Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:15

Конституция коалициянын ыркын кетирди


Парламенттин шаршемби күнкү жыйыны адаттан тыш кызуу талаш-тартыш менен башталып, коалициядагы фракциялар бири-бирин андан чыгып кетүүгө чакырганга чейин барышты.

Кырчылдашкан кайым айтышуулардан кийин да орток пикир табылбай, коалициядагы фракция лидерлери түштөн кийин жабык жыйын куруп, сүйлөшүүлөрдү улантты. Анын натыйжасында коалициянын лидери шайланып, башка маселелер боюнча да орток пикир табылды, бирок Баш мыйзамды өзгөртүү маселесинде көз караштар ар башка калганы маалымдалды.

14-сентябрда эртең менен парламент жыйыны башталганда микрофон сураган КСДП лидери Иса Өмүркулов “атамекенчилер” коалицияда экенине карабай, бийликти сындап жатканын айтып, аларды башкаруучу көпчүлүктөн чыгып кетүүгө чакырды, көп узабай бул тизмеге ал “Өнүгүү-Прогресс” фракциясын да кошту.

- Эгерде “Ата Мекендин” Конституция боюнча принципиалдуу көз караштары болсо, коалициядан чыгып кеткенге толук моралдык укугу бар. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” Конституциянын айрым беренелери жана парламенттин комитет төрагалыгын шайлоодо каршылыгы бар болсо, алар дагы чыгып кеткенге укугу бар. Бизде регламент боюнча “коалициядан чыгарат” деген норма жок, бирок өздөрү чыгып кеткенге толук укугу бар жана аны пайдалана беришсин.

Өмүркулов эки фракцияга коалициядан чыгууну сунуштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:06 0:00

Оппозициянын күткөнү...

Коалициядагы чыңалуу оппозиция саналган “Республика - Ата Журт” жана “Бир Бол” фракциялары үчүн жагымдуу абал түзгөндөй. “Республика Ата-Журттун” лидери Өмүрбек Бабанов коалиция таркай турган болсо, жаңы биримдик боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин айта салды.

- Кайсы фракциянын принципиалдуу позициясы бар болсо, коалициядан чыгып кеткиле. Мен КСДП фракциясына дагы айтам - конституциялык реформа бул принципиалдуу маселе. Бир комитеттин төрагасын ич ара шайлай албай, талашып жатасыңар. Бул өтө уят нерсе. Маалында бизди коалицияга киргизбей, бизге бир дагы комитет төрагалыгын бербей койгон элеңер, ошонун кесепетин өз башыңар менен көрүп жатасыңар. Биз коалицияга киребизби-кирбейбизби, ал биздин принципиалдуу позицияларыбызга көз каранды, бирок биз сүйлөшүүлөргө даярбыз.

Бабанов: Эркиңер жетсе коалициядан чыгып кеткиле
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

Конституциядан комитетке

Башкаруучу көпчүлүктөгү фракциялар Баш мыйзамдан тышкары парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин башчылыгын да талашып жатышканы маалым болду. Аталган комитет квота боюнча КСДПга таандык болгону менен, “Өнүгүү-Прогресстин” лидери Бакыт Төрөбаев эми бул комитет алардын энчисине тийиши керек деген ойдо.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев ал комитетти Тынчтыкбек Шайназаров жетектеши керек деп, өз жүйөсүн “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү.

- Конституциялык мыйзамдар боюнча комитет КСДПнын квотасына таандык эле. Бирок кийин спикер КСДП фракциясынан шайланган соң, биз аталган комитеттин квотасы башка фракцияга берилиши керек деп демилге көтөрдүк. Тилекке каршы коалиция менен ушул маселенин үстүндө жыйын өткөрө албай койдук. Ошондуктан мен коалициядагы фракция лидерлерин бир столго отуруп сүйлөшүүгө чакырып жатам.

Төрөбаев: Коалиция де-факто жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:32 0:00

Жабык жыйындагы чечимдер

Коалициядагы фракция лидерлеринин түштөн кийинки жабык сүйлөшүүлөрүнөн соң Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине төрага шайлоо жалпы депутаттардын элегине салынаары маалым болду. Бул орунга “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Тынчтыкбек Шайназаров жана социал демократтардан Асел Кодуранованын талапкерлиги көрсөтүлмөкчү.

Коалиция ушу кезге чейин башкаруучу көпчүлүктүн төрагасын да шайлай албай келген. Жабык жыйында бул орунга “Кыргызстан” фракциясынын башчысы Канат Исаев бекитилгенин маалымдашты. Ал Чыныбай Турсунбеков спикерликке шайлангандан бери бош турган эле.

Коалициядагы фракция лидерлеринин бет маңдай сүйлөшүүлөрүнөн кийин парламенттеги көпчүлүк ошол эле курамда иштерин уланта бере турганы айтылды.

Исаев-Төрөбаев: Коалиция бузулган жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:17 0:00

Ал эми Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесине караманча каршы болуп келе жаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев коалициядагы лидерлердин жабык жыйынынан соң анда каралган маселелер боюнча пикирин билдирген жок. Текебаев 15-сентябрда атайын маалымат жыйынын өткөрүп, коалиция, Баш мыйзам тууралуу өзүнүн оюн ортого сала турганы кабарланды.

Парламенттеги түшкө чейинки кайым айтышуулар учурунда “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев коалициянын ички келишими сакталып келе жатканын белгилеп, ошол эле учурда фракциянын Конституцияны өзгөртүү маселесинде пикири өзгөрбөсүн айткан.

- Бизде коалициядан чыгып кетүүгө себеп жок, анткени биз бардык коалициялык келишимди сактап келе жатабыз. Бирок коалициялык келишимде бардыгыбыз референдум өткөрүү жана Конституцияны өзгөртүү демилгесин колдошубуз керек деген пункт жок.

Текебаев: “Ата Мекен” коалициядан чыкпайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:13 0:00

Азыркы парламенттеги коалиция 2015-жыл күзүндө түптөлүп, анын курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары кирет. Ал эми “Республика - Ата Журт” жана “Бир Бол” фракциялары расмий оппозицияда деп саналат.

XS
SM
MD
LG