Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:50

"Жайшүл махдинин" соту жылдарды карытууда


Спорт сарайынын алдындагы жарылуу болгон жер. Бишкек, 30-ноябрь, 2010. (Жайшүл махди" мүчөлөрү ушул жарылууга да тиешеси бар деп айтылууда.)

Спорт сарайынын алдындагы жарылуу болгон жер. Бишкек, 30-ноябрь, 2010. (Жайшүл махди" мүчөлөрү ушул жарылууга да тиешеси бар деп айтылууда.)

Октябрь райондук соту террорчул уюмдардын тизмесиндеги "Жайшүл махди" тобунун ишин карап баштаганына эки жылга аяк басты.

Кыргызстан аймагында катталган бир нече өтө оор кылмыштар үчүн айыпталып жаткан бул топко байланыштуу соттук териштирүү башталганына июнда эки жыл болот. Быйыл бүтөөрү да арсар. Соттун узакка созулушун адистер террорчулукту иликтөө татаал иш экенин айтышса, кылмышка шектүүлөрдүн адвокаттары айып далиденбей жаткандыгын жүйөөгө тартууда.

Сот жообуна "Жайшүл Махди" тобунун 26 жаштан 42 жашка чейинки курактагы ондон ашык мүчөсү тартылууда. Алар үч жыл мурдагы Спорт сарайындагы жардырууга, Сокулук айылында АКШ жаранына кол салууга, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын короосуна жардыргыч заттар салынган автоунааны калтырууга, Октябрь райондук милициянын үч кызматкерин атып өлтүрүүгө, Арашандагы Коопсуздук комитетинин атайын операциясында “Альфа” тобунун кызматкеринин өлтүрүлүшүнө тиешеси бар деп саналууда. Бул окуяларга байланыштуу Коопсуздук комитети камактагыларга Кылмыш кодексинин терроризм, диний касчылыкты козутуу, мыйзамсыз куралчан топ уюштуруу жана ага кирүү, киши өлтүрүү сыяктуу көптөгөн беренелер боюнча 2010-жылы кылмыш ишин козгогон.

Айыпталуучулардын адвокаттарынын бири Марат Абдылдаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, сотто жабырлануучулар жана күбөлөр али суралып бүтө элек. Судья Эрнис Чоткараев жетектеген сот отуруму аптасына эки ирет өтөөрү белгиленгени менен, ар кандай себептерге байланыштуу көп учурда болбой калууда. Иштин өтө жай жылып жаткандыгын эске алганда сот быйыл да бүтпөй калышы мүмкүн дейт адвокат.

Дагы бир адвокат Акин Токталиев иштин создугушун далилдердин жетишсиздигинен деп эсептейт:

- Терроризм жок. Бейбаштык, кол салуу эле бар. Эгер ушул беренелер менен кеткенде сот эчак бүтмөк. Булар террористтерди, терроризмди далилдейбиз деп эле эси ооп атышат.

Анткен менен Фергана өрөөнүндөгү тынчтык жана коопсуздук маселелерин иликтөө боюнча эл аралык маалымат-аналитикалык борборунун башчысы Бегижан Ахмедов терроризмге байланышкан кылмыштарды изилдеп, далилдөө узак мөөнөттү талап кылган татаал жана машакаттуу иш дейт, бирок адатта мындай создугууну айыпталуучулар өз кызыкчылыгына пайдаланууга далалат кылышат.

Коопсуздук кызматынын кайрылуусунун негизинде Биринчи май райондук соту өз чечими менен "Жайшүл Махди" тобун Кыргызстандагы тыюу салынган радикалдык террорчул уюмдардын катарына кошкон.

Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы антитеррордук борбордун башчысынын орун басары Таалай Жапаровдун айтымында, "Жайшүл Махди" - радикалдык, террорчул уюмдардын жаңы пайда болгон түрү. Ал интернеттеги маалыматтардан таасирленип, кыргызстандык жыйырма чамалуу адамдан түзүлгөн жана Тахрир-жихад багытындагы кыймылдын тутумуна кирет. Бул өңдүү топтор улам жаңырып түзүлө бериши мүмкүн:

- Аттарына маани бериштин кереги жок. Эртең бирөө Ансарулох, бүрсүгүнү дагы бири Иншаллах, Ислам жоокерлери деген сыяктуу аттар менен түзө бериши мүмкүн.

Бегижан Ахмедов мындай кооптуу уюмдар динге катуу берилген адамдарды бат эле айланасына топтоп, “рак илдети сыяктуу эле жайылып кетиши ыктымал” дейт. Адистин баамында, бул өңдүү Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтире турган факторлор көп:

- Алардын катарында мисалы, биринчиси, террористтер, сепаратисттер, үчүнчүсү, радикалдуу диний-экстремисттик агымдар жана топтор, улутчулдар бар. Анан Орусиянын, Американын аскерий базаларынын тегерегинде геосаясий оюндар болуп жатат. Бизде наркотрафика деген татаал маселе бар.

Мына ушул өндүү факторлордун кайсы биринин жанданышына жол бербөө жана азыркы стабилдүүлүктү сактоо мамлекеттик коопсуздук системасынын колунда дейт адис.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG