда болуп калганы, эмне үчүн буттарына ок жеген тургундар, аларды аткандарга карата "дооматым жок" деп тил кат жазып бергени азырынча белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG