Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Коммунисттер революцияны эскеришти


Акциядан бир көрүнүш
Акциядан бир көрүнүш

7-ноябрда Октябрь революциясына 96 жыл толду. “Октябрь революциясы” деген ат менен белгилүү социалисттик революция күнү постсоветтик өлкөлөрдөн Кыргызстан менен Беларуста гана расмий майрам катары бекитилген.

Кыргызстандык коммунисттер өлкөнүн булуң-бурчунда бул күндү белгилешти. Бирок календардан кызыл менен көрсөтүлгөн датаны алып салууну каалагандар да арбын, эмне күн экенин билбей майрамдагандар андан көп.

Дымактуу чакырыктар, куттуктоолор менен революцияны эскерген кыргызстандык коммунисттер Бишкектеги Ленин эстелигинин алдында митинг өткөрүп, гүл коюшту. Сөздүн негизги мазмунун социализмге үндөө, Советтер союзуна ностальгия түздү.

Беларуста бул күнү түрдүү иш-чаралар өттү
Беларуста бул күнү түрдүү иш-чаралар өттү
Бирин-серин жаштар, эки-үч өспүрүмдү кошпогондо чогулган кишинин көпчүлүгү пенсия курагындагылар. Абибулла Абдыгапаров үчүн бул дата көптү түшүндүрөт.

- Биз ошол учурда билим алдык, ишибиздин кесипкөйү болдук. Ошондуктан мен Октябрь революциясына, коммунисттик партияга ыраазымын. Жада калса ага милдеттүүмүн деп эсептейм. Мурда тоо-ташта жашасак кийин шаарларга ээ болдук, маданиятыбыз, искусствобуз өнүктү, театрлар курулду.

Лениндин, Сталиндин портреттерин көтөрүп, ураган системаны, анын идеясын мактаган лозунгдар менен чыккандар азыркы бийликке сын айта өтүштү. Алар эскини эскерип гана тим болбостон “социалисттик система кайтып келиши керек” деген ойлорду билдиришти.

Коммунисттер Октябрь революциясын эскеришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00


Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев “социализм эмне үчүн Кыргызстанга азыр дагы керек деп ойлойсуз?” деген сурообузга жооп берди.

- Албетте социализм ар учурда ар башка формада жашайт. Ал өзгөрүлгөн түрдө болушу мүмкүн. Бирок капитализмдин жыйынтыгындагы карама-каршылыктардан улам биз баары бир ага кайтып келебиз. Чыныгы демократия деген ошол социализмде болчу. Азыркы демократия башаламандык болуп калды. Учурдан пайдаланып, бардык кыргызстандыктарды улуу күн менен куттуктайм. Бул майрам келечекте өзүнүн ордун табат.

Ленин дүйнө салган күн, Пржевальск, 1924-жыл
Ленин дүйнө салган күн, Пржевальск, 1924-жыл
Коммунисттер же социализмдин жактоочулары 7-ноябрь мамлекеттик деңгээлде майрамдоого татыктуу күн деп эсептешет. Анткен менен Кыргызстанда бул дата, дегеле Октябрь революциясы өзүнүн маанисин жоготту деген демократтар, либералдар көп.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов революциянын натыйжасында Кыргызстан өнүккөн менен зыяндары артыкбаш болгондуктан бул датаны белгилөөнүн кажети жок деп эсептейт.

- 1916-жылы Үркүндө Кытайга качкан кыргыздар революциянын жыйынтыгында чогултулган. Бирок бардык байлар жок кылынып колхоздор түзүлгөн. Совет бийлиги бизди өнүктүрүп, жаңы нерселерди алып келген, китептер жазылган. Бирок кыргыздын каймактары өлтүрүлгөн. Бир түндө 120 алдыңкы кишини жок кылышкан. Жалпысынан 40 миң кыргызстандык жок болду. Революцияны бир беткей жакшы же жаман деп айта албай турабыз. Ошондон улам аны белгилөөнүн кереги жок. Календарда кызыл күн болгону чиновниктерге гана пайда, эс алышкан менен акчасы эсептеле берет. Карапайым калк болсо иштейт.

Лениндин Таластагы эстелиги, 18-апрель, 2013-жыл
Лениндин Таластагы эстелиги, 18-апрель, 2013-жыл
Октябрь революциясы, Октябрь көтөрүлүшү, Большевиктердин төңкөрүшү деген ар түрдүү ат менен белгилүү революция эски календарь боюнча октябрь айына туура келчү. 7-ноябрь азыр постсоветтик мамлекеттерден Кыргызстан менен Беларуста гана расмий белгиленип, дем алыш күн катары бекитилген. Учурунда СССРге кирген 15 өлкөдө чоң салтанат менен майрамдалып, Москвадагы аянтта эң чоң парад уюштурулчу. Ал парад акыркы жолу 1990-жылы өткөн. Аты өзгөртүлүп белгиленип жүрчү бул күн Орусияда азыр такыр жок. Кыргызстанда деле иш жүзүндө таасири жоголду десек болот. Алдымдан биринчи эле чыккан бишкектиктер бүгүн жумушка эмнеге барбаганын билишпейт.

1917-жылы 7-ноябрда Орусияда падышалык бийлик тактан кулап, анын ордуна Владимир Ильич Ульянов (Ленин) башында турган жумушчулар менен дыйкандардын Коммунисттер партиясы бийликке келген. Ошондон тарта Советтик социалисттик республикалардын союзу деген ири держава куралган. Курамына Кыргызстан кирген мамлекет 73 жылдан кийин кайра урады.

XS
SM
MD
LG