Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Коалиция түзүүнүн машакат жолунда


Кыргыз парламентинин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.
Кыргыз парламентинин алгачкы жыйыны, 10-ноябрь.

Парламентте башкаруучу коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки фракция премьер-министрдин, эки фракция спикердин кызматын көздөп жатканы белгилүү болду.

Парламентте коалиция түзүүнүн экинчи мүмкүнчүлүгү берилген “Республика” фракциясы бул жумада бардык фракциялардын жумушчу топтору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

"Ата-Журт" менен "Ата Мекен" төрагалыкты талашабы?

"Республика" партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиевдин айтымында, биринчи күндөн тарта эле кеңири коалиция түзүү боюнча аракет жүрүп жатат. Жумушчу топтордун сүйлөшүүлөрүндө эки фракция премьер-министр кызматын, эки фракция спикерлик кызматын сурап жатканы белгилүү болду.

Досалы Эсеналиев кайсыл фракциялар кандай шарт же сунуш берип жатканын конкреттүү айткан жок. Бирок “Азаттыктагы” маалыматтар боюнча, спикер кызматын “Ата-Журт” жана “Ата Мекен” фракциялары, ал эми өкмөт башчылыкты “Ар-Намыс” жана СДПК партиялары сурай турганы белгилүү.

Социал-демократтар партиясынын координатору Фарид Ниязов алар тарабынан Өкмөттү жетектөө жөнүндө маселе милдеттүү түрдө коюлбагандыгын, бирок коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдө “Республика” фракциясы менен принципиалдуу ажырым көз караштар жок деп билдирди.

Ташболот Балтабаев
“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ташполот Балтабаев “Ата Мекендин” коалициядагы орду кандай болору жөнүндө “Республика” партиясы менен ачыкталган сүйлөшүү боло электигин билдирди. Анын айтымында, “Ата Мекен” партиясы ошол эле учурда парламент спикеринин кызматын алуу ниетинен кайта элек, бирок буга Жогорку Кеңештин азыркы регламенти жол бербейт.

- Ошондуктан биринчи регламентти азыркы шартка туура келбейт деген негизде оңдоп туруп, ошондон кийин гана коалицияга кирсек деген ой бар, - деди Т. Балтабаев.

Аталган депутаттын баамында, дүйнөлүк тажрыйба боюнча коалиция түзүүдө адегенде фракция лидерлери негизги маселелер боюнча чечишип алып, андан кийин калган майда-баратын жумушчу топторго тапшырышат. Ал эми “Республика” фракциясы принципиалдуу маселелерди чече албай жатып, жумушчу топтор менен иштеп жатканын натыйжалуу болот деп айтыш кыйын.

"Сүйлөшүү татаал болсо, коалиция бышык болот"

Конституциялык маселелер боюнча эксперт Данияр Нарымбаев парламентте коалиция түзүү боюнча оош-кыйыштарды өз жолу менен кетип бараткан мыйзам ченемдүү процесс деп белгилейт. Анын баамында, биринчи жолку аракеттер оңунан чыкпай калганы партиялар үчүн ачуу сабак болуп калды, эми экинчи жолкусунда фракциялар мурдагыдан акылдуурак болушу кажет:
Данияр Нарымбаев

- Коалиция түзүү абдан татаал маселе. Парламенттик система абдан өнүккөн өлкөлөрдү деле карап келсек, аларда коалицияны түзүү жана анын туруктуу болушу абдан чоң проблема. Бул абда туура. Себеби дегенде биз ушул коалицияны түзүп жатканда кылдат болуш керек. Премьер ким болот, спикер ким болот, министрлер ким болот, алар кандай иштейт, кайсыл программаны көздөйт, бул абдан чоң маселелер да. Демек, канчалык татаал чечилсе, ошончолук бышык болот, ошончолук туура болот дегендикти билдирет.

Коалиция түзүүнү президент адегенде СДПК фракциясына тапшырган, ал жана “Республика” жана "Ата Мекен" фракциялары менен бириккен, бирок “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевди парламент төрагасына шайлоого келгенде тогуз добуш жетпей калып, коалиция чачырап кетти.

Ошондуктан үч фракция менен түзүлгөн коалициянын боосу бек болбой калат экен деген чочулоодон улам, “Республика” бардык фракциялар катышкан коалиция түзүүгө умтулууда. Ошол эле учурда бир катар саясатчылар жана эксперттер парламентте оппозиция бар болушу зарыл деген пикирди карманышууда. Ошондуктан парламенттеги коалиция төрт фракция менен түзүлсө, бир фракция оппозиция болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG