Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Июнь коогасын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Бүгүн депутаттык комиссия соңку жыйынга чогулат экен, оболу айта кетсеңиз, эмнени талкуулайсыздар? Иликтөөнүн корутундусун качан жарыялаганы жатасыздар?

Туратбек Мадылбеков: Ишибизди бүтөйүн деп калдык. Бүгүнкү жыйыныбызда эми дагы кайсы жактары калды, эмнеси айтылбай калды деп тактап чыгабыз.

Июнь коогалаңы 7-апрелде башталган. Ага чейин эле башталган деп койсок болот. Ошон үчүн биздин комиссия 7-апрелге чейинки абалды иликтеп, 7-апрель эмнеден пайда болду деп терең талдабасак анда ишибиздин башы жоктой болуп калат. Биздин комиссия негизинен туура, так, тарыхый-саясий чечимдерди чыгарышы керек.

“Азаттык”: Ошондо корутундуну качан жарыялап каласыздар?
Биз бир эл экенибизди билип, 90-жылга чейин кандай жашап келсек, ошондой жашоо-турмушту улантышыбыз керек.


Мадылбеков: Дагы он күндөй керек. Буйруса майдын аяк чендеринде, 20-25теринде жарыялап калабыз го.

“Азаттык”: Буга чейин Улуттук комиссия, андан кийин Эл аралык комиссия июнь окуяларын иликтеп, баасын берип, сунуштарын айткан. Улуттук комиссиянын корутундусу парламентте катуу талкууга алынган эле. Сиздердин иликтөөңүздөрдө мына ушул эки комиссия айтпай кеткен, көңүл бурбай калган жагдайлар болобу?

Мадылбеков: Биз биринчи Улуттук комиссия чыгарган корутундуну укканбыз. Ал жерде көп жагдайлар камтылбай калган. Биз ал жагдайларды өзүбүздүн иликтөөбүздө камтыдык.

“Азаттык”: Мисалы?

Мадылбеков: Мисалы, ал жерде коога эмне себептен болгонун, анда кимдер туура эмес иштеген деген жактарды карадык. Ошол убакта ар бир жетекчинин милдети болгон. Ошол милдеттерди кандай аткарган деп ошого тереңирээк баа беребиз. Анткени кептин баары ошондо болуп жатат. Мисалы, тартип коргоо органдарын ала турган болсок, алардын иши тууралуу алынган маалыматтарга баа берилбей калган. Биз болсо аларды көрсөтүп беребиз.

Эл аралык комиссиянын корутундусунда бир жактуу маалыматтар чогулгандай болуп калып жатат. Биз эки жакты тең бирдей карадык, өзбек улутундагылар күнөөлүү болсо аларды айтабыз, кыргыз улутундагылар күнөөлүү болсо аларды да айтабыз.

“Азаттык”: Ошондо конкреттүү адамдардын аттары аталабы?

Мадылбеков:
Ооба, аталат.

“Азаттык”: Комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен парламент кандай чара көрөт?

Мадылбеков: Биз саясий баа беребиз. Биз тергөө же тартип коргоо органдары эмеспиз. Корутундуну президент Роза Отунбаевага, өкмөткө беребиз. Алар ошонун негизинде чечим кабыл алышы керек.

Экинчиден, тергөө учурунда камтылбай калган, жоопкерчиликке тартылбаган жетекчилер болсо аларды кайра карап чыгып, жоопкерчиликке тартуу маселесин койобуз.

Үчүнчүсү, чоң-чоң чиндерди алып алышкан аткаминерлердин маселесин көтөрөбүз. Анткени бул жакта бүлгүн болуп атса, мисалы генерал деген сыяктуу наам алууга моралдык укугу жок. Биз мындай наамдардын кайра алып салсын деп айтабыз.
Биз эки жакты тең бирдей карадык, өзбек улутундагылар күнөөлүү болсо аларды айтабыз, кыргыз улутундагылар күнөөлүү болсо аларды да айтабыз.


“Азаттык”: Ташкенттеги “Ош демилгеси” деп аталган уюм Кыргызстандан чыгып кеткен өзбек лидерлери жарашуу жараянынын бир бөлүгү болушу керек деп билдирүү таратты. Сиздин оюңузча жарашуу жараянын ийгиликтүү жүргүзүү үчүн эмне кылуу керек, атайын шарттар зарылбы?

Мадылбеков: Жарашуу жараянын башка бир мамлекет, же болбосо андай уюмдар аркылуу жасалма түрдө түзгөн болбой калат. Бул жасалма болуп калат. Негизинен акырындык менен эл ага өзү барышы керек.

Биз бир элбиз, түбүбүз бир. Ошондуктан эл өзү демилге көтөрүп, кошуна, көчө, айыл же район болуп жакшы мамиледе болушу керек. Мамлекет ага анча-мынча өбөлгө түзүп бериши керек. Ушул эле керек. Анан өздөрү менен өздөрү эле, бөлөк адамдарсыз эле жарашат.

“Азаттык”: Сиздер түштүктү кыдырдыңыздар. Элден жарашуу маанайды байкай алдыңыздарбы?

Мадылбеков: Жарашуунун белгилерин көп эле көрдүк. Кыргыздар тарапта да, өзбектер тарапта да туурасын сүйлөгөн адамдар болду.

Негизи элден да күнөө кетип калды, деп өздөрү сезип, кээ бир аксакалдар да биз ушуга убагында көңүл бурбай калдык деп айтып жатышты. Азыр эки эл тең сезди. Биз бир эл экенибизди билип, 90-жылга чейин кандай жашап келсек, ошондой жашоо-турмушту улантышыбыз керек.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG