Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

Уу көмүр чуусу басаңдай элек


Кыргызстанда Казакстандан сатылып келген уу көмүрдүн чуусу уланууда. Радиациялуу көмүр таратылган мектептерде иштегендердин айрымдары саламаттыгы начарлаганын ырастоодо.

Токмок шаарынан жогору тоо этектей орун алган Он бир жылга айылында эки миңдей адам жашайт. Айылдагы жалгыз орто мектепте Он бир жылганын теребелиндеги эки кыштактан 500дөн ашык окуучу келип-кетип окуйт. Өткөн жылдын сентябрь айында Казакстандын Кулан көмүр кенинен 30 тонна кара отун дал ушул мектепке түшүрүлөт.

Эч нерседен капары жок мектептин жамааты октябрь айынан тарта көмүрдү жага башташат. Мектеп директору Чынаркан Маанаеванын айтымында, эки-үч күн жагылган соң уулуу экени билинип, жогору жактан токтотуу тууралуу буйрук түшкөн экен. Бирок ошол көмүр жагылган учурдан тартып мектепте от жаккыч болуп иштеген төрт адамдын саламаттыгы начарлап, мурдунан кан кете баштаптыр.

От жаккычтардын бири Баатырбек Курманбаев:

-“Суук башталды, көмүр жага бергиле” деп буйрук келгенден тартып эле жага баштадык. Үч-төрт күн өткөн соң эле мурдубуз канап, башыбыз айланып, кускубуз келип, өзүбүздү жаман сезе баштадык. Көмүрдүн сапаты начар болгону аз келгенсип, жыты да абдан каңырсып, жанына туруу кыйын экен. Биз мунун радиация болгонун билген жокпуз. Мектеп директору деле билген жок. Кийин гана жогору жактан буйрук келип, "токтоткула" деген соң гана билип отурбайбызбы. Бирок ал учурда кеч болуп калган эле. 30 тонна көмүрдөн 10 тоннага жакыны жагылып кеткен эле.

Ошол бойдон 20 тоннага жакын уулуу делген көмүр мектептин көмүрканасында сакталып турат. Андан чыккан күл ачык жерде мектептин дааратканасынын жанында төгүлүптүр. Мектеп окуучулары ары-бери каттаган жол жана даараткана дал ушул жерде жайгашкан экен.
Көмүрдүн сапаты начар болгону аз келгенсип, жыты да абдан саңырсып, жанына туруу кыйын экен.

Айылдын калкы бул көмүрдү чыгарып кетүүнү талап кылса да, төрт айдан бери айыл аймагында жатат. Айла кеткенде жергиликтүүлөр өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго кайрылышкан. Бирок маселе чечилбей жатканын аталган айыл башчысы Закир Артыкбаев айтууда:

- Биздин мектепте 500дөн ашык окуучу окуйт. Коңшу айылдардан да келип окушат. 60 орундуу бала бакча бар. Ооруп жаткан от жаккычтардын балдары бар. Булар оорукчан болуп калса эмне болот? Кудай сактасын, балдарга радиациялык нурлануу өтө турган болсо эмне болоорун билбейбиз. Көмүркана даараткананын жанында, балдар келип кетип эле жатышат. Жогору жактагылар "азыр алып кетет, анан алып кетет" деп жатышып, октябрда алып кетүүчү көмүр февралга чейин жатат.

Айыптуулар аталабы?

Бул көмүрдүн радиоактивдүүлүгү жогору болгонун декабрь айында мекемелер аралык комиссия аныктап, чукулунан Казакстанга кайтарып берүүнү сунуштаган. “Таза табигат” бейөкмөт уюмунун төрайымы Анара Дауталиева бул көмүрдүн радиоактивдүүлүгү кадыресе деңгээлден 6 эсеге жогору болгонун белгилейт:

- Мекемелер аралык комиссия бул көмүрдүн радиоактивдүүлүгүн изилдеген. Анын жыйынтыгында Чүй районунда Кулан көмүрү түшкөн 14 мектептеги орточо радиоактивдүүлүктүн деңгээли 150-160 микрорентген болуп жатат. Ал эми Кыргызстанга 25 микрорентген ылайык.

Кулан көмүрү Чүй райондук акимчилигинин тендеринин негизинде сатылып алынган. Тендерде жеңген "Импекс эс-эй" аттуу ишкана Кулан көмүр кенинен ташып келет.

Чүй районунун акими Ноокат Мааткеримовдун билдиришинче, учурда тендерди өткөргөн комиссиянын 11 мүчөсү прокуратурага сурак берип, ал эми аталган ишкананын директору камакка алынды. Мындай маалыматты Башкы прокуратура да тастыктады.

Эмне себептен уулуу көмүр төрт айдан бери мектептерден чыгарылбай жатканын аким Мааткеримов төмөнкүчө түшүндүрүүдө:

- Көмүр уулуу болгону тууралуу маалымат дайын болгон соң бизге облус жана республикадан “бардыгы аягына чейин такталып бүтмөйүнчө көмүргө тийбегиле" деген буйрук келген. Ошондуктан өкмөттүн чечимин күтүп турдук. Эми чыгаруу боюнча чечим чыккан соң гана чара көрө баштадык.

Ал эми Жогорку Кеңештеги "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Казакстандан уулуу көмүрдүн ташылып келишине түздөн-түз жоопкер катары өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун атын атады. Өкмөттүн маалымат кызматы Ташиевдин дооматтарын четке кагып, Башкы прокуратура текшерип чыгышын талап кылууда.

Ал ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнтөн баштап Чүй облусуна социалдык жайларга таратылган көмүр сыртка чыгарылып кете баштаганын кабарлады. Бирок бул көмүр кайда ташылат, казак тарап аны кайтарып алууга макулбу, ортодо сарпталган каражатка ким жооп берет? Бул суроолордун башы ачык бойдон калууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG