Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Коалиция качан түзүлүп бүтөөрү дале арсар


Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны. 10-ноябрь, 2010-жыл.
Жогорку Кеңештин алгачкы жыйыны. 10-ноябрь, 2010-жыл.

КСДП коалиция курамы дүйшөмбү күнү билдирилээрин айтканы менен парламенттик коалиция түзүү маселеси али арсар бойдон калууда.

Социал-демократтар партиясы коалициянын курамы дүйшөмбү күнгө карата белгилүү болот дегенине карабастан, азырга чейин коалицияга кирүү сунуш кылынган партиялар бир беткей жооп айтыша элек.

Күттүргөн жооптор...

Парламенттик көпчүлүктү түзүү милдети тапшырылган КСДПнын маалыматтары боюнча, коалиция куроо багытында сүйлөшүүлөр марасына жакындап калды. Партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Чыныбай Турсунбеков алар ушу тапта “Ата Мекен”, “Ата-Журт” партияларынан соңку жооп күтүлүп жатканын билдирди. Эгер бул экөөнөн оң жооп келсе, 29-ноябрда коалициянын тагдыры аныкталып калышы мүмкүн:

Чыныбай Турсунбеков
- Ачыгын айтыш керек. Сүйлөшүүлөр дале болсо уланууда, биздин убактыбыз өтө эле аз калганына карабастан. Биз “Ата Мекен” партиясынын фракциясынын жыйынын жообун күтүп жатабыз. Анкени алардын лидери бүгүн жыйын өткөрүп жообун бере турганын айткан. Андан сырткары “Ата-Журттун” дагы жообун күтүп жатабыз. Айтор азыркы кезде башка фракциялардын эң акыркы жоопторун күтүп жатабыз.


“Ар-Намыс” партиясы КСДП менен колицияга кошулуудан баш тарткандан кийин социал-демократчылардын алдында коалициянын үч варианты калган эле. Ал “КСДП -“Ата Мекен”-“Ата-Журт”, же болбосо КСДП -“Республика”-“Ата-Журт”конфигурациясы болмок. Дагы бир вариант катары КСДП -“Ата Мекен” - “Республика” менен биригүү ыктымалдуулугу бар.

Чыныбай Турсунбековдун айтымында, КСДП бул варианттардын ичинен алгачкы экөөнө үмүт кылууда. Мындан тышкары "Ар-Намыстан" башка төрт партиянын шериктешүү варианты да бар. Бирок бул өтө кыйынга туруучу иш экенин социал-демократтар өздөрү да мойнуна алууда.

Ал ортодо “Ата Мекен” партиясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов өз фракциясы бардык партиялар менен шериктешүүгө даяр экенин кабарлады:

- Өздөрү айтып жатпайбы. “Биз макулбуз, “Республика” менен келише албай жатат” деп. Биз эч ким менен келише албагандай шарт койгон жокпуз. "Кел отургула, мынакей" деп чакырса биз ар дайым даярбыз отурууга.


Мөөнөт аягына жакындоодо


Өз кезегинде “Ата-Журт” да КСДПдан оозеки гана сунуш түшкөнүн, бирок расмий кайрылуу боло электигин "Азатыкка" ачыктады. “Ата-Журт” партиясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев расмий кайрылуу болсо, коалицияга кирүү-кирбөө жагы 29-ноябрда аныкталышы мүмкүн дейт:

- Бизге оозеки эле түшүп жатат да, сунушчу. Биз айтып жатабыз, бизге расмий түрдө бербейсиңерби депчи. Негизги маселенин баары, эртең, (29-ноябрда) каралат. Анткени эч ким деле чындап келгенде биригүүгө толук даяр эмес. Эртең тигилер расмий түрдө айтса, анан кийин биз эртең фракцияда карап жообубузду айтабыз.


Ошентип, коалиция түзүүгө берилген 15 календардык күндүн он күнү артта калууда. Бул милдет жүктөлгөн Социал-демократтар дүйшөмбү күнү түштөн кийин президентке коалициянын курамын жарыялап, Жогорку Кеңештин жыйынын 1-декабрда чакыруу ниетин жар салып жиберишти. Акыркы окуялар көргөзгөндөй, дүйшөмбү күнгө карата коалициянын башы али ачылбай турат.

Бир катар серепчилер парламенттик көпчүлүк түзүлбөй да калышы ыктымал деп айта баштады. Андай болгондо өлкө президенти Роза Отунбаева бул милдетти “Ата Мекен” партиясына берээрин мурда эле билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG