Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Бийликтин партиясы коалицияны бузду


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Парламентте башкаруучу коалиция тарады. Буга КСДП фракциясынын коалициядан чыгып кетиши себеп болду.

Башкаруучу фракция өз кадамын “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикирлери келишпей калганы менен түшүндүрдү. Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов:

- Биз парламентте оппозиция-позиция болуп калдык. Мындай коалициянын жашоосу узак болбойт. Биз улутташтырган мекемелерге коалиция өкүлдөрүнүн катыштыгы жок деп, ишенгибиз келген. Бүгүн ал жөнүндө айтылып жатат. Азыр биз ушундай чечим кабыл алдык.

Ошондой эле КСДП расмий билдирүүсүндө “айрым өнөктөрүбүздүн мародерлукка катыштыгы толук териштирилип бүткүчө алар менен бир коалицияда болбой турууну туура таптык” деп жазылат.

КСДП фракциясынын депутаттары.
КСДП фракциясынын депутаттары.

Социал демократтардын келтирген жүйөсүн “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жөн гана шылтоо, а чынында ага Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен келип чыккан саясий кызыкчылыктар негиз болду деген пикирде. Текебаевдин оюнча, КСДП коалициядан чыгаардан мурда премьер-министрдин жана өкмөттүн ишине баа берилиши керек эле:

- Коалициянын мамилеси боюнча бир да жолу коалиция жыйынында көтөрүлүп, чечүү жолдорун издеген эмеспиз. Фарид (Ниязов) менен Икрамдын (Илмиянов) кеңсесине кирип эле отчет бергени болбосо, расмий саясий орган болгон коалицияда маселени чечкенге аракет болгон жок. Ошондуктан партиядан тыш турган президенттин аппараты, Фарид жана Икрам жүргүзүп жаткан конституциялык өзгөртүүлөргө “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” каршы деп коалицияны таратуу - бул коалициялык келишимге туура келбейт. Бул болгону шылтоо деп эсептейм.​

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев КСДПнын көпчүлүк коалициядан чыгуу чечимин өзүмбилемдик катары сыпаттады. Фракциясынын басма сөз кызматы Төрөбаевдин атынан тараткан билдирүүдө: "КСДП коалициянын тагдыры боюнча маселени өз билгениндей чечип жатат. Кийинки коалициянын курамында ким болорун да алар эбак чечип коюшкан. Иса Өмүркулов коалициядан чыгуу себебин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы менен болгон келишпестикке шылтады. Мен эскертип кетким келет, парламенттин ар бир депутаты өзү туура деп эсептегенин тандоого укуктуу – бул конституциялык норма. Башкача айтканда, пикирлердин ар кандай болушу - демократиянын жана парламентаризмдин өзөгүн түзөт. Оппозицияда калсак да, багытыбыздан тайбайбыз" - деп айтылат.

Саясий оппоненттер ынтымакка келеби?

Саясий оппоненттер ынтымакка келеби?

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев башкы саясий оппоненти, президент Алмазбек Атамбаев экөөнүн ортосундагы саясий чыңалууну басаңдатууга мүмкүн экенин, бирок мунаса табылбай турган маселелер бардыгын билдирди.

Буга чейин КСДП жана “Ата Мекен” фракцияларынын ортосунда тиреш күчөп, бири-бирин коалициядан чыгууга үндөп келишкен эле. Эми талдоочулар кийинки коалиция жана ал түзгөн өкмөт кандай болот деген суроонун айланасында ар кандай божомолду айтып жатышат. Саясий серепчи Эмил Жураев, буга чейин болжолдонуп кедгендей эле, "Республика - Ата Журт", "Кыргызстан" КСДП менен чогуу жаңы коалиция түзөт деп ишенет:

- Конституциялык референдумду өткөрүү тууралуу добуштар берилиши керек. Парламенттин ичинде социалдык, экономикалык бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынышы керек. Буларды эске алганда КСДП бул курамды бузуп, жаңы, бекемирээк, өз ара ынтымагы жакшы коалиция түзүүгө аракет кылып жатат. Менин оюмча ал "Республика-Ата Журт", Кыргызстан менен түзүлөт.

Ал эми бул коалиция Баш мыйзамдагы өзгөртүү, саясий кызыкчылыктардан улам ыдырагандыктан өкмөт курамында чоң өзгөртүүлөр деле күтүлбөйт дешет байкоочулар.

- Логика боюнча өкмөт ушул эле бойдон калышы керек. Себеби алдыда кышка даярдануу турат. Бирок, биримдикке партиялар өз шарттары менен келишет. Балким Бабанов өкмөт башчы болом деп калышы мүмкүн. Азыр божомолдоп айтыш кыйын, - дейт политолог Марс Сариев.

Ошол эле учурда байкоочулар “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Мекен”, "Бир Бол" сыртта калса, парламентта күчтүү оппозиция түзүлөөрүн белгилешүүдө.

Ыдыраган коалиция 2015-жыл күзүндө түптөлүп, анын курамына КСДП, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциялары кирген. Ал эми оппозицияда калган “Республика - Ата Журт” жана “Бир Бол” фракциялары бийликке көз каранды күчтөр катары сындалып келген.

XS
SM
MD
LG